Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de traducciones


Traducción de significados Versículo: (42) Capítulo: Sura Ar-Ra'd
وَقَدۡ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَلِلَّهِ ٱلۡمَكۡرُ جَمِيعٗاۖ يَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُ كُلُّ نَفۡسٖۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلۡكُفَّٰرُ لِمَنۡ عُقۡبَى ٱلدَّارِ
Мурунку элдер пайгамбарларына айлакерлик кылышты жана алар алып келген динди жалганга чыгарышты. Бирок, алар айлакерликтери менен эмне кыла алышты? Эч нерсе кыла алган жок. Анткени, ишке ашкан чечим, эч кимдин чечими эмес, Аллахтын чечими. Ошондой эле Аллах Таала алардын кылып жаткан иштерин билет жана ал үчүн аларды жазалайт. Мына ошондо алар Аллахка ыйман келтирбей канчалык ката кетиргенин жана мусулмандар туура жолду карманып, ошол себептүү бейишке жана жакшы акыбетке ээ болгонун билишет.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• الترغيب في الجنة ببيان صفتها، من جريان الأنهار وديمومة الرزق والظل.
Бейиштин сыпаттарын айтуу менен ага кызыктыруу. Мисалы, дарыялардын агып турушу, ырыскынын дайым болушу жана көлөкөлүүгү.

• خطورة اتباع الهوى بعد ورود العلم وأنه من أسباب عذاب الله.
Илим келгенден кийин аны ээрчибестен өз каалоосун ээрчип кетүүнүн коркунучтуулугу жана бул Аллахтын азабына кабылуунун себептеринен.

• بيان أن الرسل بشر، لهم أزواج وذريات، وأن نبينا صلى الله عليه وسلم ليس بدعًا بينهم، فقد كان مماثلًا لهم في ذلك.
Пайгамбарлар дагы адамдар экенин, алардын да аялдары жана урпактары бар экенин баяндоо. Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз да бул нерселерде мурунку пайгамбарлардан өзгөчөлөнбөй ошолор сыяктуу эле пайгамбар экенин ачыктоо.

 
Traducción de significados Versículo: (42) Capítulo: Sura Ar-Ra'd
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de traducciones

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Cerrar