Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-হা-ক্বাহ   আয়াত:
وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٖ
Ал үчүн тозоктогу адамдардын денесинен чыккан ириңден башка тамак-аш болбойт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ
Ал тамак-ашты күнөө жана жамандык иштерди кылган адамдар гана жешет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ
Аллах силер көргөн нерселер менен ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ
Жана силер көрбөгөн нерселер менен ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ
Чындыгында Куран – Аллахтын сөзү. Аны улуу пайгамбары адамдарга окуп берет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٖۚ قَلِيلٗا مَّا تُؤۡمِنُونَ
Ал акындын сөзү эмес. Анткени ал поэзиянын ыргактарына туура келбейт. Силер аз ыйман келтиресиңер.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٖۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ
Ал көзү ачыктын сөзү эмес. Көзү ачыктардын сөзү бул Курандан айырмаланып турат. Силер аз эскересиңер.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Бирок ал бүткүл макулуктардын Раббиси тараптан түшүрүлгөн.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ
Эгерде Мухаммад Биз айтпаган эле кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан ойлоп чыгарган болсо,
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ
Биз андан өч алмакпыз жана аны Өз күч-кудуретибиз менен кармамакпыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ
Кийин анын жүрөгү менен байланышкан тамырын кесип салмакпыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ
Ошондо араңардан эч ким аны Бизден коргой албайт. Ал силер үчүн Биз атыбыздан жалган айтуусу мүмкүн эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ
Чындыгында Куран Раббисинин буйругун аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн насыят.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ
Биз силердин араңарда бул Куран тууралуу жалган айткан адамдар бар экенин билебиз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ
Куранды жалганга чыгаруу – кыямат күнүндөгү чоң өкүнүч.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ
Чындыгында Куран – Аллах тараптан экендигинде эч кандай шек-күмөнү жок анык чындык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, пайгамбар! Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула жана улуу Раббиңдин ысымын эскер.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تنزيه القرآن عن الشعر والكهانة.
Курандын поэзияга жана көзү ачыктыкка катышы жок.

• خطر التَّقَوُّل على الله والافتراء عليه سبحانه.
Аллахтын атынан жалган айтуунун жана Ага жалаа жабуунун коркунучу.

• الصبر الجميل الذي يحتسب فيه الأجر من الله ولا يُشكى لغيره.
Кооз сабырдуулук деген Аллахтан сооп үмүт кылуу жана башкаларга арызданбоо.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-হা-ক্বাহ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