Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation * - Translations’ Index

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Translation of the meanings Ayah: (92) Surah: An-Nisā’
وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٍ أَن يَقۡتُلَ مُؤۡمِنًا إِلَّا خَطَـٔٗاۚ وَمَن قَتَلَ مُؤۡمِنًا خَطَـٔٗا فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖ وَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُواْۚ فَإِن كَانَ مِن قَوۡمٍ عَدُوّٖ لَّكُمۡ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ وَإِن كَانَ مِن قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞ فَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ وَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ تَوۡبَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Момун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса - (атайлап) өлтүрүүсү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн жуу үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллах тарабынан тообосу кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.[1]
[1] Момун адамды атайлап өлтүргөн ыймандуунун ыйманы кескин түрдө азайып, каапырчылыкка жакындашып калат. Ошондуктан пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: “Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүүчү каапырларга айланып калбагыла” деп катуу эскерткен.
Arabic explanations of the Qur’an:
 
Translation of the meanings Ayah: (92) Surah: An-Nisā’
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Translations’ Index

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

close