Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Āl-‘Imrān   Ayah:

Али Имран

Purposes of the Surah:
إثبات أن دين الإسلام هو الحق ردًّا على شبهات أهل الكتاب، وتثبيتا للمؤمنين.
Китеп ээлеринин күмөндөрүнө каяша жана ыймандууларды бекемдөө иретинде исламдын чыныгы дин экендигин бекемдөө.

الٓمٓ
Алиф, лаам, миим. Бул бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Мында арабдар ушул сыяктуу Куранды алып келе албастыгына ишараттар бар. Болбосо Куран бул сүрөөнүн башында келген жана алар сөз жасоодо колдонгон тамгалардан эле куралган.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُ
Аллах – жалгыз Андан башка сыйынынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж.
Arabic explanations of the Qur’an:
نَزَّلَ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَأَنزَلَ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ
Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.
Arabic explanations of the Qur’an:
مِن قَبۡلُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَأَنزَلَ ٱلۡفُرۡقَانَۗ إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ
Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَخۡفَىٰ عَلَيۡهِ شَيۡءٞ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِ
Чындыгында жердеги жана асмандагы эч бир нерсе Аллахка жашыруун эмес. Анын илими сырткы жана ички бардык нерселерди камтыган.
Arabic explanations of the Qur’an:
هُوَ ٱلَّذِي يُصَوِّرُكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ كَيۡفَ يَشَآءُۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ал силерди энеңердин курсагында Өзү каалагандай уул же кыз, жакшы же жаман, ак же кара кылып ар кандай көрүнүштө жаратты. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жеңилбеген кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, башкаруусунда, шариятында Даанышман.
Arabic explanations of the Qur’an:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ مِنۡهُ ءَايَٰتٞ مُّحۡكَمَٰتٌ هُنَّ أُمُّ ٱلۡكِتَٰبِ وَأُخَرُ مُتَشَٰبِهَٰتٞۖ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمۡ زَيۡغٞ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَٰبَهَ مِنۡهُ ٱبۡتِغَآءَ ٱلۡفِتۡنَةِ وَٱبۡتِغَآءَ تَأۡوِيلِهِۦۖ وَمَا يَعۡلَمُ تَأۡوِيلَهُۥٓ إِلَّا ٱللَّهُۗ وَٱلرَّٰسِخُونَ فِي ٱلۡعِلۡمِ يَقُولُونَ ءَامَنَّا بِهِۦ كُلّٞ مِّنۡ عِندِ رَبِّنَاۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّآ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Оо, пайгамбар! Ал сага Куранды түшүрдү. Анда эч кандай бүдөмүгү жок, мааниси айкын аяттар бар. Алар китептин негизин жана көпчүлүгүн түзөт жана талаш-тартышта негизги таяныч булак болуп саналат. Ошондой эле анда бир нече маанини туюнткан аяттар да бар, алардын мааниси көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз. Ал эми жүрөгүндө акыйкаттан четтеген адамдар мааниси айкын аяттарды таштап, ыктымалдуулугу бар бүдөмүк аяттарды карманышат. Алар муну менен шек салууну жаратып, адамдарды адаштырууну көздөшөт жана муну менен аларды өздөрүнүн адашкан жолдоруна тууралап, напси каалоолоруна жараша чечмелөөгө аракет жасашат. Бул аяттардын чыныгы маанилерин жана алардын акыркы жыйынтыгын Аллах гана билет. Ал эми илими тереңдер жана күчтүүлөр: «Биз Курандын баарына ыйман келтирдик, анткени анын баары Раббибизден» – деп айтышат жана мааниси бүдөмүк аяттарды андагы айкын маанидеги аяттар менен чечмелешет. Туура акыл калчаган адамдар гана үлгү, сабак алышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبَّنَا لَا تُزِغۡ قُلُوبَنَا بَعۡدَ إِذۡ هَدَيۡتَنَا وَهَبۡ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحۡمَةًۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡوَهَّابُ
Ошол терең илимдүүлөр айтышат: «Раббибиз, бизди акыйкат жолго салганыңдан кийин жүрөгүбүздү андан бурба, акыйкаттан четтеп адашкандардын башына түшкөн нерседен сакта, Өзүң тараптан жүрөктөрүбүздү туура жолго багыттаган кенен ырайымды тартуула жана аны менен бизди адашуудан сакта. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен эч нерсени аябаган Берешенсиң.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبَّنَآ إِنَّكَ جَامِعُ ٱلنَّاسِ لِيَوۡمٖ لَّا رَيۡبَ فِيهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخۡلِفُ ٱلۡمِيعَادَ
Раббибиз, Сен эч кандай шек-күмөнү жок, сөзсүз келе турган күндө бардык адамдарды сурак алуу үчүн Өзүңө чогултасың. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен убаданы бузбайсың».
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• أقام الله الحجة وقطع العذر عن الخلق بإرسال الرسل وإنزال الكتب التي تهدي للحق وتحذر من الباطل.
Аллах элчилерди жөнөтүү менен, акыйкатка жолдогон жана жалгандан эскерткен китептерди түшүрүү менен адамдарга далилдерди келтирди жана алар үчүн шылтоого жол калтырган жок.

• كمال علم الله تعالى وإحاطته بخلقه، فلا يغيب عنه شيء في الأرض ولا في السماء، سواء كان ظاهرًا أو خفيًّا.
Аллах тааланын илиминин кемчиликсиздиги жана ал өзүнө жаратылгандарды камтуусу. Жер бетиндеги жана асмандагы кайсы нерсе болбосун, ал ачык болобу, же купуя болобу, эч бири Ага жашыруун эмес.

• من أصول أهل الإيمان الراسخين في العلم أن يفسروا ما تشابه من الآيات بما أُحْكِم منها.
Мааниси бүдөмүк аяттарды айкын маанидеги аяттар менен чечмелөө – илими терең ыймандуу адамдар колдонгон негиздерден.

• مشروعية دعاء الله تعالى وسؤاله الثبات على الحق، والرشد في الأمر، ولا سيما عند الفتن والأهواء.
Аллах таалага дуба кылып акыйкатка бекемдикти жана иштеги тууралыкты суроо шариятта бар, айрыкча козголоң (фитна) жана напси каалоолор күч алган учурларда кылуу зарыл.

 
Translation of the meanings Surah: Āl-‘Imrān
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close