Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Surə: əl-Muminun   Ayə:

Муbминyн

Surənin məqsədlərindən:
بيان فلاح المؤمنين وخسران الكافرين.
Ыймандуу мусулмандардын ийгилиги жана каапырлардын өкүнүчү тууралуу (баян кылынган).

قَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Аллахка ыйман келтиргендер, Анын шариятын аткаргандар көздөгөн максаттарына жетип жана корккон нерселеринен кутулуп жеңишке жетишти.
Ərəbcə təfsirlər:
ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي صَلَاتِهِمۡ خَٰشِعُونَ
Алар намаз окушканда өздөрүн төмөн тутушат жана намазда дене-мүчөлөрү тынч алып, жүрөктөрүн эч бир нерсе алаксытпайт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنِ ٱللَّغۡوِ مُعۡرِضُونَ
Алар жалгандан, пайдасыз нерселерден жана күнөө сөздөр менен күнөө иштерден баш тарткандар.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِلزَّكَوٰةِ فَٰعِلُونَ
Алар өздөрүн ыплас иштерден таза туткандар жана зекет берип мал-мүлктөрүн тазалагандар.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ
Алар жыныс мүчөлөрүн зынадан, бачабаздыктан жана бузукулуктан сакташкандар. Алар абийирдүү, таза адамдар.
Ərəbcə təfsirlər:
إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ
Бирок никелүү аялдары жана кол астындагы күңдөрү менен жыныстык жана башка жолдор менен ырахат алышканы үчүн айыпталышпайт.
Ərəbcə təfsirlər:
فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ
Ал эми ким никелүү аялдарынан жана кол астындагы күңдөрүнөн башкалар менен ырахат алууну издесе, анда ал адал жолду таштап арам жолго өтүп Аллахтын чектеринен чыкты.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ
Алар Аллахтын жана Анын пенделеринин алдындагы аманаттарын жана убадаларын бузбастан толук аткарышат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَوَٰتِهِمۡ يُحَافِظُونَ
Алар намаздарын дайым өз убагында парздары, важиптери жана мустахабдары менен кошо толук окушат.
Ərəbcə təfsirlər:
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡوَٰرِثُونَ
Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар — ошолор мурас алуучулар.
Ərəbcə təfsirlər:
ٱلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡفِرۡدَوۡسَ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Алар бейиштин эң бийик жерин мураска алышкандар. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана алардын жыргалчылыктары түгөбөйт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ
Биз адамзаттын түпкү атасы Адамды ылайдан жараттык. Ал жаратылган топурак жердин топурагы менен суунун аралашмасынан тандалып алынды.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ
Кийин Биз анын урпактарын төрөт убагына чейин жатында жайланышкан бел суудан жаратып көбөйттүк.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ
Андан соң ал жатындагы жайгашкан бел суудан кочкул коюу канды жараттык. Кийин ал кочкул коюу канды тиштелген бир кесим эт кылдык. Кийин ал бир кесим эттен катуу сөөктөрдү жараттык. Кийин ал сөөктөргө эт каптадык. Андан соң Биз ага жан салып, башка жаратылышта өстүрө баштап, жашоого чыгардык. Жаратуучулардын эң мыктысы ыйык болгон Аллах.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ
Эй, адамдар! Андан соң силер ушул жошоонун баскычтарынан өткөндөн кийин ажалыңар жеткенде өлөсүңөр.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تُبۡعَثُونَ
Андан соң силер өлгөндөн кийин кылган иштериңерге сурак бериш үчүн кыямат күнү кабырларыңардан кайрадан тирилесиңер.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعَ طَرَآئِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ ٱلۡخَلۡقِ غَٰفِلِينَ
Эй, адамдар! Биз силердин үстүңөргө кабат-кабат жети асманды жараттык. Биз Өзүбүз жараткан нерселерден бейкапар эмеспиз жана аларды унуткан да жокпуз.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• للفلاح أسباب متنوعة يحسن معرفتها والحرص عليها.
Ийгиликтин түрдүү себептери бар. Андыктан аларды билүүгө жана аларга жетүүгө аракет кылуу зарыл.

• التدرج في الخلق والشرع سُنَّة إلهية.
Жаратуунун жана шарияттын баскыч-баскыч менен ишке ашуусу –Аллахтын жолу.

• إحاطة علم الله بمخلوقاته.
Аллахтын илими бүткүл ааламды өзүнө камтып турат.

وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءَۢ بِقَدَرٖ فَأَسۡكَنَّٰهُ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَإِنَّا عَلَىٰ ذَهَابِۭ بِهِۦ لَقَٰدِرُونَ
Биз асмандан керектүү өлчөмдө жамгыр суусун түшүрдүк, ал көп болуп зыян бербейт жана аз болуп жетишсиз болбойт. Жана аны адамдар менен жан-жаныбарлар пайдаланышы үчүн жер бетинде тура турган кылдык. Чындыгында Биз аны алар пайдалана албай тургандай кылып кетирип коюуга да кудуретибиз жетет.
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَنشَأۡنَا لَكُم بِهِۦ جَنَّٰتٖ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَٰبٖ لَّكُمۡ فِيهَا فَوَٰكِهُ كَثِيرَةٞ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Биз ал суу менен курма жана жүзүм ж.б. бактарды өстүрөбүз. Ал бактарда силер үчүн анжир, анар жана алма сыяктуу ар кандай түрдөгү жана түстөгү мөмө-жемиштер бар. Силер андан жейсиңер.
Ərəbcə təfsirlər:
وَشَجَرَةٗ تَخۡرُجُ مِن طُورِ سَيۡنَآءَ تَنۢبُتُ بِٱلدُّهۡنِ وَصِبۡغٖ لِّلۡأٓكِلِينَ
Жана Биз силерге ал суу менен Синай тоосунун аймагында өскөн Зайтун дарагын өстүрдүк. Анын мөмөсүнөн май чыгарылып, аны сыйпанышат жана андан нан малып жечү татымал алынат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَنۡعَٰمِ لَعِبۡرَةٗۖ نُّسۡقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهَا وَلَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ كَثِيرَةٞ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Эй, адамдар! Чындыгында силер үчүн (төө, уй, кой сыяктуу) үй жаныбарларында ибарат-өрнөктөр бар. Силер аларды Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана силерге кылган мээримине далил кыласыңар. Биз силерге алардын ичинен чыккан ичкенге жагымдуу таза сүттү ичиребиз. Силер үчүн аларда көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды минесиңер, жүнүн жана тыбытын пайдаланасыңар жана эттеринен жейсиңер.
Ərəbcə təfsirlər:
وَعَلَيۡهَا وَعَلَى ٱلۡفُلۡكِ تُحۡمَلُونَ
Кургактыкта үй жаныбарларынан төөлөрдүн үстүндө, ал эми деңизде кемелердин үстүндө жүрөсүңөр.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Биз Нухту Аллах жолуна чакыруу үчүн өз элине жибердик. Ал аларга айтты: «Оо, элим! Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?!».
Ərəbcə təfsirlər:
فَقَالَ ٱلۡمَلَؤُاْ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ مَا هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُرِيدُ أَن يَتَفَضَّلَ عَلَيۡكُمۡ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَأَنزَلَ مَلَٰٓئِكَةٗ مَّا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِيٓ ءَابَآئِنَا ٱلۡأَوَّلِينَ
Ошондо анын элинен Аллахка каапырлык кылган кадырлуу адамдар менен башчылары өз тарапташтарына жана жалпы элге айтышты: «Мына бу өзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам силерге окшогон эле адам. Ал силердин үстүңөрдөн бийлик кылып, башчы болгусу келип жатат. Эгерде Аллах бизге пайгамбар жиберүүнү кааласа, анда адамзаттан эмес, периштелерден жибермек. Биз мунун айткандарын бизден мурун жашап өткөн ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз.
Ərəbcə təfsirlər:
إِنۡ هُوَ إِلَّا رَجُلُۢ بِهِۦ جِنَّةٞ فَتَرَبَّصُواْ بِهِۦ حَتَّىٰ حِينٖ
Ал өзү айтканын өзү түшүнбөгөн жин тийген адам. Анын иши адамдарга ачык болгонго чейин аны күтүп тургула!».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ
Нух (ага Аллахтын саламттыгы-тынчтыгы болсун) айтты: «Оо, Раббим! Алар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып, мага аларга каршы жардам бер!».
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡهِ أَنِ ٱصۡنَعِ ٱلۡفُلۡكَ بِأَعۡيُنِنَا وَوَحۡيِنَا فَإِذَا جَآءَ أَمۡرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ فَٱسۡلُكۡ فِيهَا مِن كُلّٖ زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِ وَأَهۡلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيۡهِ ٱلۡقَوۡلُ مِنۡهُمۡۖ وَلَا تُخَٰطِبۡنِي فِي ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِنَّهُم مُّغۡرَقُونَ
Ошондо Биз ага вахий кылдык: «Биздин көз алдыбызда жана Биз сага кантип жасашты үйрөткөндөй кылып кеме кур! Качан аларды жок кылуу тууралуу буйругубуз келгенде тандыр кайнап, жерден күч менен суу атырылып чыкканда, кемеге ар бир тирүү жандыктан андан тукум улаш үчүн эркек-ургаачысынан сал. Ошондой эле үй-бүлөңдү сал, бирок аялың жана балаң сыяктуу Аллах тараптан кыйроого учурайт деп алдын ала жазылгандарды салба. Каапырлыгы менен зулумдук кылышкандарды куткар же кыйроого учуратпа деп Мага кайрылба! Чындыгында алар топон сууга чөктүрүлүп сөзсүз кыйроого учурашат».
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• لطف الله بعباده ظاهر بإنزال المطر وتيسير الانتفاع به.
Жамгырдын жаашы жана аны пайдалануунун жеңилдиги – Аллахтын пенделерине болгон мээримин ачык көрсөтүп турат.

• التنويه بمنزلة شجرة الزيتون.
Зайтун дарагынын орду тууралуу айтып өтүү.

• اعتقاد المشركين ألوهية الحجر، وتكذيبهم بنبوة البشر، دليل على سخف عقولهم.
Мушриктердин таштарды кудай деп ишенгендери жана адамзаттагы пайгамбарлыкты жалганга чыгаргандары алардын кем акылдыгына далил болот.

• نصر الله لرسله ثابت عندما تكذبهم أممهم.
Пайгамбарларды өз элдери жалганга чыгарышканда Аллахтын аларга жардамы келип, жеңишке жеткизген.

