Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-An‘ām   Ayah:
فَقُطِعَ دَابِرُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْۚ وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Элчилерге жардам берүү, каапырларды кыйроого учуратуу аркылуу каапырлардын аягы кесилди. Душмандарын кыйратып, досторуна жардам берген Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка шүгүр, мактоо жана ыраазылык болсун.
Arabic explanations of the Qur’an:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَخَذَ ٱللَّهُ سَمۡعَكُمۡ وَأَبۡصَٰرَكُمۡ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُم مَّنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِهِۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ ثُمَّ هُمۡ يَصۡدِفُونَ
Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Эгер Аллах силердин угуу жана көрүү касиетиңерди алып, керең, сокур кылып койсо, жүрөгүңөргө мөөр басып, эч нерсени баамдабай калсаңар; силердин жоготкон нерсеңерди кайсы кудайыңар кайтарып бере алат, айткылачы? Эй, элчи, ойлоп көрчү, биз буларга кандай гана белгилерди баяндабадык, кандай гана далилдерди келтирбедик, алар болсо ошондон кийин да тескери бурулушту!
Arabic explanations of the Qur’an:
قُلۡ أَرَءَيۡتَكُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُ ٱللَّهِ بَغۡتَةً أَوۡ جَهۡرَةً هَلۡ يُهۡلَكُ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Оо элчи, аларга минтип айт: Аллахтын азабы силерге билинбей кокустан келсе да же ачык эле билинип келсе да, Аллахка каапырлык кылган жана пайгамбарларын жалганга чыгарган залымдар гана кыйроого учурайт
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا نُرۡسِلُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَۖ فَمَنۡ ءَامَنَ وَأَصۡلَحَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Биз элчилерибизди ыймандуу, баш ийген адамдарга аларды кубантуучу, эч түгөнбөгөн, үзгултүккө учурабаган түбөлүк жакшылыкты айтып кабарлоо үчүн жана каапыр, күнөөкөр адамдарга катуу азабыбызды айтып эскертүү үчүн жибердик. Элчилерге ишенип, жакшы иштерди кылгандарга акыретте эч коркунуч болбойт, ошондой эле алар бул дүйнө жашоосунда аткарган иштерине өкүнбөйт жана кайгырбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَمَسُّهُمُ ٱلۡعَذَابُ بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Биздин аяттарыбызды жалган дегендер, Аллахка баш ийбегени себептүү азапка кабылышат
Arabic explanations of the Qur’an:
قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ إِنِّي مَلَكٌۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Оо, элчи, тиги бутпарастарга дагы минтип айт: Менде өзүм каалагандай алып иштете турган Аллахтын ырыскы казынасы бар деп айтпаймын. Мага Аллах аян-кабар аркылуу билдиргенден башка кайыптарды да билем деп айтпаймын. Мен периштелердин биримин деп да айтпаймын. Мен Аллахтын элчисимин, мага аян-кабар болгон нерсени гана ээрчийм, өзүмдо болбогон нерсени айтпайм. Эй, элчи, аларга дагы мындай де: Чындыктан көзү тосулуп калган каапыр менен чындыкты көрүп ага ишенген ыймандуу бирдей болобу? Эй, бутпарастар, айлан-чөйрөңөрдөгү белгилерге акылыңарды иштетпейсиңерби?
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَنذِرۡ بِهِ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَن يُحۡشَرُوٓاْ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ لَيۡسَ لَهُم مِّن دُونِهِۦ وَلِيّٞ وَلَا شَفِيعٞ لَّعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Оо, элчи, кыямат күнү Жаратуучусунун алдында тирилип туруудан корккондорду Куран менен коркутуп, эскерт. Аларга Аллахтан башка пайда алып келе турган дос, зыяндан сактап кала турган колдоочу жок. Алар буйрулган ишти аткарып, тыйылган иштен тыйылып Аллахка такыба болушаар. Мына ушулар Курадан пайда ала турган адамдар
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَا تَطۡرُدِ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ رَبَّهُم بِٱلۡغَدَوٰةِ وَٱلۡعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجۡهَهُۥۖ مَا عَلَيۡكَ مِنۡ حِسَابِهِم مِّن شَيۡءٖ وَمَا مِنۡ حِسَابِكَ عَلَيۡهِم مِّن شَيۡءٖ فَتَطۡرُدَهُمۡ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, элчи, эртели-кеч Аллахка чын ыкласы менен дайыма ибадат кылган кембагал мусулмандарды жаныңдан алыстатпа. Бутпарастардын чоңдорун өзүңө жакындатуу үчүн буларды жаныңдан алыстатпа. Сен ал жакырларды эч эсеп кылбайсың, аларды Аллах эсеп-кысап кылат, алар да сени эсеп кылбайт. Сен эгер аларды жаныңдан оолактатсаң, анда Аллахтын чегинен чыккан кишилерден болуп каласың.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الأنبياء بشر، ليس لهم من خصائص الربوبية شيء البتة، ومهمَّتهم التبليغ، فهم لا يملكون تصرفًا في الكون، فلا يعلمون الغيب، ولا يملكون خزائن رزق ونحو ذلك.
Пайгамбарлар адам, аларда Кудайга тиешлүү сыпаттар жок, алардын милдети жеткирүү, жаратылышты башкарууга ээлик кыла алышпайт, кайыпты билишпейт, ырыскынын ж.б. нерселердин казынасына ээ эмес.

• اهتمام الداعية بأتباعه وخاصة أولئك الضعفاء الذين لا يبتغون سوى الحق، فعليه أن يقرِّبهم، ولا يقبل أن يبعدهم إرضاء للكفار.
Даават кылуучу өзүн ээрчигендерге көңүл буруусу зарыл, айрыкча алар Аллахтын ыраазылыгын гана көздөгөн кедей-кембагалдар болсо, аларды өзүнө жакныдатуусу керек. Каапырларды ыраазы кылуу үчүн кедейлерди жанынан алыстатуу кабыл кылынбай турган туура эмес, иш

• إشارة الآية إلى أهمية العبادات التي تقع أول النهار وآخره.
Эртең мененки жана кечиндеги ибадаттардын зарылдыгына көрсөтмө берилген

 
Translation of the meanings Surah: Al-An‘ām
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close