Ал Аллахка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда!
Алар алды-артындагы: Асмандагы жана Жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тообо кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.
Биз Даудга Өз артыкчылыгыбыздан (илим, пайгамбарлык, бийлик) бердик: «Оо, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»[1] (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип:
[1] Бул жердеги Дауддун тасбих айтуусу азыркы күндөгү көпчүлүк мусулмандар түшүнгөн тасбихтен башкачараак болгон: Ал Аллахты даңктап, Забур аяттарын созолонтуп, мукамдуу окуган. Үнү ушунчалык жагымдуу болгондуктан асмандагы куштар токтоп, тоо-таштар аны менен кошо үн созушкан. Демек, бул жердеги Дауттун «тасбих айтканын» Аллахтын ысым-сыпаты даңкталган Забур аяттарын мукамдуу кыраат кылганы деп түшүнүш керек.
«Зоот-кийимдерди кенен-тыкан кылып токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин![1] (Оо, Дауддун үй-бүлөсү!) Жакшы амалдарды кылгыла! Мен силердин бүткүл ишиңерди көрүп туруучумун» дедик.
[1] Дауд пайгамбарга чейин эч бир адам зоот кийим токуганды билбеген экен. Калкан менен зоот-калкан болгон, бирок токулган зоот-кийимди эң биринчи Аллахтын илхамы менен Дауд пайгамбар токуган.
Жана Биз Сулайманга эртең менен – бир айлык, кечинде – бир айлык (жолду басып өтчү) шамалды моюн сундуруп бердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин буйругубуздан четке чыкса, ага тозок азабын таттырабыз.
Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чоң-бекем казандарды жасап беришет. Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (жакшы) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз!
Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда таягын жеген жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге көргөзүп койду: (Таягы сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты.[1] Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу.
[1] Жиндердин кайыпты билбестигине ушул аят далил болот. Өлүм периштеси Сулаймандын жанын таягына жөлөнүп отурган абалда алып, Аллах таала Өзүнүн кыбыраган пендеси-куртка таякты кемирүүгө буйрук бергенден баштап, курт анын ичин жеп бүтүргөнгө чейин жиндер анын өлгөнүн билбей, оор курулуш иштеринде иштей беришкен.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Axatrışın nəticələri:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".