فَإِذَا ٱسۡتَوَيۡتَ أَنتَ وَمَن مَّعَكَ عَلَى ٱلۡفُلۡكِ فَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي نَجَّىٰنَا مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Качан сен жана сени менен аман кала турган ыймандуулар кемеге түшкөндө мындай деп айткын: «Каапыр коомду кыйратып, бизди алардан куткарган Аллахка чексиз мактоолор болсун».
Ərəbcə təfsirlər:
وَقُل رَّبِّ أَنزِلۡنِي مُنزَلٗا مُّبَارَكٗا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡمُنزِلِينَ
Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени жер бетиндеги берекелүү жайга түшүр. Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!».
Ərəbcə təfsirlər:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ وَإِن كُنَّا لَمُبۡتَلِينَ
Чындыгында бул айтылгандарда, тагыраак айтканда Нухту жана аны менен бирге болгон ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылууда – Биз пайгамбарларыбызга жардам берүүгө жана аларды жалганга чыгаргандарды жок кылууга кудуреттүү экенибизге ачык-айкын белгилер бар. Чындыгында Биз Нухту элине аны пайгамбар кылып жиберип, ыймандууну каапырдан жана моюн сунганды күнөөкөрдөн айырмалаш үчүн анын коомун сынадык.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ
Андан соң Нухтун коомун жок кылгандан кийин башка коомду пайда кылдык.
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَرۡسَلۡنَا فِيهِمۡ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Аларды Аллахка чакырыш үчүн өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. Ал аларга айтты: «Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын тыйгандарын таштап жана буйруктарын аткарып Андан коркпойсуңарбы?!».
Ərəbcə təfsirlər:
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَتۡرَفۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مَا هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يَأۡكُلُ مِمَّا تَأۡكُلُونَ مِنۡهُ وَيَشۡرَبُ مِمَّا تَشۡرَبُونَ
Анын элинен Аллахка каапырлык кылган, акыретти жана андагы боло турган сыйлык же жазаны жалганга чыгарган, бул дүйнө жашоосунда Биз аларга кең кылып берген жакшылыктарда аша чапкан кадырлуу адамдар менен башчылары өз тарапташтарына жана жалпы элге айтышты: «Мына бу силерге окшогон эле адам. Ал силер жегенди жейт, силер ичкенди ичет. Ал силерге пайгамбар болуп жиберилгидей эч кандай артыкчылыкка ээ эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَئِنۡ أَطَعۡتُم بَشَرٗا مِّثۡلَكُمۡ إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ
Эгерде өзүңөгө окшогон, силерден эч кандай артыкчылыкка ээ болбогон адамга ээрчип, ага баш ийип, кудайларыңарды таштасаңар, анда силер анык зыянга учурап жана да ага баш ийгениңерден эч бир пайда таппайсыңар.
Ərəbcə təfsirlər:
أَيَعِدُكُمۡ أَنَّكُمۡ إِذَا مِتُّمۡ وَكُنتُمۡ تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَنَّكُم مُّخۡرَجُونَ
Мына бу өзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам: «Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар» – деп силерге убада кылып жатабы? Мунун акылы жайындабы?
Ərəbcə təfsirlər:
۞ هَيۡهَاتَ هَيۡهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ
Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар деп айткан убадасы өтө алыс!
Ərəbcə təfsirlər:
إِنۡ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوثِينَ
Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок! Акырет жашоосу да жок! Бизден тирүүлөр өлөт, алар кайра тирилишпейт. Башкалар төрөлүп, алар жашашат. Биз өлгөндөн кийин кыямат күнү сурак үчүн кайра тирилип чыкпайбыз.
Ərəbcə təfsirlər:
إِنۡ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا وَمَا نَحۡنُ لَهُۥ بِمُؤۡمِنِينَ
Мына бу өзүн силерге пайгамбармын деп айтып жаткан адам жөнөкөй эле адам. Ал бул сөзү менен Аллахка жалган жалаа жаап жатат. Биз буга ыйман келтирбейбиз.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ
Пайгамбар айтты: «Оо, Раббим! Булар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып аларга каршы мага жардам бер».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ عَمَّا قَلِيلٖ لَّيُصۡبِحُنَّ نَٰدِمِينَ
Аллах ага жооп кылып: «Сен алып келген нерсени жалганга чыгарган ал жалганчылар бир аз убакыттан кийин жалганга чыгаргандарына өкүнүшөт» – деп айтты.
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ بِٱلۡحَقِّ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ غُثَآءٗۚ فَبُعۡدٗا لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Алар баш ийбестиктери үчүн азапка татыктуу болушканы себептүү аларды кыйратуучу ач кыйкырык алып, селдин суусунун үстүндө калкыган, алсыз чырпыктардай жансыз өлүмтүктөргө айландырды. Заалым коомдорго кыйроо болсун!
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قُرُونًا ءَاخَرِينَ
Кийин Биз аларды кыйратып жок кылган соң Луттун, Шуайбдын, Юнустун коомдору сыяктуу башка коомдорду жана үммөттөрдү пайда кылдык.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• وجوب حمد الله على النعم.
Жакшылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылуунун милдеттиги.

• الترف في الدنيا من أسباب الغفلة أو الاستكبار عن الحق.
Бул дүйнөдө ашкере барчылыкта, ысырапчылыкта жашоо – бейкапарчылыктын жана акыйкаттан баш тартып текеберленүүнүн себептеринен.

• عاقبة الكافر الندامة والخسران.
Каапырдын акыбети өкүнүч жана кыйроо.

• الظلم سبب في البعد عن رحمة الله.
Зулумдук Аллахтын ырайымынан алыстоонун себеби.

