Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Ibrāhīm   Ayah:
تُؤۡتِيٓ أُكُلَهَا كُلَّ حِينِۭ بِإِذۡنِ رَبِّهَاۗ وَيَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Бул мөмөлүү бак Раббисинин буйругу менен жакшы мөмөсүн бардык мезгилде берип турат. Аллах таала адамдарга ушул сыяктуу мисалдарды балким алар эстерине келишет деп айтып турат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٖ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ ٱجۡتُثَّتۡ مِن فَوۡقِ ٱلۡأَرۡضِ مَا لَهَا مِن قَرَارٖ
Ал эми ыплас ширк сөзүнүн мисалы жаман дарак сыяктуу. Ал дарак ханзал дарагы. Ал өзүнүн тамырынан жулунуп калган. Жерге туруктуу негизи жок. Ал асманга карай көтөрүлбөйт. Ошондуктан ал куурап өлүп калат да аны шамал учуруп кетет. Мына ошондой эле каапырлык сөздөр акыр аягы барып жок болот. Ал сөздөрдү айткан адам үчүн Аллахтын алдында жакшы иш болуп жазылбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يُثَبِّتُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱلۡقَوۡلِ ٱلثَّابِتِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَيُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلظَّٰلِمِينَۚ وَيَفۡعَلُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ
Аллах ыймандуулардын ыйманын бул дүйнөдө бекем күбөлүк келмеси менен толук бекемдейт. Алардын ыйманы толук болгон абалда бул дүйнөдөн кайтышат. Кабыр жашоосунда аларга суроо берилген кезде жана кыямат күнүндө кубаттайт. Аллах залымдарды Раббисине ширк келтирүү менен жана туура жолдон баш тартуусу менен адаштырат. Аллах каалаганын ишке ашырат – кимди адаштырууну кааласа, анда аны адилеттүүлүгү менен адаштырат. Ошондой эле кимди туура жолго салууну кааласа, аны Өзүнүн жакшылыгы менен туура жолго салат. Аллахты эч ким мажбурлай албайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ بَدَّلُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ كُفۡرٗا وَأَحَلُّواْ قَوۡمَهُمۡ دَارَ ٱلۡبَوَارِ
Аллахтын жакшылыктарын алмаштырган Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгон курейш уруусунун абалын көрбөдүңбү? Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген жана Харам жерин аман кылып койгон жакшылыктарды алар Раббисинен келген акыйкатты жалганга чыгарган каапырлыгы менен алмаштырышты. Жана алардын коомунан аларды каапырлыкта ээрчиген адамдарды кыйратуучу жайга түшүрүштү.
Arabic explanations of the Qur’an:
جَهَنَّمَ يَصۡلَوۡنَهَاۖ وَبِئۡسَ ٱلۡقَرَارُ
Кыйратуучу жай – алар кире турган тозок жайы. Алар анын ысыгын татышат. Алардын кала турган жайы – кандай жаман жай болду.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَجَعَلُواْ لِلَّهِ أَندَادٗا لِّيُضِلُّواْ عَن سَبِيلِهِۦۗ قُلۡ تَمَتَّعُواْ فَإِنَّ مَصِيرَكُمۡ إِلَى ٱلنَّارِ
Мушриктер ээрчиген адамдарды Аллахтын жолунан адаштыргандан кийин дагы да адаштыруу үчүн кудайларын Аллахка теңдеш кылышты жана Ага окшоштурушту. Эй, пайгамбар! Аларга: “Бул дүйнөдө кумарга баткан жашооңордо жыргай бергиле жана шектенген күмөнүңөрдү тарата бергиле. Албетте кыямат күнүндө бара турган жайыңар тозок болот. Андан башка жакка кете албайсыңар” – деп айткын.
Arabic explanations of the Qur’an:
قُل لِّعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُنفِقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا بَيۡعٞ فِيهِ وَلَا خِلَٰلٌ
Оо, пайгамбар! Ыймандууларга мындай деп айт: “Оо, ыймандуулар! Намазды толук түрдө окугула. Дос досуна шапаат кыла албаган, Аллахтын азабынан кутулуу үчүн соодалашуу жана кун төлөө кабыл алынбаган күн келе электе, силер Аллах берген ырыскылардан парз жана нафил садакалардан бергиле. Садаканы эл көрүнүүдөн сактануу үчүн жашыруун түрдө жана башкаларга үлгү болуу үчүн ачык түрдө бергиле.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزۡقٗا لَّكُمۡۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلۡفُلۡكَ لِتَجۡرِيَ فِي ٱلۡبَحۡرِ بِأَمۡرِهِۦۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلۡأَنۡهَٰرَ
Аллах асмандарды жана жерди мурда болбогон көрүнүштө жоктон бар кылды. Асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Оо, адамдар! Силерге ырыскы кылып жааган жамгырдан ар түрдүү мөмө-жемиштерди чыгарды. Ошондой эле силерге тагдыр кылып суу үстүндө жүргөн кемелерди жана суусун ичүү үчүн дарыяларды баш ийдирип койду. Андан малыңарды жана эгиниңерди суугарасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ دَآئِبَيۡنِۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ
Токтобой чыгып турган Күн менен Айды жана биринин артынан бири келген күн менен түндү силерге баш ийдирди. Түн силерди уктап эс алууңар үчүн, күндүзү силер сергек болуп мээнет кылууңар үчүн.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• تشبيه كلمة الكفر بشجرة الحَنْظل الزاحفة، فهي لا ترتفع، ولا تنتج طيبًا، ولا تدوم.
Каапырлык сөзү жерге ажырык болуп өскөн ханзал өсүмдүгүнө окшош. Анткени ал жогору карап көтөрүлбөйт, жакшы мөмө бербейт жана тез куурап жок болот.

• الرابط بين الأمر بالصلاة والزكاة مع ذكر الآخرة هو الإشعار بأنهما مما تكون به النجاة يومئذ.
Намаз окуу, зекет берүү тууралуу айтылган буйруктар менен Кыямат күндүн чогуу эскерилүүсүндө байланыш бар. Анткени, кыямат күнү намаз окуган жана зекет берген адамдар (азаптан) кутулат.

• تعداد بعض النعم العظيمة إشارة لعظم كفر بعض بني آدم وجحدهم نعمه سبحانه وتعالى .
Аллахтын улуу жакшылыктарын эсептеп чыгып эске туюп жүрүү – Аллахтын жакшылыктарын четке каккан адамдар чоң каапырлыкка барышканына ишарат кылынат.

 
Translation of the meanings Surah: Ibrāhīm
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close