Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation * - Translations’ Index

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Translation of the meanings Ayah: (125) Surah: An-Nahl
ٱدۡعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلۡحِكۡمَةِ وَٱلۡمَوۡعِظَةِ ٱلۡحَسَنَةِۖ وَجَٰدِلۡهُم بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ
(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал туура жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.[1]
[1] Бул аятта Аллах мусулмандарга дааваттын (Исламга чакыруунун) эрежесин үйрөтүүдө. Демек, дааваттын эң биринчи шарты хикмат экен. Хикмат - бул даанышмандык. Хикмат бул ар бир угуучунун абалына, баам-парасатына, кабыл алуу жөндөмүнө жараша сүйлөө санаты. Хикмат бул илим. Эгер дааватчынын илими болбосо, угуучунун зээнине, баамына, кабыл алуусуна жараша, зарыл, орчундуу сөздөрдөн баштабай, эмнени жаттаган болсо аралаштырып төгүп салат же болбосо өзүн үлгүлүү тута албай "ишти бузуп койот". Ошентип, дааватчы эң оболу хикмат - илим, даанышмандык менен сөз баштайт. Угуучу баамчыл болсо, ошол жетиштүү. Эгер буга муюбаса, үлгүлүү насааттарга өтөт. Үлгүлүү насаат деген бул Курандагы буйруктар менен тыюуларды айтып үгүт жүргүзүү. Аллах буюрган нерселерди айтканда, ал буйруктардын инсанга дүйнөлүк жана акыреттик пайдаларына кеңири токтолуу. Аллах тыйган нерселерди айтканда ал иштин адамга, коомго жана ыйманга тийгизген зыяндарын далилдеп көргөзүү же болбосо, Аллахтын өкүмдөрүн кармаган адамдын мартабасы менен, Шариятты тебелеген адамдын кор болгон акыбетин мисал келтирүү... Же болбосо, Акыреттеги Аллах өкүмдөрүнө моюн сунуп жашаган момундардын сыйлыктары менен каапырлар үчүн даярдаган азаптарын айтып, үгүттөө... Эгер Угуучу тап-такыр башка пикирде болсо, маселен, Аллахка ишенбесе же Исламдын чындыгынан шектенүүчү болсо, мындай кишилерди ынандыруу үчүн сөзсүз талаш-тартыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш зарыл болот. Мындай шартта Курандын буйругу: "эң сонун талаш жүргүз" деген аят. Эң сонун талаштын дагы бир талабы, өзүн салмактуу кармап, сөзгө конок берип, ачууланбай, кызууланбай (чычалабай) сүйлөшүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
 
Translation of the meanings Ayah: (125) Surah: An-Nahl
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Translations’ Index

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

close