مَا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ
Бул жалганчы коомдордун кайсынысы болбосун, аларда кандай каражаттар болсо дагы кыйроосу белгиленген мөөнөтүнөн ашпайт жана кечикпейт.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَاۖ كُلَّ مَا جَآءَ أُمَّةٗ رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُۖ فَأَتۡبَعۡنَا بَعۡضَهُم بَعۡضٗا وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَۚ فَبُعۡدٗا لِّقَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ
Кийин Биз пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жибердик. Качандыр ошол коомдордун ар бирине жөнөтүлгөн пайгамбарлары келгенде аларды жалганга чыгарышты. Ошондо Биз дагы аларды биринин артынан бирин кыйраттык жана алар тууралуу эл оозунда айтылган сөздөрдөн башка эч нерсе калбады. Пайгамбарлары Раббиси тараптан алып келген нерсеге ыйман келтирбеген коомдорго кыйроо болсун!
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَٰرُونَ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ
Андан соң Биз Муса менен бир тууганы Харунду тогуз керемет-белгилерибиз (таяк, кол, саранчалар, биттер, бакалар, кан, суу каптоо, кургакчылык, түшүмдүн жоктугу) жана ачык-айкын далилдер менен жибердик.
Ərəbcə təfsirlər:
إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمًا عَالِينَ
Ал экөөсүн Фараонго жана элиндеги кадырлуу адамдарга жибергенибизде алар текеберленишти, ал экөөсүнө ыйман келтирип баш ийишкен жок. Алар адамдарды басмырлап, зулумдук кылып өздөрүн алардан жогору койгон адамдар эле.
Ərəbcə təfsirlər:
فَقَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لِبَشَرَيۡنِ مِثۡلِنَا وَقَوۡمُهُمَا لَنَا عَٰبِدُونَ
Алар айтышты: «Бизге эле окшогон, эч кандай артыкчылыгы болбогон бул эки адамга ыйман келтиребизби? Бул экөөнүн эли (Исраил урпактары) бизге баш ийишкендер го?».
Ərəbcə təfsirlər:
فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡلَكِينَ
Ошондо ал экөөсү Раббиси тараптан алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Алар жалганга чыгаргандары себептүү сууга чөктүрүлүп кыйроого учурашты.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Биз Мусага Тооратты эли акыйкат жолго түшсүн жана аны иш жүзүндө аткарсын деген үмүттө бердик.
Ərəbcə təfsirlər:
وَجَعَلۡنَا ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥٓ ءَايَةٗ وَءَاوَيۡنَٰهُمَآ إِلَىٰ رَبۡوَةٖ ذَاتِ قَرَارٖ وَمَعِينٖ
Жана Биз Ыйса менен анын энеси Мариямды кудуретибизди билдирген белги кылдык. Ал атасыз боюнда болду жана Биз ал экөөсүн жердин отурукташууга ылайыктуу, суу агып турган бийик жеринде калкаладык.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ
Оо, пайгамбарлар! Мен силерге адал кылган, жегенге жагымдуу нерселерден жегиле жана шариятка туура келген жакшы иштерди кылгыла. Чындыгында Мен силердин ар бир кылган ишиңерди билемин. Мага силердин иштериңердин эч бири жашыруун эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَأَنَا۠ رَبُّكُمۡ فَٱتَّقُونِ
Оо, пайгамбарлар! Чындыгында силердин диниңер – бир дин. Ал Ислам дини. А Мен силердин Раббиңермин, силердин Менден башка Раббиңер жок. Андыктан Менден гана корккула, буйруктарымды аткаркыла жана тыйгандарымды таштагыла!
Ərəbcə təfsirlər:
فَتَقَطَّعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡ زُبُرٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ
Бирок аларды ээрчигендер алардан кийин динде топторго бөлүнүп кетишти. Ар бир топ өзү ишенгенин гана туура деп ошону Аллахтын алдында кабыл кылына турган дин деп калышты. Ал эми башкалардыкына көңүл да бурушкан жок.
Ərəbcə təfsirlər:
فَذَرۡهُمۡ فِي غَمۡرَتِهِمۡ حَتَّىٰ حِينٍ
Оо, пайгамбар! Сен аларды өз наадандыгында жана адашуусунда азап түшө турган убакка чейин тим кой.
Ərəbcə təfsirlər:
أَيَحۡسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِۦ مِن مَّالٖ وَبَنِينَ
55-56- Алдындагы нерселерге кубанган ал топтор Биз аларга бул дүйнө жашоосунда берген байлыктарды жана бала-чаканы алар татыктуу болгон жакшылыктын тездеши деп ойлоп жатышабы?! Алар ойлогондой эмес! Чындыгында Биз аны аларга мөөнөт берип, акырындык менен азапташ үчүн берип жатабыз. Алар аны сезишпейт.
Ərəbcə təfsirlər:
نُسَارِعُ لَهُمۡ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ بَل لَّا يَشۡعُرُونَ
55-56- Алдындагы нерселерге кубанган ал топтор Биз аларга бул дүйнө жашоосунда берген байлыктарды жана бала-чаканы алар татыктуу болгон жакшылыктын тездеши деп ойлоп жатышабы?! Алар ойлогондой эмес! Чындыгында Биз аны аларга мөөнөт берип, акырындык менен азапташ үчүн берип жатабыз. Алар аны сезишпейт.
Ərəbcə təfsirlər:
إِنَّ ٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ خَشۡيَةِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ
Ал эми ыйман келтирип, жакшылыктарды кылуу менен бирге Раббисинен коркушкандар,
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ يُؤۡمِنُونَ
Анын Китебиндеги аяттарга ыйман келтиришкендер,
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمۡ لَا يُشۡرِكُونَ
Раббисин жалгыздап Ага эч бир нерсени шерик кылбагандар,
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• الاستكبار مانع من التوفيق للحق.
Текеберленүү – акыйкатка карай ийгиликти тосот.

• إطابة المأكل له أثر في صلاح القلب وصلاح العمل.
Адал тамак жеш – жүрөктүн тазалыгына жана иш-аракеттердин тууралыгына таасир берет.

• التوحيد ملة جميع الأنبياء ودعوتهم.
Аллахты жалгыздоо – бардык пайгамбарлардын дини жана чакырыгы.

• الإنعام على الفاجر ليس إكرامًا له، وإنما هو استدراج.
Бузуку адамга берилген жакшылык – бул ага көрсөтүлгөн урмат эмес, бул аны акырындык менен жазалоо.

