Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (28) Surah: Al-Baqarah
كَيۡفَ تَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَكُنتُمۡ أَمۡوَٰتٗا فَأَحۡيَٰكُمۡۖ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Эй, каапырлар! Силердин абалыңар өтө таң калыштуу! Өзүңөрдөн Аллахтын кудуретине далилдерди көрүп туруп, кантип Ага каапырлык кыласыңар? Силер жок нерсе элеңер, Ал силерди жаратты, тирилтти, кийин экинчи ирет өлтүрөт, андан соң экинчи жашоого тирилтет, анан кылган иштериңердин сурагын бериш үчүн Ага кайтып барасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• من كمال النعيم في الجنة أن ملذاتها لا يكدرها أي نوع من التنغيص، ولا يخالطها أي أذى.
Бейиштеги кемчиликсиз жыргалчылыктардын бири – анын ырахатын булганычтын эч бир түрү бузбайт жана ага эч кандай зыяндуулук аралашпайт.

• الأمثال التي يضربها الله تعالى لا ينتفع بها إلا المؤمنون؛ لأنهم هم الذين يريدون الهداية بصدق، ويطلبونها بحق.
Аллах таала келтирген мисалдардан ыймандуулар гана пайда алышат. Анткени алар чындап туура жолду каалашат жана аны акыйкаттык менен издешет.

• من أبرز صفات الفاسقين نقضُ عهودهم مع الله ومع الخلق، وقطعُهُم لما أمر الله بوصله، وسعيُهُم بالفساد في الأرض.
Баш ийбес күнөөкөрлөрдүн эң көрүнүктүү сыпаттарынан – алар Аллах менен жана адамдар менен болгон келишимдерин бузушат, Аллах бекемдегиле деп буйруган байланыштарды үзүшөт жана жер бетинде бузукулукту жаюуга аракеттенишет.

• الأصل في الأشياء الإباحة والطهارة؛ لأن الله تعالى امتنَّ على عباده بأن خلق لهم كل ما في الأرض.
Бардык нерселерге түпкүрүндө уруксат берилген жана алар таза болуп эсептелет. Анткени Аллах таала пенделерине жакшылык кылып, алар үчүн жер бетиндеги бүткүл нерселерди жаратты.

 
Translation of the meanings Ayah: (28) Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close