Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар бүтүрө атбайсыңар. Чынында, инсан өтө залым, өтө шүгүрсүз!
(О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл![1]
[1] Аллах таала пайгамбарынын бул дубасын кабыл алып, Мекке шаарына “Аль- Харам” (анда кан төгүү, жаңжал-сүрөөн кылуу, арам) деген даражаны берди
О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллахка ибадат кылса) - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң![1]
[1] Бул Ибрахим алайхис саламдын боорукерлигинин белгиси. Ал күнөөкөр үмөттөрүнө да Аллахтан кечирим сурап жатат. Аллах болсо, андан да ырайымдуурак. Эгер пендеси билип туруп, адашуучулугунда көшөрө бербесе, аны азапка салбайт.
О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса![1]
[1] Ибрахим алейхи салам үй бүлөсү менен Шам (азыркы Сирия, Иордания, Палестина) өлкөсүндө жашаган. Күндөрдүн биринде Аллахтын буйругу менен, аялы Хажар жана туңгуч уулу Ысмайылды алып, азыркы Мекке шаары жайгашкан өрөөнгө келген. Анда бул өрөөндө урап, тегерегинен сел аккан бир дөңсөөгө айланып калган Каабадан башка не бир үй, не бир дарак, не бир чөп жок «эгин өспөгөн өрөөн» эле. (Сахиху Бухарий) Ал Хажар энени эмчектеги баласы Ысмайыл менен ээн талаага - Аллахтын Үйүнүн алдына таштап, Өзү Аллахтын буйругун аткарууга бара жатып ушул дубаны окуган. Аллах Өзүнүн дос-пайгамбары Ибрахимдин дубасын кабыл алып, Ысмайылдын урпагы жашап калган Мекке шаарын Хаж ибадаты маалында адамдар умтула турган жай кылды жана анын (Ысмайылдын) уриактары арасынан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды чыгарып, муну менен бул берекелүү, тынч шаарды дагы да берекелүүрөөк кылды. Эми азыр дүйнөнүн бардык булуң- бурчундагы мусулмандардын жүрөгү ага умтулуп турат. Аллах досу Ибрахимдин “Аларды ар түрдүү мөмөлөр менен ырыскыландыр” деген дубасын да оңунан берип, азыр бул таберик шаардан жыл - он эки ай бою мөмөнүн түрлөрү үзүлбөйт.
О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир![1]
[1] Ибрахим алайхис-саламдын бардык дубалары - атасын кошпогондо - кабыл болуп, оңунан берилди. Атасы Аазарга бул дубанын тиешеси жоктугунунун себеби, Ибрахим алейхис-салам «эгер атам ширк (көп кудайлык) ишениминен кайтса» деп шарт койгон эле. Анан, атасы ширк жолунан кайтпаганы белгилүү болгондо, Аллахтын ыраазылыгы үчүн мушрик атасынан кечип жиберген.
(О, Мухаммад), сен Аллахты залымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Resultados de la búsqueda:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".