Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (138) Surah: Al-Baqarah
صِبۡغَةَ ٱللَّهِ وَمَنۡ أَحۡسَنُ مِنَ ٱللَّهِ صِبۡغَةٗۖ وَنَحۡنُ لَهُۥ عَٰبِدُونَ
Аллах табиятыңарга ылайык жараткан Анын динин ичиңерден да, сыртыңардан да кармангыла. Аллахтын дининен өткөн жакшы дин жок. Ал адамдын табиятына төп келет, пайдалууга жеткирет жана зыяндан сактайт. Жана силер: «Биз жалгыз Аллахка гана сыйынабыз, Ага эч кимди шерик кылбайбыз» – деп айткыла.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• أن دعوى أهل الكتاب أنهم على الحق لا تنفعهم وهم يكفرون بما أنزل الله على نبيه محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп ээлери өздөрүн акыйкаттабыз деп айтуусу аларга пайда келтирбейт жана алар Аллах пайгамбары Мухаммадга түшүргөн нерсеге каапырлык кылышат.

• سُمِّي الدين صبغة لظهور أعماله وسَمْته على المسلم كما يظهر أثر الصبغ في الثوب.
Диндин «боёк (сибга)» деп аталышынын себеби – кийимдеги боёктун тагы көрүнүп турган сыяктуу мусулмандын да иш-аракеттери жана асыл белгилери ачык көрүнүп турат.

• أن الله تعالى قد رَكَزَ في فطرةِ خلقه جميعًا الإقرارَ بربوبيته وألوهيته، وإنما يضلهم عنها الشيطان وأعوانه.
Аллах таала Өзүнүн жалгыз жаратуучулугун (рубубият) жана жалгыз Өзү сыйынууга татыктуулугун (улухият) моюнга алууну бүткүл макулуктардын табиятына салып койгон. Аларды андан шайтан жана анын жан-жөкөрлөрү гана адаштырат.

 
Translation of the meanings Ayah: (138) Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close