Check out the new design

Traducción de los significados del Sagrado Corán - Traducción Kirguís - Shamsuddin Hakimov * - Índice de traducciones

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa   Versículo:
لَّا يَسۡتَوِي ٱلۡقَٰعِدُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ غَيۡرُ أُوْلِي ٱلضَّرَرِ وَٱلۡمُجَٰهِدُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡۚ فَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلۡمُجَٰهِدِينَ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ عَلَى ٱلۡقَٰعِدِينَ دَرَجَةٗۚ وَكُلّٗا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَفَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلۡمُجَٰهِدِينَ عَلَى ٱلۡقَٰعِدِينَ أَجۡرًا عَظِيمٗا
Бирөөгө зыянын тийгизбей (жихадга чыкпай) үйүндө отурган момундар менен, Аллахтын жолунда мал-жаны менен жихадка чыккан момундар тең боло албайт. Аллах мал-жаны менен жихад кылуучулардын даражасын үйүндө отургандардан жогору кылды. Бирок, Аллах бардыгына жакшылыкты (бейишти) убада берди. Аллах жихадга чыккандарды үйдө отургандарга карганда көбүрөөк сооптор менен артыкча кылды.
Las Exégesis Árabes:
دَرَجَٰتٖ مِّنۡهُ وَمَغۡفِرَةٗ وَرَحۡمَةٗۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا
(Ал улуу сооптор –) Өзүнөн берилчү жогорку даража, кечирим жана ырайым. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
Las Exégesis Árabes:
إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِيٓ أَنفُسِهِمۡ قَالُواْ فِيمَ كُنتُمۡۖ قَالُواْ كُنَّا مُسۡتَضۡعَفِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ قَالُوٓاْ أَلَمۡ تَكُنۡ أَرۡضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٗ فَتُهَاجِرُواْ فِيهَاۚ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرًا
(Себепсиз хижрат милдетин аткарбай коюу менен) өздөрүнө залым кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз» - дешет. Анда периштелер: “Аллахтын жери кенен эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын барар жери – тозок! Ал кандай жаман орун!
Las Exégesis Árabes:
إِلَّا ٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلۡوِلۡدَٰنِ لَا يَسۡتَطِيعُونَ حِيلَةٗ وَلَا يَهۡتَدُونَ سَبِيلٗا
Ал эми, (хижрат кылууга) такыр чамасы келбеген аял, эркек жана балдардан турган алсыз-байкуштарды...
Las Exégesis Árabes:
فَأُوْلَٰٓئِكَ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَعۡفُوَ عَنۡهُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَفُوًّا غَفُورٗا
Аллах балким кечирээр.[1] Аллах Кечиримдүү, күнөөлөрдөн өтүүчү.
[1] Демек, «сөзсүз кечирет» деген бүтүм чыккан жок. “балким кечирээр ” деген өкүм чыкты. Мунун себеби, ошол алсыз бечералардан кээ бирлери алсыздыгын шылтоолооп талаптагыдай, бүт күч-кайраттары менен аракет кылышкан эмес.
Las Exégesis Árabes:
۞ وَمَن يُهَاجِرۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ يَجِدۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُرَٰغَمٗا كَثِيرٗا وَسَعَةٗۚ وَمَن يَخۡرُجۡ مِنۢ بَيۡتِهِۦ مُهَاجِرًا إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ يُدۡرِكۡهُ ٱلۡمَوۡتُ فَقَدۡ وَقَعَ أَجۡرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Ким Аллах жолунда хижрат кылса, жер бетинен көптөгөн баш калкалоочу жайларды жана берекени табат. Ким үйүнөн Аллахтын жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин ал өлүмгө учураса, анын сооп-сыйын Аллах (жетип барган адамдын сообундай кылып) берет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.
Las Exégesis Árabes:
وَإِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَقۡصُرُواْ مِنَ ٱلصَّلَوٰةِ إِنۡ خِفۡتُمۡ أَن يَفۡتِنَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْۚ إِنَّ ٱلۡكَٰفِرِينَ كَانُواْ لَكُمۡ عَدُوّٗا مُّبِينٗا
(О, момундар) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыяны тийүүсүнөн корксоңор, намазыңардын (бир бөлүгүн) кыскартып окусаңар силерге күнөө эмес.[1] Албетте, каапырлар силерге анык душман.
[1] Пайгамбарыбыздын көп сапарлары жихад үчүн болгон жана ушул аят түшкөндөн баштап, бардык алыс сапарларында намаздарды кыскартып (бешим, асир, куптандын парыздарын эки ирекеттен, багымдат менен шам намазын өзүндөй) окуп жүргөн. Бир күнү Умар бин Хаттаб пайгамбарыбыздан: “Оо, Аллахтын элчиси, Аллах “Эгер душмандан корксоңор, кыска намаз окугула” деген. Ал эми, тынч мезгилдеги сапарда кантебиз?” деп сураганда пайгамбарыбыз: “Кыска намазга уруксат Аллахтын силерге берген садакасы. Аны кабыл алып койгула” - деп жооп берген. Ошондон бери мусулмандар бардык мезгилдерде алыс сапарга чыкса намаздарын кыскартып (каср) окуп жүрүшөт.
Las Exégesis Árabes:
 
Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - Traducción Kirguís - Shamsuddin Hakimov - Índice de traducciones

Traducida por Shamsuddin Hakimov Abdulkhaliq, desarrollada bajo la supervisión del Centro Rowad Al-Taryamah.

Cerrar