Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية * - Índice de traducciones

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traducción de significados Versículo: (54) Capítulo: Sura Al-Maaida
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَن يَرۡتَدَّ مِنكُمۡ عَن دِينِهِۦ فَسَوۡفَ يَأۡتِي ٱللَّهُ بِقَوۡمٖ يُحِبُّهُمۡ وَيُحِبُّونَهُۥٓ أَذِلَّةٍ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ يُجَٰهِدُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوۡمَةَ لَآئِمٖۚ ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Силердин араңардан кимде-ким дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган,[1] ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жанын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын артыкчылыгы, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (жакшылык кылууда) Кенен жана Билүүчү.
[1] Аллах тааланы сүйүүнүн бир белгиси пайгамбарга моюн сунуу. Жогоруда өткөн бир аятта Аллах таала пайгамбарына: “Айткын (Эй, Мухаммад!) эгер Аллахты сүйсөңөр, мага ээрчигиле, (ошондо гана) Аллах силерди сүйөт” - деген болчу. Аллахты сүйгөндүктүн дагы бир белгиси, пендени Аллахка жакын кыла турган парыз, напил ибадаттарды көп аткаруу. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган жана сахих болгон Кудсий хадисте Аллах таала айтат: “Ар качан Менин пендем Мага Мен сүйгөн парыздардан бирин аткаруу менен жана напил ибадаттарды кылуу менен Мага жакын болууну кааласа, Мен аны сүйүп каламын. Эгер аны сүйүп калчу болсом, Мен анын угаар кулагы, көрөөр көзү, кубаттуу колу, жүргөн буту боломун. Кийин ал Менден эмнени сураса - беремин жана Менден коргоо тилесе аны Өз коргоомо аламын”.
Las Exégesis Árabes:
 
Traducción de significados Versículo: (54) Capítulo: Sura Al-Maaida
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية - Índice de traducciones

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Cerrar