Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-ফজৰ   আয়াত:
وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذٖ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ
Ал күнү тозок алып келинет. Анын жетимиш миң чылбыры болот. Ар бир чылбырды жетимиш миң периште сүйрөйт. Ошол күнү инсан Аллахка карата кылган кайдыгерлигин эстейт, бирок ал күндө эстөө ага эч пайда келтирбейт. Анткени ал күн иш-аракет кыла турган күн эмес, сыйлык же жаза ала турган күн.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي
Ал терең өкүнүчтөн мындай дейт: «Аттиң-ай! Чыныгы жашоо болгон акырет жашоомо алдын ала жакшылык иштерди кылсам болмок».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٞ
Ал күнү Аллахтын азабындай эч ким азаптай албайт. Анткени Аллахтын азабы өтө катаал жана түбөлүктүү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٞ
Ал каапырларды чынжырлар менен байлагандай эч ким байлай албайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ
Ал эми ыймандуу жанга өлүм келген кезде жана кыяматта мындай деп айтылат: «Оо, ыймандан жана жакшылык иштерден тынчтык тапкан жан!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةٗ مَّرۡضِيَّةٗ
Сен алган улуу сыйлык үчүн Раббиңе ыраазы болуп жана кылган жакшылык иштериң үчүн Анын алдында ыраазылыкка жеткен абалда кайткын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي
Менин такыба пенделеримдин катарына кошулгун!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي
Жана алар менен бирге Мен алар үчүн даярдап койгон бейишиме киргин!».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• عتق الرقاب، وإطعام المحتاجين في وقت الشدة، والإيمان بالله، والتواصي بالصبر والرحمة: من أسباب دخول الجنة.
Кулду азат кылуу, кыйынчылыкта муктаждарга тамак-аш берүү, Аллахка ыйман келтирүү, бири-бирине сабырдуулукту жана ырайымдуулукту осуят кылуу — бейишке кирүүнүн себептеринен.

• من دلائل النبوة إخباره أن مكة ستكون حلالًا له ساعة من نهار.
Пайгамбарчылыктын белгилеринин бири — күндүзгү бир убакытта ал үчүн Меккеге бастырып кирүү уруксат болору тууралуу кабар берүүсү.

• لما ضيق الله طرق الرق وسع طرق العتق، فجعل الإعتاق من القربات والكفارات.
Качан Аллах кулчулуктун жолдорун тарытканда, азат кылуунун жолдорун кеңейтти жана кулчулуктан куткарууну Аллахка жакындаткан жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон иштерден кылды.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-ফজৰ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