Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية * - Índice de traducciones

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traducción de significados Versículo: (54) Capítulo: Sura Al-A'raaf
إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُغۡشِي ٱلَّيۡلَ ٱلنَّهَارَ يَطۡلُبُهُۥ حَثِيثٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ وَٱلنُّجُومَ مُسَخَّرَٰتِۭ بِأَمۡرِهِۦٓۗ أَلَا لَهُ ٱلۡخَلۡقُ وَٱلۡأَمۡرُۗ تَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду.[1] Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!
[1] Биз «Бийик болду» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндө: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын бийик-жогору болгону» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Тирмизий: 3543, Ибн Мажа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).
Las Exégesis Árabes:
 
Traducción de significados Versículo: (54) Capítulo: Sura Al-A'raaf
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية - Índice de traducciones

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Cerrar