Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আদ-দুখান   আয়াত:
إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ مِيقَٰتُهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кыла турган кыямат күн – Аллах бүт макулуктарды чогултуу үчүн белгилеген убакыт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ لَا يُغۡنِي مَوۡلًى عَن مَّوۡلٗى شَيۡـٔٗا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Ал күндө жакын жакынына, дос досуна пайда келтире албайт жана алар өздөрүн Аллахтын азабынан коргой алышпайт. Анткени ал күндө бийлик Аллахка гана таандык болот. Эч ким ага ээ экендигин айтып чыга албайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Аллах ырайым кылган адамдар гана кылган жакшылык иштеринен пайда алышат. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ
Аллах тозоктун түбүндө өстүргөн Заккум дарагы.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
طَعَامُ ٱلۡأَثِيمِ
Чоң күнөө кылгандын тамак-ашы. Ал каапыр анын жийиркеничтүү мөмөсүнөн жейт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كَٱلۡمُهۡلِ يَغۡلِي فِي ٱلۡبُطُونِ
Ал мөмө капкара майдай, ал катуу ысыгандыктан алардын курсагында кайнайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كَغَلۡيِ ٱلۡحَمِيمِ
Өтө ысык суунун кайнаганы сыяктуу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
خُذُوهُ فَٱعۡتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ
Тозоктун сакчыларына айтылат: «Аны кармагыла да, канкордук менен тозоктун ортосуна сүйрөп баргыла.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ثُمَّ صُبُّواْ فَوۡقَ رَأۡسِهِۦ مِنۡ عَذَابِ ٱلۡحَمِيمِ
Анан бул азапталгандын төбөсүнө кайнак суу куйгула. Ал азаптан кутулбайт».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ذُقۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡكَرِيمُ
Ага шылдың иретинде айтылат: «Бул кыйноочу азапты тарт! Сен өз элиңде эч кандай зыян тартпаган кадырлуу эмес белең».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمۡتَرُونَ
Чындыгында силер кыямат күнү боло турган бул азаптан шектенгенсиңер. Эми силер аны көргөнүңөрдөн кийин шек-күмөнүңөр жоголду.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٖ
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыба адамдар эч кандай жамандык жетпеген бейпил жайларда болушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Бакчаларда жана аккан булактарда.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَلۡبَسُونَ مِن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Алар бейиште жука жана калың жибек кийимдерди кийип, бири экинчисинин артын көрбөгүдөй бет-маңдай олтурушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كَذَٰلِكَ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ
Биз аларды бул айтылгандар менен сыйлаганыбыз сыяктуу аларды бейиште көзүнүн карасы капкара, агы аппак болгон бакыраң көз чырайлуу аялдарга үйлөндүрөбүз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَدۡعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ
Алар ал жайда кызматчыларын чакырып, өздөрү каалаган түгөнгүс жана зыянсыз мөмө-жемиштерди алдырышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلۡمَوۡتَ إِلَّا ٱلۡمَوۡتَةَ ٱلۡأُولَىٰۖ وَوَقَىٰهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ
Ал жакта түбөлүк калышат. Алар дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт. Аллах аларды тозок азабынан коргойт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Бул Раббиңден болгон айкөлдүк жана жакшылык! Аларды бейишке киргизүү жана тозоктон коргоо сыяктуу бул айтылган нерселер – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды алар эскерме алышар бекен деп сен сүйлөгөн араб тилинде түшүрүп жеңил кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱرۡتَقِبۡ إِنَّهُم مُّرۡتَقِبُونَ
Эми сен жеңишиңди жана алардын кыйроосун күт. Алар дагы сенин кыйрооңду күтүп жатышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الجمع بين العذاب الجسمي والنفسي للكافر.
Дене менен жандын бирдей азапталуусу каапыр үчүн болот.

• الفوز العظيم هو النجاة من النار ودخول الجنة.
Тозоктон кутулуп, бейишке кирүү – улуу жеңиш.

• تيسير الله لفظ القرآن ومعانيه لعباده.
Аллах Курандын сөздөрүн жана маанилерин пенделери үчүн жеңил кылуусу.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আদ-দুখান
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