Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (234) Surah: Al-Baqarah
وَٱلَّذِينَ يُتَوَفَّوۡنَ مِنكُمۡ وَيَذَرُونَ أَزۡوَٰجٗا يَتَرَبَّصۡنَ بِأَنفُسِهِنَّ أَرۡبَعَةَ أَشۡهُرٖ وَعَشۡرٗاۖ فَإِذَا بَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا فَعَلۡنَ فِيٓ أَنفُسِهِنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Силерден кимдир бирөө өлүп, артында боюнда жок аялдар калса, анда алар төрт ай он күн күтүү (идда) мөөнөтүндө болушат. Бул учурда алар үчүн күйөөсүнүн үйүнөн чыгуу, жасануу жана турмушка чыгуу тыюу салынат. Ал эми бул мөөнөт бүткөндөн кийин аларга ошол мезгилде жасоого тыюу салынган иштерди шариятта жана үрп-адатта белгилүү болгон жолдо кылыша турган болсо, анда алардын камкорчуларына (валийлерине) күнөө болбойт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды Билүүчү. Силердин сырткы жана ички көрүнүшүңөрдөн эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Кийин силерге анын жазасын же сыйлыгын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• مشروعية العِدة على من توفي عنها زوجها بأن تمتنع عن الزينة والزواج مدة أربعة أشهر وعشرة أيام.
Шарият боюнча күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялга төрт ай он күн жасанууга жана турмушка чыгууга болбойт.

• معرفة المؤمن باطلاع الله عليه تَحْمِلُه على الحذر منه تعالى والوقوف عند حدوده.
Ыймандуу адамдын Аллах тааланы таанып билүүсү аны Андан сак болууга жана Анын чектеринен чыкпоого түрткү берет.

• الحث على المعاملة بالمعروف بين الأزواج والأقارب، وأن يكون العفو والمسامحة أساس تعاملهم فيما بينهم.
Жубайларды жана туугандарды бири-бирине жакшы мамиледе болууга үндөө жана алардын ортосундагы мамиле кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө негизделүүгө тийиш.

 
Translation of the meanings Ayah: (234) Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close