Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-মুঝ্ঝাম্মিল   আয়াত:

Музаммил

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان الأسباب المعينة على القيام بأعباء الدعوة.
Динге үгүт кылуу жүгүн жеңилдетүүчү сбептерди баяндоо.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُزَّمِّلُ
Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
قُمِ ٱلَّيۡلَ إِلَّا قَلِيلٗا
Түндүн бир аз бөлүгүндө намаз оку.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
نِّصۡفَهُۥٓ أَوِ ٱنقُصۡ مِنۡهُ قَلِيلًا
Кааласаң, анын жарымын же үчтөн бирине жеткенчелик жарымынан азыраагын намаз оку.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَوۡ زِدۡ عَلَيۡهِ وَرَتِّلِ ٱلۡقُرۡءَانَ تَرۡتِيلًا
Же үчтөн экисине жеткенчилик кош жана Куранды окусаң ачык оку жана аны кыраат кылганда шашылба.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّا سَنُلۡقِي عَلَيۡكَ قَوۡلٗا ثَقِيلًا
Оо, пайгамбар! Биз сага салмактуу сөз болгон Куранды түшүрөбүз. Анткени анда парздар, жаза өкүмдөрү, өкүм-буйруктар, адептер жана башка нерселер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ نَاشِئَةَ ٱلَّيۡلِ هِيَ أَشَدُّ وَطۡـٔٗا وَأَقۡوَمُ قِيلًا
Чындыгында түнкү сааттар кыраат кылууда жүрөккө эң ылайыктуу жана сөздөрү эң туура.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ لَكَ فِي ٱلنَّهَارِ سَبۡحٗا طَوِيلٗا
Сен күндүзү жумуштарыңды кылып, Куран окуудан алаксыйсың. Андыктан түндөсү намаз оку.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلۡ إِلَيۡهِ تَبۡتِيلٗا
Аллахты түрдүү зикирлер менен эскер жана чын ыкластан сыйынып өзүңдү Ага арна.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
رَّبُّ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱتَّخِذۡهُ وَكِيلٗا
Ал Чыгыш менен Батыштын Раббиси. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Аны бардык иштериңде таянган Колдоочу кылып ал.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱهۡجُرۡهُمۡ هَجۡرٗا جَمِيلٗا
Жана жалганчылардын шылдың жана сөгүш сөздөрүнө сабыр кыл жана аларды эч кандай зыян келтирбестен ташта.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَذَرۡنِي وَٱلۡمُكَذِّبِينَ أُوْلِي ٱلنَّعۡمَةِ وَمَهِّلۡهُمۡ قَلِيلًا
Бул дүйнөнүн жыргалчылыгынан ырахат алган жалганчылардын абалына көңүл бурба, аларды Мага ташта жана алардын мөөнөтү келгенге чейин бир аз күт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ لَدَيۡنَآ أَنكَالٗا وَجَحِيمٗا
Чындыгында акыретте Биздин алдыбызда оор кишендер жана алоолонгон от бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَطَعَامٗا ذَا غُصَّةٖ وَعَذَابًا أَلِيمٗا
Жана өтө ачуулугунан кекиртекке кептелген тамак-аш менен мурункудан да ашыкча кыйноочу азап бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ وَكَانَتِ ٱلۡجِبَالُ كَثِيبٗا مَّهِيلًا
Ал азап жер жана тоолор титиреген күнү жалганчыларга болот. Тоолор катуу коркунучтан улам бырыксыган жана агылган кумдай болуп калат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ رَسُولٗا شَٰهِدًا عَلَيۡكُمۡ كَمَآ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ رَسُولٗا
Биз Фараонго Мусаны пайгамбар кылып жиберген сыяктуу кыямат күнү силердин иш-аракеттериңерге күбө болуучу пайгамбарды жибердик.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَعَصَىٰ فِرۡعَوۡنُ ٱلرَّسُولَ فَأَخَذۡنَٰهُ أَخۡذٗا وَبِيلٗا
Фараон Раббиси тараптан ага жиберилген пайгамбарга баш ийбестик кылды, анан Биз аны дүйнөдө сууга чөктүрүп катуу жазаладык жана акыретте тозок азабы менен жазалайбыз. Ошондуктан силер дагы пайгамбарыңарга баш ийбестик кылбагыла, болбосо анын башына түшкөн нерсе силерге да түшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَكَيۡفَ تَتَّقُونَ إِن كَفَرۡتُمۡ يَوۡمٗا يَجۡعَلُ ٱلۡوِلۡدَٰنَ شِيبًا
Эгер силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгарган болсоңор, анда катуу коркунучтан жана узактыгынан жаш балдардын да чачы агарган узак катаал күндө өзүңөрдү кантип коргойсуңар?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلسَّمَآءُ مُنفَطِرُۢ بِهِۦۚ كَانَ وَعۡدُهُۥ مَفۡعُولًا
Асман коркунучтан бөлүнүп жарылат. Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылды.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًا
Чындыгында кыямат күндөгү коркунуч жана катаалдык тууралуу баяндаманы камтыган бул насыйкат – ыймандуулар пайда алуучу эскертме. Кимде-ким Раббисине алып бара турган жолду кааласа, ошол жолго түшсүн.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أهمية قيام الليل وتلاوة القرآن وذكر الله والصبر للداعية إلى الله.
Аллахка чакырган адам үчүн түнкү намаздын, Куран окуунун, зикир кылуунун жана сабыр кылуунун маанилүүлүгү.

• فراغ القلب في الليل له أثر في الحفظ والفهم.
Түн ичинде жүрөктүн бош болуусу жаттоого жана түшүнүүгө таасир этет.

• تحمّل التكاليف يقتضي تربية صارمة.
Жоопкерчиликтерди моюнга алуу катуу тарбияны талап кылат.

• الترف والتوسع في التنعم يصدّ عن سبيل الله.
Жыргал жашоо жана бакубатчылык Аллахтын жолунан тосот.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-মুঝ্ঝাম্মিল
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