Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (4) Surah: Al-Anfāl
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ حَقّٗاۚ لَّهُمۡ دَرَجَٰتٌ عِندَ رَبِّهِمۡ وَمَغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ
Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталгандар ыймандын белгилерин жана Исламдын көрүнүшүн өздөрүнө камтыгыны үчүн алар чыныгы ыймандуулар; Алардын сыйы Раббисинин алдындагы бийик орун, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана кенен ырыскы. Булар Аллах аларга даярдап койгон жакшылыктар.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• ينبغي للعبد أن يتعاهد إيمانه ويُنمِّيه؛ لأن الإيمان يزيد وينقص، فيزيد بفعل الطاعة وينقص بضدها.
Пенде ыйманынын үстүндө иштеп, аны өстүрүүсү зарыл; анткени, ыйман көбөйөт жана азаят, ибадат кылуу менен көбөйөт, күнөө кылуу менен азаят.

• الجدال محله وفائدته عند اشتباه الحق والتباس الأمر، فأما إذا وضح وبان فليس إلا الانقياد والإذعان.
Чындык күмөн болгондо жана даана ачык эмес иштерде талашууга болот жана бул пайдалуу. Ал эми иш ачык болуп турганда баш ийүү жана ээрчүү зарыл.

• أَمْر قسمة الغنائم متروك للرّسول صلى الله عليه وسلم، والأحكام مرجعها إلى الله تعالى ورسوله لا إلى غيرهما.
Олжону бөлүштүрүү Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тиешелүү. Өкүмдөрдү чыгаруу Аллахтын жана Анын элчисинин колунда.

• إرادة تحقيق النّصر الإلهي للمؤمنين؛ لإحقاق الحق وإبطال الباطل.
Акыйкатты ачыкка чыгарып, жалганды жок кылуу үчүн Аллах ыймандууларга жардам берет.

 
Translation of the meanings Ayah: (4) Surah: Al-Anfāl
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close