Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de traducciones


Traducción de significados Versículo: (100) Capítulo: Sura Yusef
وَرَفَعَ أَبَوَيۡهِ عَلَى ٱلۡعَرۡشِ وَخَرُّواْ لَهُۥ سُجَّدٗاۖ وَقَالَ يَٰٓأَبَتِ هَٰذَا تَأۡوِيلُ رُءۡيَٰيَ مِن قَبۡلُ قَدۡ جَعَلَهَا رَبِّي حَقّٗاۖ وَقَدۡ أَحۡسَنَ بِيٓ إِذۡ أَخۡرَجَنِي مِنَ ٱلسِّجۡنِ وَجَآءَ بِكُم مِّنَ ٱلۡبَدۡوِ مِنۢ بَعۡدِ أَن نَّزَغَ ٱلشَّيۡطَٰنُ بَيۡنِي وَبَيۡنَ إِخۡوَتِيٓۚ إِنَّ رَبِّي لَطِيفٞ لِّمَا يَشَآءُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ
Ата-энесин өзү отурган тактыга отургузду. Ата-энеси жана он бир бир тууганы ага сажда кылып учурашышты. Бул сажда түшүндө көргөндөй Аллахтын буйругун ишке ашырыш үчүн кылынган таазим кылуу саждасы эле, сыйынуу саждасы эмес. Ошондуктан Юсуф пайгамбар атасына: «Сиздердин мага сажда кылып учурашканыңыздар – мен мурда көрүп сизге айтып берген түшүмдүн жандырмагы. Раббим ал түшүмдү ишке ашырды. Раббим мени абактан чыгарып, мени менен бир туугандарымдын ортосун шайтан бузгандан кийин сиздерди алыскы чөлдөн мага алып келип жакшылык кылды. Чындыгында Раббим Өзү каалаган иштеринде Мээримдүү. Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү, Өз башкаруусунда Даанышман».
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• بر الوالدين وتبجيلهما وتكريمهما واجب، ومن ذلك المسارعة بالبشارة لهما فيما يدخل السرور عليهما.
Ата-энени сыйлоо жана урматтоо парз болуп саналат. Аларды кубанткан нерселерди аларга сүйүнчүлөөгө шашылуу да ушуга кирет.

• التحذير من نزغ الشيطان، ومن الذي يسعى بالوقيعة بين الأحباب؛ ليفرق بينهم.
Шайтандын азгырыгынан жана жакын адамдарды бөлүп жаруу үчүн алардын ортосунда ушак тараткан адамдардан сак болуу.

• مهما ارتفع العبد في دينه أو دنياه فإنَّ ذلك كله مرجعه إلى تفضّل الله تعالى وإنعامه عليه.
Пенде дининде болобу же жашоосунда болобу, анын даражасы көтөрүлсө, анда бул нерсенин баарысы Аллахтын жакшылыгына жана берешендигине барып такалат.

• سؤال الله حسن الخاتمة والسلامة والفوز يوم القيامة والالتحاق برفقة الصالحين في الجنان.
Аллахтан жакшы өлүмдү, саламаттыкты, кыяматтагы ийгиликти жана бейиште жакшы адамдар менен бирге болууну суроо.

• من فضل الله تعالى أنه يُطْلع أنبياءه على بعض من أمور الغيب لغايات وحكم.
Кандайдыр бир максаттардан жана себептерден улам Аллах тааланын кээ бир кайып иштерин пайгамбарларына билдирүүсү – Анын жакшылыктарынан.

 
Traducción de significados Versículo: (100) Capítulo: Sura Yusef
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de traducciones

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Cerrar