Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (29) Surah: Al-Kahf
وَقُلِ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَن شَآءَ فَلۡيُؤۡمِن وَمَن شَآءَ فَلۡيَكۡفُرۡۚ إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلظَّٰلِمِينَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمۡ سُرَادِقُهَاۚ وَإِن يَسۡتَغِيثُواْ يُغَاثُواْ بِمَآءٖ كَٱلۡمُهۡلِ يَشۡوِي ٱلۡوُجُوهَۚ بِئۡسَ ٱلشَّرَابُ وَسَآءَتۡ مُرۡتَفَقًا
Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн жүрөктөрү капилетте калган адамдарга айткын: “Мен алып келген нерсе акыйкат. Ал Аллахтан келген. Мен өзүм ойлоп тапкан эмесмин. Силер мага ыймандууларды кууп жибер деп айткан сөзүңөргө жооп бербеймин. Кимиңер бул акыйкатка ыйман келтирүүнү кааласаңар, анда ыйман келтирсин. Ал сооп-сыйлыгына жеткенде сүйүнөт. Кимиңер каапырлыкты кааласаңар, анда каапыр боло берсин. Аны күтүп турган азапка түшкөндө анын жаны ооруйт. Чындыгында Биз каапырлыкты тандап өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга дубалдар менен тосуп турган отту даярдап койдук. Алар андан качып кете алышпайт. Алар чаңкагандыктан суу сурашканда аларга кир толгон майга окшогон ысык ичимдик берилет. Аларга берилген ичимдик кандай жаман ичимдик! Ал чаңкоону кетирбейт. Кайрадан чаңкоону күчөтөт. Алардын терилерин күйгүзгөн оттун жалыны азайбайт. Алар түшкөн тозок жайы кандай жаман жай!
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• فضيلة صحبة الأخيار، ومجاهدة النفس على صحبتهم ومخالطتهم وإن كانوا فقراء؛ فإن في صحبتهم من الفوائد ما لا يُحْصَى.
Жакшы адамдар менен бирге жүрүүнүн артыкчылыгы. Алар кедей болушса да алар менен бир болууга аракеттенүү. Анткени алар менен бирге болууда көптөгөн пайдалар бар.

• كثرة الذكر مع حضور القلب سبب للبركة في الأعمار والأوقات.
Аллахты жүрөк менен эстеп зикир кылуу – өмүрдүн жана убакыттын берекелүү болушуна себеп болот.

• قاعدتا الثواب وأساس النجاة: الإيمان مع العمل الصالح؛ لأن الله رتب عليهما الثواب في الدنيا والآخرة.
Сыйлыктын жана ийгиликтин негизги эрежеси – ыйман келтирүү менен жакшы иштерди кылуу. Анткени Аллах ушул эки эрежеге бул дүйнөнүн жана акыреттин сыйлыгын койду.

 
Translation of the meanings Ayah: (29) Surah: Al-Kahf
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close