Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (63) Surah: Al-Anfāl
وَأَلَّفَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡۚ لَوۡ أَنفَقۡتَ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا مَّآ أَلَّفۡتَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ أَلَّفَ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّهُۥ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Сага жардам берген ыймандуулардын жүрөктөрүн бириктирип койду, мурда алардын жүрөктөрү чачыранды болчу. Сен жер бети толо байлык жумшасаң да алардын жүрөктөрүн бириктире алмак эмессиң. Аллах Жалгыз Өзү алардын жүрөгүн бириктирип койду, анткени, Ал падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шариятында, башкаруусунда жана тагдыр кылууда Өкүмдөр.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• في الآيات وَعْدٌ من الله لعباده المؤمنين بالكفاية والنصرة على الأعداء.
Аяттарда душмандарга каршы ыймандууларга Аллахтын жетиштүү жардамы бар экени убада кылынган

• الثبات أمام العدو فرض على المسلمين لا اختيار لهم فيه، ما لم يحدث ما يُرَخِّص لهم بخلافه.
Душманга бет келгенде бекем туруу мусулмандардын эркиндеги иш эмес, алардын парз-милдети, эгер чегинүүгө уруксат берилген башка себеп болбосо

• الله يحب لعباده معالي الأمور، ويكره منهم سَفْسَافَها، ولذلك حثهم على طلب ثواب الآخرة الباقي والدائم.
Аллах пенделерине барандуу, түбөлүктүү иштерди жакшы көрөт, пайдасыз, убактылуу иштерди жек көрөт. Ошон үчүн аларды түбөлүкт калуучу акырет соопторун талап кылууга үндөйт.

• مفاداة الأسرى أو المنّ عليهم بإطلاق سراحهم لا يكون إلا بعد توافر الغلبة والسلطان على الأعداء، وإظهار هيبة الدولة في وجه الآخرين.
Туткундарды кун-акы алып бошотуу, же жөн эле аларга ырайым кылып бошотуп жиберүү, душмандарга үстөмдүк кылып турган учурда жана Ислам мамлекетинин башкаларга таасири тийип турган учурда гана болот

 
Translation of the meanings Ayah: (63) Surah: Al-Anfāl
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close