Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-আনফাল   আয়াত:
فَلَمۡ تَقۡتُلُوهُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ قَتَلَهُمۡۚ وَمَا رَمَيۡتَ إِذۡ رَمَيۡتَ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ رَمَىٰ وَلِيُبۡلِيَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡهُ بَلَآءً حَسَنًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ
Оо, ыймандуулар, Бадр күнү бутпарастарды өзүңөрдүн күч-кубатыңар менен өлтүрбөдүңөр, буга Аллах жардам берди. Эй, пайгамбар, аларды атканыңда сен өзүң аткан жоксуң, сенин аткандарың аларга жетип жатканда Аллах аткан болчу. Мунун баарын Аллах санынын аздыгына карабай душмандарын жеңип, Ага шүгүр кылуулары жана ушул жакшылык аркылуу ыймандууларды сыноо максатында кылды. Акыйкатта, Аллах алардын атйкандарын жана дубаларын Угуучу, алардын кылган иштерин жана канткенде аларга пайдалуу болорун Билүүчү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ذَٰلِكُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُوهِنُ كَيۡدِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Жогоруда айтылгандай бутпарастарды өлтүрүүңөр, алардын кыйрап, артына качуусуна чейин аткылооңор, ыймандууларга берилген душмандарына болгон жеңиш, булар Аллахтан, Аллах Исламга айлакерилик кылган каапырлардын айласын алсыздатуучу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِن تَسۡتَفۡتِحُواْ فَقَدۡ جَآءَكُمُ ٱلۡفَتۡحُۖ وَإِن تَنتَهُواْ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَإِن تَعُودُواْ نَعُدۡ وَلَن تُغۡنِيَ عَنكُمۡ فِئَتُكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَوۡ كَثُرَتۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Эй, бутпарастар, эгер залым, чектен чыгуучуларга Аллах азабынтүшүрсүн деп талап кылсаңар, Аллах силер талап кылган нерсени түшүрдү. Муну силерге жаза, такыбаларга өрнөк кылып түшүрдү. Эгер дагы талап кылуудан өзүңөрдү тыйсаңар, бул силерге жакшы. ошондо мөонөтүңөрду узартып, силерди кыйратууга шашылбайт. А эгер кайра талап кылсаңар жана ыймандуулар менен согушууга кайтсаңар, анда жаматыңар жана жардамчыңар канчалык көп болсо да ыймандуулардын аздыгына карабай, жеңишке жете албайсыңар. Акыйкатта, Аллах жардамы жана колдоосу аркылуу ыймандуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ага үстөмдүк кылуучу болбойт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ وَأَنتُمۡ تَسۡمَعُونَ
Оо, Аллах ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Буйругун аткарбай, тыйганын аткарып Ага каршы болбогула. Силерге окулган Аллахтын аяттарын угуп жатасыңар го.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَهُمۡ لَا يَسۡمَعُونَ
Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр жана бутпарастарга окош болбогула. Аларга Аллахтын аяттары окулса, алар: "Окулган Куранды кулатарыбыз менен уктук" дешет. Бирок, алар ой-жүгүртүү, насаат алуу менен угушпайт жана уккандарынан пайда алышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
۞ إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلصُّمُّ ٱلۡبُكۡمُ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡقِلُونَ
Жаратылгандардан жер бетинде басып жүргөндөрдүн Аллахтын алдындагы эң жаманы - акыйкатты кабыл кылуу менен укпаган кереңдер, (акыкатты) сүйлөбөгөн дудуктар, алар Аллахтын буйруктарына да, тыюларына да көңүл бурушупайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَوۡ عَلِمَ ٱللَّهُ فِيهِمۡ خَيۡرٗا لَّأَسۡمَعَهُمۡۖ وَلَوۡ أَسۡمَعَهُمۡ لَتَوَلَّواْ وَّهُم مُّعۡرِضُونَ
Эгер бул жалганчы бутпарастардан жакшылык болорун билгенде, андан пайда ала турган кылып уктуруп, далил, белгилерге акыл жүгүрттүрүп коймок. Бирок, алардан эч жашылык болбоосун билди. Эгер Аллах Таала буйрук жана тагдыр жолу менен уктуруп койсо деле, алар кежирлик кылып ыймандан бурулуп, баш тартмак.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱسۡتَجِيبُواْ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمۡ لِمَا يُحۡيِيكُمۡۖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَحُولُ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَقَلۡبِهِۦ وَأَنَّهُۥٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, силердин жашооңор болгон акйыкатка чакырса, буйруган нерсесине баш ийип, тыйган нерсесинен сактанып Аллахка жана Анын элчисине жооп бергиле. Аллах акыйкатта бардык нерсеге күчү жетүүчү экенине бекем ишенгиле. Ал силерди акыйкатка баш ийүүдөн тосуп коюуга күчү жетет. Ага шашылгыла жана кыяма күнү жалгыз Аллахка тирилип чыгарыңарга бекем ишенгиле. Ошондо бул дүйнөдө жасаган иштериңерге жараша сыйлайт же жазалайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱتَّقُواْ فِتۡنَةٗ لَّا تُصِيبَنَّ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنكُمۡ خَآصَّةٗۖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Оо, ыймандуулар, араңардагы күнөөкөрлөргө гана эмес, аларга да, алардан башкаларга да жетүүчү азаптан корккула. Бул залымдык ачыкка чыгып, бирок кайтарылбай калганда болот. Акыйкатта, күнөөкөрлөргө Аллахтын азабы катуу экенине бекем ишенгиле, алардын күнөөсүнөн сактангыла.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• من كان الله معه فهو المنصور وإن كان ضعيفًا قليلًا عدده، وهذه المعية تكون بحسب ما قام به المؤمنون من أعمال الإيمان.
Аллах ким менен бирге болсо, ал жеңишке жетет, эгер алсыз жана саны аз болсо дагы. Бул ыймандуулардын ыйман, иш-аракеттерине жараша болот.

• المؤمن مطالب بالأخذ بالأسباب المادية، والقيام بالتكليف الذي كلفه الله، ثم يتوكل على الله، ويفوض الأمر إليه، أما تحقيق النتائج والأهداف فهو متروك لله عز وجل.
Ыймандуу адам материалдык себептерин даярдап, Аллах моюнуна жүктөгөн нерсени аткарууга бел байлап, анан Аллахка тобокел кылып, ишти Ага тапшырууга милдеттүү. Ал эми иштин натыжасы жана максаттары Аллахка тиешелүү.

• في الآيات دليل على أن الله تعالى لا يمنع الإيمان والخير إلا عمَّن لا خير فيه، وهو الذي لا يزكو لديه هذا الإيمان ولا يثمر عنده.
Аяттарда Аллах Таала ыйманды жана жакшылыкты жакшылыгы жок адамдан гана тыят. Андайлардынколунда ыйман өспөйт жана мөмөсүн бербейт.

• على العبد أن يكثر من الدعاء: يا مقلب القلوب ثبِّت قلبي على دينك، يا مُصرِّف القلوب اصرف قلبي إلى طاعتك.
Пенде: "Оо, жүрөктөрдү алмаштыруучу, менин жүрөгүмдү диниңе бекем кыл. Оо, жүрөктөрдү башкаруучу, менин жүрөгүмдү Өзүңө баш ийүүгө багытта" дген дубаны коп айтуусу керек.

• أَمَرَ الله المؤمنين ألا يُقِرُّوا المنكر بين أظهرهم فيعُمَّهم العذاب.
Аллах ыймандууларды ачыкка чыккан жаман иштерге ыраазы болбоого буйруду, антпесе, азап баарына чогуу болот.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-আনফাল
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