Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de traducciones


Traducción de significados Versículo: (184) Capítulo: Sura Al-Baqara
أَيَّامٗا مَّعۡدُودَٰتٖۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۚ وَعَلَى ٱلَّذِينَ يُطِيقُونَهُۥ فِدۡيَةٞ طَعَامُ مِسۡكِينٖۖ فَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَهُوَ خَيۡرٞ لَّهُۥۚ وَأَن تَصُومُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Силерге парз кылынган орозону жыл ичинде бир нече күн эле кармайсыңар. Силерден ким орозо кармаганда кыйнала тургандай оору менен ооруса же сапарда болсо, ага оозун ачууга уруксат. Бирок кийин оозун ачып алган күндөрдүн казасын кармоосу керек. Орозо кармаганга кудурети жетип, бирок кармай албагандар фидья беришет. Ал – орозо кармабаган ар бир күнү үчүн кедейге тамак берүү. Эгер орозодо кандай артыкчылыктар бар экенин билсеңер, анда орозо кармаганыңар оозуңарды ачып жүрүүдөн жана фидья берүүдөн жакшыраак. Мындай өкүм Аллах орозону шариятка киргизген алгачкы убакта болгон, ким кааласа орозо кармаган, ким кааласа оозун ачып, ал үчүн фидья берген. Кийин Аллах орозону милдет кылды жана балагатка жетип, кудурети жеткендерге парз кылды.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• فَضَّلَ الله شهر رمضان بجعله شهر الصوم وبإنزال القرآن فيه، فهو شهر القرآن؛ ولهذا كان النبي صلى الله عليه وسلم يتدارس القرآن مع جبريل في رمضان، ويجتهد فيه ما لا يجتهد في غيره.
Аллах Рамазан айын орозо айы кылып, бул айда Куранды түшүрүү менен артык кылды. Бул – Курандын айы. Ошондуктан пайгамбар Рамазан айында Жебрейил менен бирге Куранды үйрөнгөн жана башка айларга караганда бул айда ага көбүрөөк аракет кылган.

• شريعة الإسلام قامت في أصولها وفروعها على التيسير ورفع الحرج، فما جعل الله علينا في الدين من حرج.
Ислам шарияты түпкү негиздеринде жана бутактарында жеңилдетүүгө жана оорчулукту кетирүүгө курулган. Аллах биз үчүн динде эч кандай оорчулукту кылган эмес.

• قُرْب الله تعالى من عباده، وإحاطته بهم، وعلمه التام بأحوالهم؛ ولهذا فهو يسمع دعاءهم ويجيب سؤالهم.
Аллах тааланын пенделерине болгон жакындыгы, аларды толук камтуусу жана абалдарын толук билүүсү. Ошол себептен Ал алардын дубаларын угат жана суранычтарына жооп берет.

 
Traducción de significados Versículo: (184) Capítulo: Sura Al-Baqara
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de traducciones

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Cerrar