Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Qalam   Ayah:
إِنَّا بَلَوۡنَٰهُمۡ كَمَا بَلَوۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ إِذۡ أَقۡسَمُواْ لَيَصۡرِمُنَّهَا مُصۡبِحِينَ
Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَا يَسۡتَثۡنُونَ
Алар касам ичишкенде «Аллах кааласа» деген сөздү айтышпады.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَطَافَ عَلَيۡهَا طَآئِفٞ مِّن رَّبِّكَ وَهُمۡ نَآئِمُونَ
Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аны жалмады. Алар аны оттон сактап кала алышпады.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَصۡبَحَتۡ كَٱلصَّرِيمِ
Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَتَنَادَوۡاْ مُصۡبِحِينَ
Анан алар таң заарда бири-бирин чакырышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَنِ ٱغۡدُواْ عَلَىٰ حَرۡثِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰرِمِينَ
«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱنطَلَقُواْ وَهُمۡ يَتَخَٰفَتُونَ
Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп, шашылган бойдон жерлерине жөнөштү.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَن لَّا يَدۡخُلَنَّهَا ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكُم مِّسۡكِينٞ
Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَغَدَوۡاْ عَلَىٰ حَرۡدٖ قَٰدِرِينَ
Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَمَّا رَأَوۡهَا قَالُوٓاْ إِنَّا لَضَآلُّونَ
Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө, бири-бирине айтышты: «Биз жолдон адашып калдык окшойт.
Arabic explanations of the Qur’an:
بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ
Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالَ أَوۡسَطُهُمۡ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ لَوۡلَا تُسَبِّحُونَ
Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُواْ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَلَٰوَمُونَ
Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ
Алар өкүнүп мындай дешти: «Куругур экенбиз го! Биз кедейлердин акысын бербей, чектен чыгып кетиптирбиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبۡدِلَنَا خَيۡرٗا مِّنۡهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ
Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыкты сурайбыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
كَذَٰلِكَ ٱلۡعَذَابُۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабы мындан да чоң, эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَنَجۡعَلُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ كَٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодо мусулмандарды каапырлардай кылып коёт бекенбиз?
Arabic explanations of the Qur’an:
مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ
Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар?
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ لَكُمۡ كِتَٰبٞ فِيهِ تَدۡرُسُونَ
Же силерде баш ийген адам менен күнөөкөрдү бирдей деп окуган китебиңер барбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ لَكُمۡ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ
Ал китепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалаганды тандаган нерселер барбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ لَكُمۡ أَيۡمَٰنٌ عَلَيۡنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ إِنَّ لَكُمۡ لَمَا تَحۡكُمُونَ
Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагы анттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
سَلۡهُمۡ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ
Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَآءُ فَلۡيَأۡتُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ
Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ يُكۡشَفُ عَن سَاقٖ وَيُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ
Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда, ыймандуулар сажда кылышат, ал эми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• منع حق الفقير سبب في هلاك المال.
Кедейдин акысын бербестик – мал-мүлктүн кыйрашына себеп болот.

• تعجيل العقوبة في الدنيا من إرادة الخير بالعبد ليتوب ويرجع.
Жазанын дүйнөдө эрте келүүсү – пенде тообо кылып кайтуусу үчүн ага жакшылык каалоого жатат.

• لا يستوي المؤمن والكافر في الجزاء، كما لا تستوي صفاتهما.
Ыймандуу адам менен каапыр адам сыпаттарында бирдей болбогондой эле алардын жазасы да бирдей болбойт.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Qalam
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close