Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation * - Translations’ Index

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Translation of the meanings Ayah: (33) Surah: Al-Mā’idah
إِنَّمَا جَزَٰٓؤُاْ ٱلَّذِينَ يُحَارِبُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَسۡعَوۡنَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَسَادًا أَن يُقَتَّلُوٓاْ أَوۡ يُصَلَّبُوٓاْ أَوۡ تُقَطَّعَ أَيۡدِيهِمۡ وَأَرۡجُلُهُم مِّنۡ خِلَٰفٍ أَوۡ يُنفَوۡاْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِۚ ذَٰلِكَ لَهُمۡ خِزۡيٞ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Аллахка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болуусу үчүн) жана Акыретте аларга чоң азап бар.[1]
[1] Ибн Аббас - Аллах андан ыразы болсун - бул аяттын тафсиринде мындай деген: “Бул - каракчылардын жазасы. Эгер алар кишилердин малын карактоо менен бирге, өздөрүн өлтүрүшсө, башкаларга ачуу сабак болсун үчүн аларды өлтүрүүгө же асып өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгер алар адамдарды өлтүрүп, мал-мүлкүн калтырышкан болсо, (жеңилирээк) өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгерде, мал-мүлктү тоноп, адамдарга катылбаган болсо, бүт-колдору каршы-терши кылып кесилет: оң кол, сол буту жана сол кол, оң буту. Ал эми, адамдарды өлтүрбөй, мүлкүнө да тийбей, бирок баскын жасап, коркутуп-үркүтүп кетсе, аны жеринен сүргүн кылынат. Бул аят мусулмандардын башчыларынын мойнуна букараларга бейпил турмушту, коркунучсуз сапарды камсыз кылуу милдетин тагат.
Arabic explanations of the Qur’an:
 
Translation of the meanings Ayah: (33) Surah: Al-Mā’idah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Translations’ Index

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

close