وَٱلَّذِينَ يُؤۡتُونَ مَآ ءَاتَواْ وَّقُلُوبُهُمۡ وَجِلَةٌ أَنَّهُمۡ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ رَٰجِعُونَ
Жакшылыктарды кылууда тырышчаак болгондор, жакшы иш-аракеттер менен Аллахка жакындагандар. Алар кыямат күнү Аллахка кайтканда садакалары жана жакшы иш-аракеттери Аллахтын алдында кабыл кылынбай калуусунан корккондор.
Ərəbcə təfsirlər:
أُوْلَٰٓئِكَ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَهُمۡ لَهَا سَٰبِقُونَ
Мына ушундай асыл сыпаттарга ээ адамдар жакшылык иштерди алгачкылардан болуп кылууга умтулушат. Алар ага карай жарышкандар, ал үчүн башкалардан озуп кеткендер.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ وَلَدَيۡنَا كِتَٰبٞ يَنطِقُ بِٱلۡحَقِّ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Биз эч бир жанга анын кудурети жетпеген ишти милдет кылбайбыз. Биздин алдыбызда ар бир адамдын иш-аракети жазылган Китеп бар, ал эч кандай шек-күмөнү жок акыйкатты гана сүйлөйт. Аларга сооптору азайтылып же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.
Ərəbcə təfsirlər:
بَلۡ قُلُوبُهُمۡ فِي غَمۡرَةٖ مِّنۡ هَٰذَا وَلَهُمۡ أَعۡمَٰلٞ مِّن دُونِ ذَٰلِكَ هُمۡ لَهَا عَٰمِلُونَ
Тескерисинче, каапырлардын жүрөктөрү акыйкатты сүйлөгөн бул Китептен (Лавхул-Махфуз) жана аларга түшкөн Китептен (Курандан) бейкапар. Алардын каапырлыктан башка дагы кылган иш-аракеттери бар. Алар ошолорду кылышат.
Ərəbcə təfsirlər:
حَتَّىٰٓ إِذَآ أَخَذۡنَا مُتۡرَفِيهِم بِٱلۡعَذَابِ إِذَا هُمۡ يَجۡـَٔرُونَ
Качан Биз алардын бул дүйнөдө жыргап жашагандарын (күнөөгө баткандарын) кыямат күнү азаптап жазалаганыбызда алар үндөрүн бийик чыгарып жардам сурашат.
Ərəbcə təfsirlər:
لَا تَجۡـَٔرُواْ ٱلۡيَوۡمَۖ إِنَّكُم مِّنَّا لَا تُنصَرُونَ
Ошондо Аллахтын ырайымына болгон үмүттөрүн үзүп аларга мындай деп айтылат: «Силер бүгүн кыйкырбагыла жана жардам да сурабагыла! Чындыгында силерди Аллахтын азабынан куткара турган эч бир колдоочу жок».
Ərəbcə təfsirlər:
قَدۡ كَانَتۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَكُنتُمۡ عَلَىٰٓ أَعۡقَٰبِكُمۡ تَنكِصُونَ
Дүйнө жашоосунда силерге Аллахтын Китебиндеги аяттар окулганда аны угарыңар менен жактырбай жүз буруп качат элеңер.
Ərəbcə təfsirlər:
مُسۡتَكۡبِرِينَ بِهِۦ سَٰمِرٗا تَهۡجُرُونَ
Силер муну аль-Харамдын ээси бизбиз деген ойдо адамдарга текеберленип кылат элеңер. Силер анын ээси эмессиңер! Анын ээси – такыбалар. Ошондой эле силер анын тегерегинде түнү бою жаман сөздөрдү сүйлөшүп отурчусуңар. Силер аны ыйык туткан жоксуңар.
Ərəbcə təfsirlər:
أَفَلَمۡ يَدَّبَّرُواْ ٱلۡقَوۡلَ أَمۡ جَآءَهُم مَّا لَمۡ يَأۡتِ ءَابَآءَهُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Аллах Курандагы аяттарды ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаруу үчүн түшүргөн. Мушриктер бул нерселерге ой жүгүртүшпөйбү же аларга мурунку ата-бабаларына келбеген жаңы нерсе келиптирби?! Бирок алар андан жүз бурушту жана жалганга чыгарышты.
Ərəbcə təfsirlər:
أَمۡ لَمۡ يَعۡرِفُواْ رَسُولَهُمۡ فَهُمۡ لَهُۥ مُنكِرُونَ
Же алар Аллах пайгамбар кылып жиберген Мухаммадды (ага Аллахтын саламттыгы-тынчтыгы болсун) билишпейби?! Алар аны жакшы таанышат жана анын чынчылдыгын, аманаткөйлүгүн да жакшы билишет. Бирок алар аны четке кагышты.
Ərəbcə təfsirlər:
أَمۡ يَقُولُونَ بِهِۦ جِنَّةُۢۚ بَلۡ جَآءَهُم بِٱلۡحَقِّ وَأَكۡثَرُهُمۡ لِلۡحَقِّ كَٰرِهُونَ
Алар аны жинди деп жатышат. Алардын сөзү жалган. Тескерисинче, ал аларга Аллах тараптан келгендигинде эч кандай шек жок акыйкат менен келди. Бирок алардын көпчүлүгү акыйкатты жаман көрүшөт, өздөрүндөгү көрө албастыктан жана жалганга катуу берилгендиктен улам аны жек көрүшөт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَوِ ٱتَّبَعَ ٱلۡحَقُّ أَهۡوَآءَهُمۡ لَفَسَدَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهِنَّۚ بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِذِكۡرِهِمۡ فَهُمۡ عَن ذِكۡرِهِم مُّعۡرِضُونَ
Эгер Аллах иштерди алардын напсилери каалагандай кылганда, асмандар менен жер жана андагылар иштердин акыбетин, туура же туура эместигин билбегендиктен кыйрап калмак. А Биз болсо, алардын ызаттуулугун жана кадыр баркын камтыган нерсени: Куранды алып келдик. Алар болсо, андан жүз буруп жатышат.
Ərəbcə təfsirlər:
أَمۡ تَسۡـَٔلُهُمۡ خَرۡجٗا فَخَرَاجُ رَبِّكَ خَيۡرٞۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ
Оо, пайгамбар! Сен алып келген нерсең үчүн алардан акы сурап жатасыңбы, алар ошон үчүн ыйманга чакырыгыңдан баш тартып жатышабы? Сен андай кылган жоксуң. Раббиңдин сыйлыгы – алардын же башкалардын сыйлыгынан жакшыраак. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّكَ لَتَدۡعُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Оо, пайгамбар! Сен аларды жана башкаларды эч кандай бурмалоосу жок туура жолго чакырып жатасың. Ал Ислам жолу.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ عَنِ ٱلصِّرَٰطِ لَنَٰكِبُونَ
Ал эми акыретке жана андагы боло турган суракка, жазага, сыйлыкка ишенбегендер Ислам жолунан чыгып, тозокко алып баруучу бурмаланган жолдорго түшкөндөр.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• خوف المؤمن من عدم قبول عمله الصالح.
Ыймандуу адам кылган жакшы иш-аракеттинин кабыл болбой калуусунан коркот.

• سقوط التكليف بما لا يُسْتطاع رحمة بالعباد.
Кудурети жетпеген ишти аткаруу милдетинен кутулуу – Аллахтын пенделерине кылган ырайымдуулугу.

• الترف مانع من موانع الاستقامة وسبب في الهلاك.
Ашкере барчылыкта, ысрапчылыкта жашоо – туура жолго түшүүдөн тосуучу жана кыйроого учуратуучу бирден-бир себептерден.

