Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov * - Translations’ Index

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Translation of the meanings Surah: At-Tawbah   Ayah:
إِنَّمَا ٱلنَّسِيٓءُ زِيَادَةٞ فِي ٱلۡكُفۡرِۖ يُضَلُّ بِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُحِلُّونَهُۥ عَامٗا وَيُحَرِّمُونَهُۥ عَامٗا لِّيُوَاطِـُٔواْ عِدَّةَ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُ فَيُحِلُّواْ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُۚ زُيِّنَ لَهُمۡ سُوٓءُ أَعۡمَٰلِهِمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Аныгында, “насиь” (айлардын ордун алмаштыруу) аша чапкан каапырчылык. Ал себептүү каапырлар (катуу) адашып, Аллах арам кылган айлардын санагын дал келтирүү үчүн аны (“насиьны”) бир жыл адал кылышса, бир жыл арам кылышат. Эми, алар (бул жоругу менен) Аллах арам кылган нерсени адал кылышууда. Аларга (шайтан тарабынан) иштеринин жамандыгы кооздолуп көргөзүлүүдө. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.[1]
[1] Бул аятта Аллах таала мушриктер өз ойлорунан чыгарган арам иштеринин бетин ачат. Алар “харам” айларында согуш ачуу өздөрүнүн шарттарына, пайдаларына дал келип калса, бул айларды артка же алдыга жылдырып, “харам” айлардан канчасында согушса, башка айлардан ошончосун алардын ордуна коюп, ошол айларды “харам” деп аташат эле. Алардын бул иштери (айларды алдыга, аркага сүрүүлөрү) аятта “насиь” деп аталууда.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَا لَكُمۡ إِذَا قِيلَ لَكُمُ ٱنفِرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱثَّاقَلۡتُمۡ إِلَى ٱلۡأَرۡضِۚ أَرَضِيتُم بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مِنَ ٱلۡأٓخِرَةِۚ فَمَا مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ
О, ыйман келтиргендер! Силерге эмне болду, “Аллахтын жолунда (жихадга) чыккыла” деп айтылганда жерге оор отуруп калдыңар?! Эмне, силер Акыреттин ордуна дүйнө жашоосуна ыраазы болуп калдыңарбы?! Акыреттин алдында дүйнө жашоосу(нун жыргалдары) аз нерсе го![1]
[1] Бул аят Рум (византиялыктар) менен болгон “Табук” казатына чакырык болгондо түшкөн. Ошондо күн аябай ысык, тамак-аш тартыш болчу. Кээ бир мусулмандар жалакайлык кылса, кээ бир мунафыктар жалган шылтоолор айтып казатка барбай калышкан.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا تَنفِرُواْ يُعَذِّبۡكُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَيَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيۡـٔٗاۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Эгер чыкпасаңар Аллах силерди катуу азапка салып, (өлтүрүп) ордуңарга башка коомду алып келет. Силер (Аллахтын чакырыгына жооп бербей койсоңор) Ага эч нерсени зыян келтире албайсыңар. Аллах ар нерсеге кудуреттүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدۡ نَصَرَهُ ٱللَّهُ إِذۡ أَخۡرَجَهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ثَانِيَ ٱثۡنَيۡنِ إِذۡ هُمَا فِي ٱلۡغَارِ إِذۡ يَقُولُ لِصَٰحِبِهِۦ لَا تَحۡزَنۡ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَنَاۖ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَيۡهِ وَأَيَّدَهُۥ بِجُنُودٖ لَّمۡ تَرَوۡهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلسُّفۡلَىٰۗ وَكَلِمَةُ ٱللَّهِ هِيَ ٱلۡعُلۡيَاۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эгер ага (пайгамбарга) силер жардам бербесеңер, Аллахтын Өзү жардам берген: бир кезде, каапыр болгон адамдар аны экөөнүн экинчиси кылып (Меккеден) чыгарышканда (жардам берген). Ошондо, экөө[1] үңкүрдө турганда, ал шеригине: “Кайгырбагын, Аллах биз менен” деген убакытта Аллах ага бейпилдик түшүрүп, силер көрбөй турган аскерлер (периштелер) менен колдоду. Жана каапыр адамдардын (“Мухаммадды сөзсүз өлтүрөбүз” деген) сөздөрүн төмөн кылды жана Аллахтын (эзелки тагдырдагы) сөзү жогору болду. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.[2]
[1] Мухаммад (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) менен Абу Бакр Сыддык.
[2] Мекке мушриктери пайгамбарыбызды өлтүрүү үчүн эреже (план) түзүп, желдеттерди жибергенде жана Аллах аны пайгамбарына вахий түрүндө билдиргенде, досу Абу Бакр менен “экөөнүн экинчиси” болуп, Аллахтын колдоосу менен аман-эсен Меккеден чыгып, түнү менен шаардын этек жагындагы тоонун “Савр” деген үңкүрүнө жашынып калышат. Ошол заматтын өзүндө аларды “Савр” үңкүрүнөн издөө эч кимдин оюна келбеди. Жок, келбеди эмес, Аллах келтирбеди. Кийинчерээк бир изкубар менен алардын изин кууп, үңкүрдүн оозуна келип калышканда Абу Бакр Исламдын келечегин ойлоп ыйлап жиберет. Ошондо, Аллах Өз пайгамбарынын дилине “Алар сени таба алышпайт” деген вахий кабары менен бейпилдикти салат жана ал шериги Абу Бакрды: “Кайгырба, Аллах биз менен” деп сооротот. Анткени, Аллах аларга Өз периштелерин коргоочу кылып койгон эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
 
Translation of the meanings Surah: At-Tawbah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov - Translations’ Index

Translated by Shamsuddin Hakimov Abdulkhaliq and developed under the supervision of Rowwad Translation Center

close