Check out the new design

Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. * - Tərcumənin mündəricatı

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Mənaların tərcüməsi Surə: Səba   Ayə:

Саба

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Аллахка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар!
Ərəbcə təfsirlər:
يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۚ وَهُوَ ٱلرَّحِيمُ ٱلۡغَفُورُ
Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган[1] (бардык) нерселерди билет. Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү!
[1] «Жерге кирген» нерселер жамгыр, дан-уруктар, жерге (мүрзөгө) коюлган денелер, «жерден чыккан» нерселер өсүмдүктөр, булактар жана кыяматта жерден кайра тирилип чыгуучу пенделер. «Асмандан түшкөн» нерселер ырыскылар, Аллахтын өкүмү, тагдыры ал эми, «Асманга көтөрүлгөн нерсе» периштелер, рухтар жана адамдардын жакшы амалдары.
Ərəbcə təfsirlər:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَأۡتِينَا ٱلسَّاعَةُۖ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأۡتِيَنَّكُمۡ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِۖ لَا يَعۡزُبُ عَنۡهُ مِثۡقَالُ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَآ أَصۡغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرُ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ
Каапырлар: «Бизге кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.
Ərəbcə təfsirlər:
لِّيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ
Ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарга (Аллах) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ سَعَوۡ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٞ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды(н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (акыретте) жан ооруткан катуу азап бар!
Ərəbcə təfsirlər:
وَيَرَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ هُوَ ٱلۡحَقَّ وَيَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ
Илим-туура жол берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсени (Куранды), акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллахтын жолуна баштайт деп ишенишет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هَلۡ نَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ يُنَبِّئُكُمۡ إِذَا مُزِّقۡتُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمۡ لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍ
Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт).
Ərəbcə təfsirlər:
 
Mənaların tərcüməsi Surə: Səba
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov. - Tərcumənin mündəricatı

Tərcümə edən: Şəmsuddin Həkimov Abdulxaliq. Tərcümənin inkişafı "Ruvvad" tərcümə mərkəzi tərəfindən edilmişdir.

Bağlamaq