• قصور عقول البشر عن إدراك كثير من المصالح.
Адамдын акылы пайдалуу нерселердин көпчүлүгүн толук түшүнүүгө алсыздык кылат.

۞ وَلَوۡ رَحِمۡنَٰهُمۡ وَكَشَفۡنَا مَا بِهِم مِّن ضُرّٖ لَّلَجُّواْ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Эгер Биз аларга ырайым кылып, алардын башына түшкөн кургакчылыкты, ачкачылыкты кетирген болсок да алар акыйкат жолдон адашуусунан баш тартпай темселеп жүрө беришет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَلَقَدۡ أَخَذۡنَٰهُم بِٱلۡعَذَابِ فَمَا ٱسۡتَكَانُواْ لِرَبِّهِمۡ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ
Биз аларды ар кандай кыйынчылыктар менен сынадык. Бирок алар Раббисине моюн сунушкан жок жана аларга түшкөн кыйынчылыктардан куткар деп жалынып дуба да кылышкан жок.
Ərəbcə təfsirlər:
حَتَّىٰٓ إِذَا فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا ذَا عَذَابٖ شَدِيدٍ إِذَا هُمۡ فِيهِ مُبۡلِسُونَ
Качан Биз аларга катуу азаптын эшигин ачканда алар бардык жакшылыктан жана кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Эй, кайра тирилүүнү жалган дегендер! Аллах силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, түшүнүү үчүн жүрөктү жаратты. Буга карабастан силер бул жакшылыктар үчүн аз гана шүгүр кыласыңар.
Ərəbcə təfsirlər:
وَهُوَ ٱلَّذِي ذَرَأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Эй, адамдар! Ал силерди жер бетинде жаратты. Жана силер сурак берип, жаза же сыйлык алыш үчүн кыямат күнү жалгыз Ага гана чогултуласыңар.
Ərəbcə təfsirlər:
وَهُوَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ وَلَهُ ٱخۡتِلَٰفُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Ал жалгыз Өзү гана тирилтет, Андан башка тирилтүүчү жок. Ал жалгыз Өзү гана өлтүрөт, Андан башка өлтүрүүчү жок. Ал жалгыз Өзү түн менен күндүн алмашуусундагы караңгылыкты, жарыкты, алардын узундугу менен кыскалыгын белгилейт. Силер Анын кудуреттүүлүгүнө акыл жүгүртпөйсүңөрбү жана жаратуу менен башкаруу Ага гана таандык дебейсиңерби?!
Ərəbcə təfsirlər:
بَلۡ قَالُواْ مِثۡلَ مَا قَالَ ٱلۡأَوَّلُونَ
Бирок алар каапырлыкта мурунку ата-бабалары айткан сөздөрдү айтышты.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالُوٓاْ أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ
Мүмкүн эмес дегендей четке кагып мындай дешти: «Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин сурак бериш үчүн кайрадан тирилет бекенбиз?!
Ərəbcə təfsirlər:
لَقَدۡ وُعِدۡنَا نَحۡنُ وَءَابَآؤُنَا هَٰذَا مِن قَبۡلُ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Өлгөндөн кийин кайра тирилүү тууралуу айтылган бул удада бизге жана бизге чейинки ата-бабаларыбызга да убада кылынган. Биз бул убаданы ишке ашпайт деп ойлойбуз. Бул байыркылардын жомоктору менен уламыштарынан башка эч нерсе эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
قُل لِّمَنِ ٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهَآ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четке каккан ал каапырлардан сурачы: «Эгер билсеңер айткылачы, бул Жер жана андагы нерселер кимге таандык?».
Ərəbcə təfsirlər:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Алар: «Жер жана андагы нерселер Аллахка таандык»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Эстебейсиңерби, ошол Жерге жана андагыларга ээлик кылган Аллах силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?».
Ərəbcə təfsirlər:
قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلسَّبۡعِ وَرَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ
Аларга айт: «Жети асмандын Раббиси ким? Аллах жараткандардын эң чоңу болгон улуу Арштын Раббиси ким?».
Ərəbcə təfsirlər:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Алар: «Жети асман жана улуу Арш Аллахтын мүлкү»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Аллахтын азабынан кутулуу үчүн Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?».
Ərəbcə təfsirlər:
قُلۡ مَنۢ بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيۡهِ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Аларга айт: «Бүткүл нерсенин бийлиги кимдин колунда? Анын бийлигинен эч бир нерсе чыгып кетпейт. Ал Өзү каалаган пендесине жардам берет. Ал кимге жамандыкты кааласа, эч ким аны азаптан куткарып, коргоп кала албайт. Эгер (башка бирөө болсо) билсеңер айткылачы?».
Ərəbcə təfsirlər:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ فَأَنَّىٰ تُسۡحَرُونَ
Алар: «Бүткүл нерсенин бийлиги Аллахтын гана колунда»,– дешет. Аларга айт: «Муну мойнуңарга алган болсоңор, анда эмнеге акылыңардан адашып, Андан башка нерселерге сыйынып жатасыңар?»
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• عدم اعتبار الكفار بالنعم أو النقم التي تقع عليهم دليل على فساد فطرهم.
Каапырлардын жакшылыктар менен кыйынчылыктардан сабак албаганы алардын түпкү табияты бузук экендигине далил болот.

• كفران النعم صفة من صفات الكفار.
Жакшылыкты танып кетүү – каапырлардын сыпаттарынан.

• التمسك بالتقليد الأعمى يمنع من الوصول للحق.
Сокур ээрчүү – акыйкатка жетүүгө тоскоол болот.

• الإقرار بالربوبية ما لم يصحبه إقرار بالألوهية لا ينجي صاحبه.
Аллахтын жалгыз Жаратуучу, бүткүл мүлктүн Ээси, жалгыз Башкаруучу, жалгыз Ырыскы берүүчү экендигин моюнга алып, бирок сыйынуу Ага гана болуусу керектигин моюнга албаса, анда ал азаптан кутулбайт.

بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Биз аларга эч кандай шек-күмөнү болбогон акыйкатты алып келдик. Ал эми алардын Аллахтын шериги жана баласы бар деген ойлору анык жалган. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу жана бийик.
Ərəbcə təfsirlər:
مَا ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ مِن وَلَدٖ وَمَا كَانَ مَعَهُۥ مِنۡ إِلَٰهٍۚ إِذٗا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهِۭ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ
Каапырлар ойлогондой Аллах эч кимди Өзүнө бала кылган эмес жана Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай жок. Эгерде Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай болгондо, анда алардын ар бири өзү жараткан нерселерин бөлүп кетмек жана бири-бирине үстөмдүк кылмак, анан ааламдын тартиби бузулмак. Акыйкатта андай нерсе болгон жок. Демек, бул нерсе сыйынууга татыктуу жалгыз кудай – Аллах экендигине далил болот. Аллах мушриктер Ага таңуулап баласы бар жана шериги бар деген сыяктуу Ага туура келбеген сыпаттардан аруу жана ыйык.
Ərəbcə təfsirlər:
عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Ал инсандарга жана башка жаратылгандарга билинбеген ар бир нерсени Билүүчү. Ошондой эле көрүнгөн, көрүнбөгөн же сезилбеген болсун ар бир нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах шериктерден аруу.
Ərəbcə təfsirlər:
قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Эгер мага мушриктерге убада кылган азапты көргөзө турган болсоң.
Ərəbcə təfsirlər:
رَبِّ فَلَا تَجۡعَلۡنِي فِي ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, Раббим! Эгер Сен аларды жазалай турган болсоң жана мен аны көргөн болсом, анда мени алардын арасында калтырба. Аларга түшкөн азап мага да тийип калбасын».
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّا عَلَىٰٓ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمۡ لَقَٰدِرُونَ
Чындыгында Биз аларга убада кылган азапты сага да көргөзүүгө кудуретибиз жетет. Биз аны да, башкасын да кылууга алсыз эмеспиз.
Ərəbcə təfsirlər:
ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ ٱلسَّيِّئَةَۚ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَصِفُونَ
Оо, пайгамбар! Сага жамандык кылган адамга эң жакшы сыпатта, кечирим менен жооп бер. Анын берген зыянына сабыр кыл. Биз алар сыпаттап жаткан ширк, жалганга чыгарууну, ошондой эле жинди, сыйкырчы деп сага ылайык келбеген сыпаттарды айтып жаткандарын жакшы билебиз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنۡ هَمَزَٰتِ ٱلشَّيَٰطِينِ
Айткын: «Оо, Раббим! Мен Өзүң менен жин-шайтандардын азгырыктарынан жана жаман ойлорунан, куулуулуктарынан коргономун.
Ərəbcə təfsirlər:
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحۡضُرُونِ
Оо, Раббим! Алар менин иштериме аралашуусунан Сенден коргоо сураймын».
Ərəbcə təfsirlər:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ رَبِّ ٱرۡجِعُونِ
Качан ал мушриктердин бирине өлүм келип, аны өз көзү менен көргөн кезде ал өткөргөн өмүрүнө жана Аллахтын алдындагы милдеттерин аткарбаганга өкүнүп мындай деп айтат: «Оо, Раббим! Мени дүйнөгө кайтара көр!
Ərəbcə təfsirlər:
لَعَلِّيٓ أَعۡمَلُ صَٰلِحٗا فِيمَا تَرَكۡتُۚ كَلَّآۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَآئِلُهَاۖ وَمِن وَرَآئِهِم بَرۡزَخٌ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
"Аттиң, эгер кайра жаралсам, жакшы иштерди кылмакмын" (дейт). Жок, иш ал талап кылгандай болбойт! Чынында, бул жөн эле айтылган сөз. Эгер ал дүйнө жашоосуна кайра кайтарылса да айткан убадасын аткарбайт. Ал өлгөн адамдар кайра тирилүү күнүнө чейин дүйнө менен акыреттин ортосун бөлгөн жайда болот. Алар өткөрүп жиберген ишин кайра аткаруу жана бузуку иштерин кайра оңдоо үчүн дүйнө жашоосуна кайтып келбейт.
Ərəbcə təfsirlər:
فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَلَآ أَنسَابَ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ وَلَا يَتَسَآءَلُونَ
Сурнай тартууга жоопкер болгон периште кыяматтын башталганын жар салып экинчи жолу сурнайды тарткан кезде алардын ортосундагы сыймыктанышкан тууганчылыгы да жок болот. Анткени алар акыреттеги коркунучтар менен алек болуп калышат. Ошондой эле аларга түшкөн чоң мүшкүл убайымга салган себептүү алар бири-бирин да сурашпай калат.
Ərəbcə təfsirlər:
فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Кимдин сооптору күнөөлөрүнөн көптүк кылып таразасы оор болсо, мына ошолор көздөгөнүнө жетип жана коркунучтардан кутулуп ийгиликке жеткендер.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فِي جَهَنَّمَ خَٰلِدُونَ
Ал эми кимдин күнөөлөрү соопторунан көптүк кылып таразасы жеңил болсо, мына ошолор зыян иштерди кылып жана пайда берген ыйман менен жакшылык иштерди таштап өздөрүнө зыян кылгандар. Алар тозок отунда болушат, ал жактан чыгышпайт.
Ərəbcə təfsirlər:
تَلۡفَحُ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ وَهُمۡ فِيهَا كَٰلِحُونَ
Алардын жүздөрү тозокко куйкаланат. Ал жайда алардын беттери катуу тырышканы үчүн алдыңкы жана үстүңкү эриндери тартылып, тиштери көрүнүп калат.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• الاستدلال باستقرار نظام الكون على وحدانية الله.
Аалам тартибинин бузулбай сакталып турушу Аллахтын жалгыздыгына далил болот.

• إحاطة علم الله بكل شيء.
Аллахтын илими бүткүл нерсени өзүнө камтыйт.

• معاملة المسيء بالإحسان أدب إسلامي رفيع له تأثيره البالغ في الخصم.
Жамандык кылган адамга жакшы мамиле кылуу – Исламдын улуу адептеринен. Бул сыпаттын душмандык кылган адамга тийгизген таасири чоң.

