Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Isrā’   Ayah:
ذَٰلِكَ مِمَّآ أَوۡحَىٰٓ إِلَيۡكَ رَبُّكَ مِنَ ٱلۡحِكۡمَةِۗ وَلَا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتُلۡقَىٰ فِي جَهَنَّمَ مَلُومٗا مَّدۡحُورًا
Биз ачыктап түшүндүргөн буйруктар, тыюулар жана өкүмдөр – Раббиң сага аян кылган кабарлардан. Эй, инсан! Аллах менен бирге башка нерсени кудай кылып алба! Андай кылсаң кыяматта тозокко ыргытыласың, ошондо өзүңдү-өзүң жемелейсиң, адамдар да сени жемелейт жана бардык жакшылыктан куру каласың.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَأَصۡفَىٰكُمۡ رَبُّكُم بِٱلۡبَنِينَ وَٱتَّخَذَ مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنَٰثًاۚ إِنَّكُمۡ لَتَقُولُونَ قَوۡلًا عَظِيمٗا
Оо, периштелер Аллахтын кыздары деп айткандар! Эй, мушриктер! Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү болсо периштелерди кыз кылып алыптырбы?! Аллах силер айткан нерседен аруу. Чындыгында силер Аллахтын баласы бар, кыздары бар деп каапырлык кылып Ага каршы өтө оор сөздү айтып жатасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لِيَذَّكَّرُواْ وَمَا يَزِيدُهُمۡ إِلَّا نُفُورٗا
Адамдар пайдалуусун аткарып, зыяндуусун таштап сабак алуулары үчүн Биз бул Куранда өкүм-буйруктарды, үлгү-насааттарды жана окуяларды баяндадык. Бирок аныгында бул нерсе ички дүйнөсү бузуктардын кээ бирлерин кайра акыйкаттан алыстатты жана жаман көрүүлөрүн күчөттү.
Arabic explanations of the Qur’an:
قُل لَّوۡ كَانَ مَعَهُۥٓ ءَالِهَةٞ كَمَا يَقُولُونَ إِذٗا لَّٱبۡتَغَوۡاْ إِلَىٰ ذِي ٱلۡعَرۡشِ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Эгер алар жалган жалаа жаап айткандай Аллах менен катар башка кудайлар болгондо, анда ал жалган кудайлары Арштын Ээси Аллахтын бийлигин басып алууга жол издешмек, аны талашышмак».
Arabic explanations of the Qur’an:
سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوّٗا كَبِيرٗا
Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден аруу, ыйык жана алар айткан сөздөрдөн бийик.
Arabic explanations of the Qur’an:
تُسَبِّحُ لَهُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ ٱلسَّبۡعُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهِنَّۚ وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمۡدِهِۦ وَلَٰكِن لَّا تَفۡقَهُونَ تَسۡبِيحَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا
Аллахты асмандар аруулайт, жер аруулайт жана асмандар менен жердин ортосундагы бүткүл макулуктар аруулайт. Кайсы нерсе болбосун, Ага мактоо айтып аруулап турат. Бирок силер алардын кантип аруулап жаткандарын түшүнбөйсүңөр. Силер тилиңер менен аруулаганыңарды гана түшүнөсүңөр. Чындыгында Аллах жазалоого шашылбаган Кеңпейил жана Ага тообо кылгандарга Кечиримдүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذَا قَرَأۡتَ ٱلۡقُرۡءَانَ جَعَلۡنَا بَيۡنَكَ وَبَيۡنَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ حِجَابٗا مَّسۡتُورٗا
Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганда алар андагы насааттарды, коркутууларды угушуп баш тартышкан болсо, алардын жазасы катары сени менен кыямат күнүнө ишенбегендердин ортосунда тосмо кылып коебуз. Ал аларды Куранды түшүнүүдөн тосуп коёт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَجَعَلۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ أَكِنَّةً أَن يَفۡقَهُوهُ وَفِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٗاۚ وَإِذَا ذَكَرۡتَ رَبَّكَ فِي ٱلۡقُرۡءَانِ وَحۡدَهُۥ وَلَّوۡاْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِمۡ نُفُورٗا
Алар Куранды түшүнбөш үчүн жүрөктөрүн жаап койдук. Алар угуп пайда албаш үчүн кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгерде сен Куранда Раббиңди эле айтып, алардын жалган кудайларын айтпай турган болсоң, анда алар Аллахты чын ыкластан жалгыздабастан артка бурулуп кетишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَسۡتَمِعُونَ بِهِۦٓ إِذۡ يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَ وَإِذۡ هُمۡ نَجۡوَىٰٓ إِذۡ يَقُولُ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا
Биз алардын башчылары Куранды кандай максатта угуп жатышкандарын жакшы билебиз. Алар аны менен туура жолго түшүүнү каалашпайт. Алардын каалоосу – сен Куран окуганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп, тоготпогондой мамиле кылуу. Биз алардын аны жалганга чыгарган, адамдарды андан тоскон сыяктуу өз ара шыбырашкан сөздөрүн да жакшы билебиз. Ошол кезде ал залымдар каапырлык кылышып: «Эй, адамдар! Силер сыйкырланган, акылынан адашкан адамды гана ээрчип жатасыңар»,– деп айтышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَالَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Карасаң, алар сени түрдүү жаман сыпаттар менен сыпаттап жатышкандарына таң каласың. Алар акыйкаттан адашты, алар акыйкат жолго түшүшкөн жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا وَرُفَٰتًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ خَلۡقٗا جَدِيدٗا
Мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып: «Биз өлүп сөөккө айлансак, денелерибиз чирип кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?! Мындай болушу мүмкүн эмес!»,– деп айтышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الزعم بأن الملائكة بنات الله افتراء كبير، وقول عظيم الإثم عند الله عز وجل.
Периштелер Аллахтын кыздары деп ойлоо – Аллахтын алдында күнөөсү чоң сөз жана анык жалган жалаа.

• أكثر الناس لا تزيدهم آيات الله إلا نفورًا؛ لبغضهم للحق ومحبتهم ما كانوا عليه من الباطل.
Адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аяттарынан аябай качышат. Анткени алар акыйкатты жек көрүшөт жана өздөрү тутунган жалганды сүйүшөт.

• ما من مخلوق في السماوات والأرض إلا يسبح بحمد الله تعالى فينبغي للعبد ألا تسبقه المخلوقات بالتسبيح.
Асмандар менен жердеги кандай макулук болбосун, ал Аллах тааланы аруулап турат. Андыктан пенде дагы алардан ашып Аллахты аруулашы керек.

• من حلم الله على عباده أنه لا يعاجلهم بالعقوبة على غفلتهم وسوء صنيعهم، فرحمته سبقت غضبه.
Адамдардын кылган жамандыктары, капилетте жүргөндөрү үчүн аларды жазалоого шашылбоо – Аллахтын кең пейилдигинен. Анын ырайымдуулугу каардануусунан жогору турат.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Isrā’
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close