Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (41) Surah: Yūsuf
يَٰصَٰحِبَيِ ٱلسِّجۡنِ أَمَّآ أَحَدُكُمَا فَيَسۡقِي رَبَّهُۥ خَمۡرٗاۖ وَأَمَّا ٱلۡأٓخَرُ فَيُصۡلَبُ فَتَأۡكُلُ ٱلطَّيۡرُ مِن رَّأۡسِهِۦۚ قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ ٱلَّذِي فِيهِ تَسۡتَفۡتِيَانِ
Оо, менин зындандагы шериктерим! Түшүндө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатканын көргөн адам мурунку ишине кайтып, кожоюнуна шарап куюп берет. Ал эми түшүндө башына нан көтөрүп, андан чымчыктар чокуп жатканын көргөн адам болсо буту-кулунан дарга кагылып өлтүрүлөт, анан чымчыктар анын башынын этинен чокуп жешет. Силер өкүмүн сураган иштин толук чечмелениши ушундай. Ал сөзсүз ишке ашат.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• وجوب اتباع ملة إبراهيم، والبراءة من الشرك وأهله.
Ибрахим пайгамбардын динин ээрчүнүн жана ширк менен мушриктерден баш тартуунун милдеттиги.

• في قوله:﴿ءَأَرْبَابٌ مُّتَفَرِّقُونَ ...﴾ دليل على أن هؤلاء المصريين كانوا أصحاب ديانة سماوية لكنهم أهل إشراك.
Аллахтын «бытыранды кудайларбы?...» деген сөзүндө айтылган адамдар – көктөн түшкөн диндерди тутунгандар экенине далил болот. Бирок алар ширк кылган адамдар.

• كلُّ الآلهة التي تُعبد من دون الله ما هي إلا أسماء على غير مسميات، ليس لها في الألوهية نصيب.
Аллахтан башка сыйынылган кудайлар – алар атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок.

• استغلال المناسبات للدعوة إلى الله، كما استغلها يوسف عليه السلام في السجن.
Аллахка даават кылууда мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу. Юсуф пайгамбар да зынданда ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаланды.

 
Translation of the meanings Ayah: (41) Surah: Yūsuf
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close