Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Mujādalah   Ayah:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَٰجَيۡتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَةٗۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لَّكُمۡ وَأَطۡهَرُۚ فَإِن لَّمۡ تَجِدُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сырдашууну каалаган сахабалар көбөйгөндө, Аллах Таала: "О, ыйман келтиргендер! Эгерде пайгамбар менен жеке сүйлөшүүнү кааласаңар, анда аны менен сүйлөшүүдөн мурда садага бергиле. Ошентип алдын ала садага берүү – силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Анткени, мында Аллахка жүрөктөрдү тазарткан баш ийүү бар. Эгер садага бергенге эч нерсе таппасаңар, анда аны менен жекече сүйлөшүүңөр күнөө эмес. Чынында, Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Ал пенделеринин моюнуна күчү жетпеген ишти жүктөгөн жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
ءَأَشۡفَقۡتُمۡ أَن تُقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَٰتٖۚ فَإِذۡ لَمۡ تَفۡعَلُواْ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Пайгамбар менен жекече сүйлөшүүңөр үчүн алдын ала берген садакаңар себептүү кедейликтен корктуңарбы? Аллахтын бул тууралуу берген буйругун аткара албасаңар жана Аллах силерге аны таштоого уруксат берип, тообоңорду кабыл кылса, анда намазды толук түрдө аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Аллах силердин кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ تَوَلَّوۡاْ قَوۡمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مَّا هُم مِّنكُمۡ وَلَا مِنۡهُمۡ وَيَحۡلِفُونَ عَلَى ٱلۡكَذِبِ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү Аллахтын каарына калган жөөттөр менен достошуп жүргөн эки жүздүүлөргө карабайсыңбы? Эки жүздүүлөр ыймандуулардан эмес, жөөттөрдөн да эмес. Алар буларга да, тигилерге да тиешеси жок ара жолдо жүргөндөр. Алар мусулманбыз деп касам ичишип, мусулмандардын кабарларын жөөттөргө жеткиришет. Алар ичкен касамында жалганчылар.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدًاۖ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Аллах акыретте аларга катуу азапты даярдап койган. Алар тозоктун эң төмөнкү кабатына киришет. Алардын дүйнөдө кылган каапырлык иштери кандай жаман!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱتَّخَذُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ جُنَّةٗ فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Алар берген анттарын каапырлык себептүү өлтүрүлбөш үчүн коргонуч кылып алышты. Анткени алар өз канын жана мал-мүлкүн коргош максатта аны менен сыртынан Исламды көрсөтүшөт жана адамдарды акыйкаттан бурушат. Анткени бул нерседе мусулмандарды алсыратуу жана аларга бут тосуу бар. Алар үчүн кордукка салуучу азап даярдалган.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَّن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔاۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Аларга Аллахтын алдында мал-мүлктөрү жана бала-чакасы эч пайда келтирбейт. Мына ошолор тозок ээлери. Алар ал жакка кирип, түбөлүк калышат. Алардын азабы токтотулбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيَحۡلِفُونَ لَهُۥ كَمَا يَحۡلِفُونَ لَكُمۡ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُمۡ عَلَىٰ شَيۡءٍۚ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ
Ал күнү Аллах аларды жазалоо үчүн бирин да калтырбай кайра тирилтет. Ошондо алар каапырлыкта жана эки жүздүүлүктө болбостон, Аллахты ыраазы кылган иштерди аткарган ыймандуулардай Аллахка касам ичишет. Оо, ыймандуулар! Алар дүйнөдө силерге «биз мусулманбыз» деп касам ичкендей, акыретте да Аллахка касам ичишет. Алар Аллах үчүн ичкен бул касамдары аларга пайда келтирет же аларды зыяндан коргойт деп ойлошот. Мына ошолор дүйнөдө жана акыретте айткан касамдарында чыныгы жалганчылар эмеспи!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱسۡتَحۡوَذَ عَلَيۡهِمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَأَنسَىٰهُمۡ ذِكۡرَ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ حِزۡبُ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ أَلَآ إِنَّ حِزۡبَ ٱلشَّيۡطَٰنِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Шайтан аларды баш ийдирип, өз азгырыгы менен Аллахты эстөөнү унуттурду. Алар Ал ыраазы болгон иштерди кылышкан жок. Тескерисинче, Анын каарын келтирген иштерди кылышты. Мына ушундай сыпаттагы адамдар – Иблистин аскери жана аны ээрчигендер. Иблисти жана аны ээрчигендер, мына ошолор дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурагандар эмеспи! Анткени алар акыйкатты адашууга сатты жана бейишти тозокко сатты.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡأَذَلِّينَ
Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, Аллах бул дүйнөдө жана акыретте кор кылгандардын жана кордукка туш болгон каапыр коомдордун катарында.
Arabic explanations of the Qur’an:
كَتَبَ ٱللَّهُ لَأَغۡلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِيٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ
Аллах абалкы илиминде: «Мен жана Менин элчилерим далил жана күч-кубаттуулук менен душмандардын үстүнөн сөзсүз жеңишке жетебиз» – деп жазып койгон. Чындыгында Аллах өз элчилерине жардам берүүгө Кубаттуу, душмандарынан өч алууга Кудуреттүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• لطف الله بنبيه صلى الله عليه وسلم؛ حيث أدَّب صحابته بعدم المشقَّة عليه بكثرة المناجاة.
Аллахтын пайгамбарына болгон мээримдүүлүгү. Анткени Ал анын сахабаларын жекече көп сүйлөшүп, ага кыйынчылык жаратпасын деп тарбиялап койду.

• ولاية اليهود من شأن المنافقين.
Жөөттөр менен достошуу – эки жүздүүлөрдүн иши.

• خسران أهل الكفر وغلبة أهل الإيمان سُنَّة إلهية قد تتأخر، لكنها لا تتخلف.
Каапырлардын кыйроого учурашы жана ыймандуулардын жеңишке жетиши – Аллахтын белгилеген жолу. Ал кечигиши мүмкүн, бирок болбой коюушу мүмкүн эмес.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Mujādalah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close