Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (114) Surah: Tā-ha
فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡحَقُّۗ وَلَا تَعۡجَلۡ بِٱلۡقُرۡءَانِ مِن قَبۡلِ أَن يُقۡضَىٰٓ إِلَيۡكَ وَحۡيُهُۥۖ وَقُل رَّبِّ زِدۡنِي عِلۡمٗا
Аллах баарынан бийик, баарынан ыйык жана баарынан улук. Ал – бүткүл мүлк Ага гана таандык болгон Падыша. Ал Өзү Акыйкат, Анын сөзү да акыйкат. Аллах ар кандай нерслерге сыйынуучулар айтып жаткан сыпаттардан аруу. Оо, пайгамбар! Сага Жебрейил толук жеткирип бүтө электе эле Куранды аны менен кошо окуганга шашылба! Жана «Оо, Раббим! Мага үйрөткөн илимди көбөйткүн» – деп айт!
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الأدب في تلقي العلم، وأن المستمع للعلم ينبغي له أن يتأنى ويصبر حتى يفرغ المُمْلِي والمعلم من كلامه المتصل بعضه ببعض.
Илим алуудагы адептерден – илимди угуп жаткан адам мугалим сөзүн толук айтып бүткөнгө чейин сабыр кылып, шашылбоо керек.

• نسي آدم فنسيت ذريته، ولم يثبت على العزم المؤكد، وهم كذلك، وبادر بالتوبة فغفر الله له، ومن يشابه أباه فما ظلم.
Адам унутту, анын урпактары да унутту. Ал бекем чечимге туруктуулук кыла албады, анын урпактары да ошондой. Ал тообо кылууга шашылды, ошондо Аллах аны кечирди. Ким Адам атага окшошсо, анда ал зулумдукка кабылбайт.

• فضيلة التوبة؛ لأن آدم عليه السلام كان بعد التوبة أحسن منه قبلها.
Тообо кылуунун артыкчылыгы. Анткени Адамдын тообо кылгандан кийинки абалы ага чейинки абалынан жакшыраак болду.

• المعيشة الضنك في دار الدنيا، وفي دار البَرْزَخ، وفي الدار الآخرة لأهل الكفر والضلال.
Каапырлардын жана туура жолдон адашкандардын бул дүйнөдө да, кабырда да, ал тургай акыретте да жашоосу тар болот.

 
Translation of the meanings Ayah: (114) Surah: Tā-ha
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close