Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de traducciones


Traducción de significados Versículo: (200) Capítulo: Sura Al-Baqara
فَإِذَا قَضَيۡتُم مَّنَٰسِكَكُمۡ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَذِكۡرِكُمۡ ءَابَآءَكُمۡ أَوۡ أَشَدَّ ذِكۡرٗاۗ فَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ رَبَّنَآ ءَاتِنَا فِي ٱلدُّنۡيَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖ
Ажылык ибадаттарын бүтүрүп, андан бошосоңор, Аллахты зикир кылгыла жана ата-бабаларыңар менен сыймыктанып, аларды мактаган сыяктуу Аллахты да көп мактагыла же Аллахты ата-бабаларыңарды эстегенден да көбүрөөк эстегиле. Анткени силер пайдаланып жаткан ар бир жакшылык Аллахтан. Адамдар ар түрдүү, алардын арасында бул дүйнөгө гана ишенген мушрик каапырлар бар, алар Раббисинен дүйнө жыргалчылыктары жана кооздуктары болгон ден-соолук, байлык жана бала-чака гана сурашат. Алар дүйнөнү сүйүп, акыреттен жүз бургандыктан, Аллах Өзүнүн ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон нерселерден насипке ээ болушпайт.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• يجب على المؤمن التزود في سفر الدنيا وسفر الآخرة، ولذلك ذكر الله أن خير الزاد هو التقوى.
Ыймандуу адам дүйнө жана акырет сапары үчүн азык камдоого тийиш. Ошол себептен Аллах азыктын эң жакшысы – такыбалык деп айтты.

• مشروعية الإكثار من ذكر الله تعالى عند إتمام نسك الحج.
Ажы ибадаттары толук бүткөндө Аллахты көп зикир кылуу шариятта келген.

• اختلاف مقاصد الناس؛ فمنهم من جعل همّه الدنيا، فلا يسأل ربه غيرها، ومنهم من يسأله خير الدنيا والآخرة، وهذا هو الموفَّق.
Адамдардын максаттары ар түрдүү болгондуктан, алардын кээ бирлери дүйнөнү гана көздөп, Раббисинен андан башканы сурашпайт. Ал эми кээ бирлери Андан дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурашат. Мына ушунусу ийгиликке жетет.

 
Traducción de significados Versículo: (200) Capítulo: Sura Al-Baqara
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de traducciones

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Cerrar