Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: At-Tawbah   Ayah:
ٱلتَّٰٓئِبُونَ ٱلۡعَٰبِدُونَ ٱلۡحَٰمِدُونَ ٱلسَّٰٓئِحُونَ ٱلرَّٰكِعُونَ ٱلسَّٰجِدُونَ ٱلۡأٓمِرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَٱلنَّاهُونَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡحَٰفِظُونَ لِحُدُودِ ٱللَّهِۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Мындай сыйлыкка арзыгандар – алар Аллах жаман көргөн жана Анын каарын жараткан нерселерди таштап Ал сүйгөн жана ыраазы болгон нерселерге кайткандар. Алар Аллахтан коркуп, Ал үчүн жөнөкөй болуп өздөрүн кор тутушкандар, Ага моюн сунууда болгон аракетин кылышкандар, бардык абалда Раббисине шүгүр кылгандар, орозо туткандар, намаз окугандар, Аллахтын жана Анын элчисинин буйруктарына чакыргандар, Аллахтын жана Анын элчисинин тыюуларынан кайтаргандар, Аллахтын өкүм-буйруктарын аткаргандар, тыюуларын таштагандар. Эй, пайгамбар! Мына ушул сыпаттарга ээ болгон ыймандууларды бул дүйнөдө жана акыретте кубанычка сала турган кабарды жеткир.
Arabic explanations of the Qur’an:
مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن يَسۡتَغۡفِرُواْ لِلۡمُشۡرِكِينَ وَلَوۡ كَانُوٓاْ أُوْلِي قُرۡبَىٰ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ
Мушриктер ширк кылып өлгөнү себептүү тозокко түшөрү анык болгондон кийин алар ыймандуулардын жакын туугандары болушса да пайгамбар менен ыймандууларга алар үчүн Аллахтын кечиримин суроого болбойт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا كَانَ ٱسۡتِغۡفَارُ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَن مَّوۡعِدَةٖ وَعَدَهَآ إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُۥٓ أَنَّهُۥ عَدُوّٞ لِّلَّهِ تَبَرَّأَ مِنۡهُۚ إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ لَأَوَّٰهٌ حَلِيمٞ
Ибрахим өз атасы үчүн Аллахтын кечиримин сурашышы – ал үчүн сөзсүз кечирим сураймын деген убадасы себептен гана болгон. Аны мусулман болот деп үмүттөнгөн. Ибрахимдин айткан насааты атасына эч пайда бербегени же Аллах тараптан аны каапыр болуп өлөт деген аянды билгени себептүү ал Аллахтын душманы экени ага маалым болгондо ал андан баш тартты. Ал үчүн Аллахтан кечирим сураганы – Аллах ага аян кылган өкүмдөн корккону үчүн эмес, өзү тараптан болгон чечимден улам болгон. Чындыгында Ибрахим Аллахка көп жалбарган жана залым элин көп кечирген адам эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُضِلَّ قَوۡمَۢا بَعۡدَ إِذۡ هَدَىٰهُمۡ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُم مَّا يَتَّقُونَۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ
Адамдарга ташташ милдет болгон арам нерселердин баарын Аллах баяндап берип туура жолго салгандан кийин аларды адашты деп өкүм берүүсү мүмкүн эмес. Эгер алар Аллах арам кылган нерселерди баяндагандан кийин кылышса, анда аларга адашты деп өкүм берет. Чындыгында Аллах баарын билет. Андан эч нерсе жашыруун эмес. Акыйкатта ал силерге билбегениңерди үйрөттү.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱللَّهَ لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۚ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ
Чындыгында жердеги жана асмандардагы бүткүл мүлк Аллахка гана таандык. Ал экөөсүндө Ага эч ким шериктеш эмес жана андагы эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Ал кимди кааласа тирилтет, кимди кааласа өлтүрөт. Эй, адамдар! Силердин ишиңерди жөнгө салган Аллахтан башка башкаруучу жок жана душманга каршы силерге жардам берген, силерди жамандыктан коргогон колдоочу жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَّقَد تَّابَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلنَّبِيِّ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ وَٱلۡأَنصَارِ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ ٱلۡعُسۡرَةِ مِنۢ بَعۡدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٖ مِّنۡهُمۡ ثُمَّ تَابَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّهُۥ بِهِمۡ رَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Аллах Мухаммад пайгамбардын тообосун кабыл кылды. Анткени ал эки жүздүүлөргө Табук согушуна барбай коюуга уруксат берип койгон эле. Ошондой эле мухажирлер менен ансарлардын да тооболорун кабыл кылды. Алар согуштан калышкан жок. Тескерисинче, алар катуу ысыкка, каражаттын аздыгына, душмандын күчтүүлүгүнө карабастан аны менен барышты. Бирок ара жолдо катаал кыйынчылыктарга туш болгондо алардын кээ топторунун жүрөктөрү согуштан кайтып кетүүгө ыктады. Андан соң Аллах аларга кайраттанууга жана согушка барууга ийгилик берди жана тооболорун кабыл кылды. Чындыгында Аллах аларга Кичипейил жана Мээримдүү. Аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берип, тооболорун кабыл кылуусу да – Анын ырайымдуулугунан.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• بطلان الاحتجاج على جواز الاستغفار للمشركين بفعل إبراهيم عليه السلام.
Ибрахим пайгамбардын атасы үчүн кечирим сураганы – мушриктер үчүн кечирим сураганга болот дегенге далил болбойт.

• أن الذنوب والمعاصي هي سبب المصائب والخذلان وعدم التوفيق.
Күнөөлөрдү кылуу – кыйынчылыктардын, жардамсыз калуунун жана ийгиликсиздиктин себеби.

• أن الله هو مالك الملك، وهو ولينا، ولا ولي ولا نصير لنا من دونه.
Аллах бүткүл мүлктүн Падышасы жана Анын Башкаруучусу. Биз үчүн Андан башка Башкаруучу да, Жардамчы да жок.

• بيان فضل أصحاب النبي صلى الله عليه وسلم على سائر الناس.
Пайгамбардын сахабалары бардык адамдардан артык экендигин баяндоо.

 
Translation of the meanings Surah: At-Tawbah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close