Check out the new design

Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán * - Índice de traducciones


Traducción de significados Capítulo: Al-Nahl   Versículo:
ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٌ
Оо, пайгамбар! Андан соң сенин Раббиң – арты эмне менен бүтөрүн билбестен атайылап күнөө кылышса да, бирок кийин ошол кылган күнөөлөрү үчүн Аллахка тообо кылышып, бузукулук аралашкан иштерин оңдогон адамдарга – албетте Раббиң алар тообо кылышкандан кийин алардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
Las Exégesis Árabes:
إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ كَانَ أُمَّةٗ قَانِتٗا لِّلَّهِ حَنِيفٗا وَلَمۡ يَكُ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Чындыгында Ибрахим пайгамбар асыл сыпаттарга ээ, Раббисине дайым ибадат кылган, бардык диндерди таштап Ислам динине гана кайткан адам эле жана ал эч качан мушриктерден болгон эмес.
Las Exégesis Árabes:
شَاكِرٗا لِّأَنۡعُمِهِۚ ٱجۡتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аллах ага берген жакшылыктарга дайым шүгүр кылат эле. Ошондуктан Аллах аны пайгамбарлыкка тандады жана акыйкат Ислам динине багыттады.
Las Exégesis Árabes:
وَءَاتَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Биз ага бул дүйнөдө пайгамбарлык, алкыш-мактоо жана такыба пензент бердик. Жана ал акыретте Аллах бейиштеги бийик даражаларды даярдап койгон жакшы адамдардын катарында болот.
Las Exégesis Árabes:
ثُمَّ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ أَنِ ٱتَّبِعۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, пайгамбар! Андан соң Биз сага кабар түшүрдүк: «Жалгыз Аллахка сыйынууда, мушриктерден баш тартууда, Аллахтын жолуна чакырууда жана бардык диндерден Ислам динине кайтып Анын шариятын аткарууда Ибрахимдин динин ээрчигин. Анткени ал кээ бир мушриктер ойлогондой эч качан мушриктерден болгон эмес. Тескерисинче, Ал жалгыз Аллахка гана сыйынган».
Las Exégesis Árabes:
إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبۡتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Ишенби күн тууралуу талашып тартышкан жөөттөргө ал күнү бардык тиричиликтерин таштап аны улуктоо парз кылынды. Буга чейин алар жума күнү тиричиликтерин таштоого буйрулушкан эле, бирок алар адашып кетишти. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыямат күнү ошол талашып тартышкандардын талашы тууралуу өкүм кылат. Ошондо алардын ар бири өзүнө татыктуу жазасын алат.
Las Exégesis Árabes:
ٱدۡعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلۡحِكۡمَةِ وَٱلۡمَوۡعِظَةِ ٱلۡحَسَنَةِۖ وَجَٰدِلۡهُم بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ
Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчиген ыймандуулар адамдарды Ислам динине даават кылганда алардын абалына, түшүнүгүнө, кызыгуусуна карап жана коркутуу же кызыктыруу менен насаат айтып чакыргыла. Алар менен эң жакшы сөз, ой-пикир жана адепке туура келген жолдо талаш жүргүз. Бирок адамдарды туура жолго салыш сенин колуңда эмес. Сенин милдетиң аларга жеткирүү гана. Чындыгында Раббиң Ислам дининен адашкандарды жана туура жолго түшкөндөрдү эң жакшы билет. Андыктан аларды көрүп жаныңды кейитпе.
Las Exégesis Árabes:
وَإِنۡ عَاقَبۡتُمۡ فَعَاقِبُواْ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبۡتُم بِهِۦۖ وَلَئِن صَبَرۡتُمۡ لَهُوَ خَيۡرٞ لِّلصَّٰبِرِينَ
Эгерде душманыңарды жазалоону кааласаңар, анда алар силерге кылган зыяндан ашырбастан жазалагыла! Эгерде жазалаганга күчүңөр жетип туруп аларды жазалабай сабыр кылсаңар, анда аларды адилеттик менен жазалооңорго караганда сабырдуулук кылганыңар жакшыраак.
Las Exégesis Árabes:
وَٱصۡبِرۡ وَمَا صَبۡرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِۚ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَلَا تَكُ فِي ضَيۡقٖ مِّمَّا يَمۡكُرُونَ
Оо, пайгамбар! Алардын сага берген зыяндарына сабыр кыл! Сенин сабыр кылууга болгон ийгилигиң – Аллахтын сага берген ийгилигине гана байланыштуу. Каапырлардын сенден жүз бурушканына капаланба жана алардын сага кылган айла-амалдары себептүү жүрөгүң кысылбасын!
Las Exégesis Árabes:
إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحۡسِنُونَ
Албетте Аллах күнөөлөрдү таштап Андан корккондор менен бирге жана ошондой эле ибадаттарды кылып, буйрулган нерселерди аткарып жакшылык кылгандар менен бирге. Ал Өз жеңиши жана колдоосу менен дайым алар менен бирге.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• اقتضت رحمة الله أن يقبل توبة عباده الذين يعملون السوء من الكفر والمعاصي، ثم يتوبون ويصلحون أعمالهم، فيغفر الله لهم.
Аллахтын ырайымдуулугу Анын пенделери каапырлык же күнөө кылгандан кийин тообо кылышса жана жакшы иштерди кылышса, анда алардын тооболорун кабыл кылууну талап кылат. Жана Аллах аларды кечирет.

• يحسن بالمسلم أن يتخذ إبراهيم عليه السلام قدوة له.
Мусулман адам Ибрахим пайгамбарды үлгү тутууга тийиш.

• على الدعاة إلى دين الله اتباع هذه الطرق الثلاث: الحكمة، والموعظة الحسنة، والمجادلة بالتي هي أحسن.
Аллахтын динине даават кылгандар ушул үч жолду кармануусу милдет: даанышмандык, жакшы насаат кылуу жана эң жакшы ыкмада талашып тартышуу.

• العقاب يكون بالمِثْل دون زيادة، فالمظلوم منهي عن الزيادة في عقوبة الظالم.
Жазалоо ашыкчасы жок дал өзүндөй болуш керек. Зулум чеккен адам зулум берген адамды ашыкча жазалоодон тыйылган.

 
Traducción de significados Capítulo: Al-Nahl
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán - Índice de traducciones

Emitido por el Centro Tafsir de Estudios Coránicos.

Cerrar