• ضرورة الاستعاذة بالله من وساوس الشيطان وإغراءاته.
Шайтандын азгырыктарынан Аллахтан коргоо суроонун зарылдыгы.

أَلَمۡ تَكُنۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَكُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ
Аларга айптоо менен мындай деп айтылат: «Силерге дүйнө жашоосунда Куран аяттары окулбады беле, а силер болсо аны жалганга чыгаргансыңар?!».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالُواْ رَبَّنَا غَلَبَتۡ عَلَيۡنَا شِقۡوَتُنَا وَكُنَّا قَوۡمٗا ضَآلِّينَ
Алар айтышат: «Оо, Раббибиз! Сенин абалкы илимиңде бизге жазылган бактысыздык үстөмдүк кылып, биз акыйкаттан адашкан коом болдук.
Ərəbcə təfsirlər:
رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡهَا فَإِنۡ عُدۡنَا فَإِنَّا ظَٰلِمُونَ
Оо, Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр! Эгер биз кайра каапырлыкка жана адашууга кайта турган болсок, анда өзүбүзгө зулум кылгандардан болобуз. Мына ошондо бизге кечирим болбойт».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ ٱخۡسَـُٔواْ فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ
Аллах айтат: «Тозокто кор болуп жашагыла жана Мага сүйлөбөгүлө!».
Ərəbcə təfsirlər:
إِنَّهُۥ كَانَ فَرِيقٞ مِّنۡ عِبَادِي يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Чындыгында Мага ыйман келтирген пенделеримдин бир тайпасы айтышат: «Оо, Раббибиз! Биз Сага ыйман келтирдик, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана бизге Өзүң ырайым кыл. Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың».
Ərəbcə təfsirlər:
فَٱتَّخَذۡتُمُوهُمۡ سِخۡرِيًّا حَتَّىٰٓ أَنسَوۡكُمۡ ذِكۡرِي وَكُنتُم مِّنۡهُمۡ تَضۡحَكُونَ
Силер болсо Раббисине дуба кылган ал ыймандууларды маскаралап шылдыңдай берип, аларды шылдыңдоо менен алек болгонуңар акыры силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койду. Силер болбой эле алардын үстүнөн күлүп шылдыңдап маскаралай бердиңер.
Ərəbcə təfsirlər:
إِنِّي جَزَيۡتُهُمُ ٱلۡيَوۡمَ بِمَا صَبَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ
Кыямат күнү Мен ал ыймандууларды бейишке жеткирип сыйлык беремин. Анткени алар Аллахка моюн сунууга жана силерден көргөн зыяндарга сабыр кылышты.
Ərəbcə təfsirlər:
قَٰلَ كَمۡ لَبِثۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ عَدَدَ سِنِينَ
Ал айтты: «Жер бетинде канча жыл жашадыңар? Ал жакта канча убактыңарды текке кетирдиңер?».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالُواْ لَبِثۡنَا يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖ فَسۡـَٔلِ ٱلۡعَآدِّينَ
Алар: «Бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө жашадык. Жакшысы күндөрдү жана айларды эсептегендерден сура»,– деп жооп беришет.
Ərəbcə təfsirlər:
قَٰلَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗاۖ لَّوۡ أَنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Ал айтты: «Силер дүйнөдө аз гана убакыт болдуңар. Эгер силер канча болгонуңардын ченин билгениңерде, анда Аллахка моюн сунууга сабыр кылуу жеңил болмок.
Ərəbcə təfsirlər:
أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ
Эй, адамдар! Биз силерди жаныбарлар сыяктуу сыйлык-жазасы жок максатсыз жаратып жана кыямат күнү сурак бериш үчүн Бизге кайтпайбыз деп ойлоп жатасыңарбы?!».
Ərəbcə təfsirlər:
فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡحَقُّۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡكَرِيمِ
Жараткандарын Өзү каалагандай башкарган Падыша Аллах аруу. Ал – Өзү акыйкат, убадасы акыйкат, сөзү акыйкат жана Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – жаратылгандардын эң чоңу болгон улуу Арштын Ээси. Эгер ким жаратылгандардын эң чоңунун Раббиси болсо, анда Ал бүткүл жаратылгандардын Раббиси.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَن يَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ لَا بُرۡهَٰنَ لَهُۥ بِهِۦ فَإِنَّمَا حِسَابُهُۥ عِندَ رَبِّهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Кимде-ким Аллах менен катар сыйынууга татыктуу экенине эч кандай далили жок башка бир кудайга дуба кылса (бул Аллахтан башка бардык кудайчаларга тийиштүү), анда анын бул кылган күнөө ишинин жазасы Раббисинин алдында. Ал Өзү аны азап менен жазалайт. Чындыгында каапырлар көздөгөнүнө жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَقُل رَّبِّ ٱغۡفِرۡ وَٱرۡحَمۡ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир жана мага Өзүң ырайым кыл! Сен – күнөөкөргө ырайым кылып, тообосун кабыл кылгандардын эң жакшысысың».
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• الكافر حقير مهان عند الله.
Каапыр адам – Аллахтын алдында кор жана төмөн адам.

• الاستهزاء بالصالحين ذنب عظيم يستحق صاحبه العذاب.
Жакшы адамдарды шылдыңдоо чоң күнөө. Ал адам азапка татыктуу болот.

• تضييع العمر لازم من لوازم الكفر.
Өмүрдү пайдасыз өткөрүү каапырлыкты коштогон нерселерден.

• الثناء على الله مظهر من مظاهر الأدب في الدعاء.
Аллахка мактоолорду айтуу – дуба кылуунун адептеринен.

• لما افتتح الله سبحانه السورة بذكر صفات فلاح المؤمنين ناسب أن تختم السورة بذكر خسارة الكافرين وعدم فلاحهم.
Аллах таала бул сүрөөнү ыймандуулардын ийлигикке жетүүсү менен баштады. Ошого ылайык сүрөөнүн акырында каапырлардын кыйроого учуроосун жана ийгиликке жетпестигин айтты.

 
Mənaların tərcüməsi Surə: əl-Muminun
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Tərcumənin mündəricatı

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Bağlamaq