Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de traducciones


Traducción de significados Versículo: (60) Capítulo: Sura Al-Baqara
۞ وَإِذِ ٱسۡتَسۡقَىٰ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ فَقُلۡنَا ٱضۡرِب بِّعَصَاكَ ٱلۡحَجَرَۖ فَٱنفَجَرَتۡ مِنۡهُ ٱثۡنَتَا عَشۡرَةَ عَيۡنٗاۖ قَدۡ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٖ مَّشۡرَبَهُمۡۖ كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ مِن رِّزۡقِ ٱللَّهِ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле, качан силер эрме чөлдө калып, катуу суусап турганыңарда, Муса Раббисине жалынып, силерге суу берүүсүн суранды. Ошондо Биз аны таягың менен ташты ур деп буйрудук. Аны урганда урууларыңардын санына ылайык андан он эки булак атылып, алардын ар биринен суу чыкты. Ортодо чыр-чатак болбошу үчүн ар бир урууга иче турган жеке жайын көрсөтүп бердик. Жана Биз силерге: «Силерге эч кандай мээнетсиз жана аракетсиз жеткирген Аллахтын ырыскысынан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук кылбагыла» – дедик.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• كل من يتلاعب بنصوص الشرع ويحرّفها فيه شَبَهٌ من اليهود، وهو مُتوعَّد بعقوبة الله تعالى.
Шарият булактарына шылдың мамиле кылып, аны өзгөрткөндөр кандайдыр бир деңгээлде жөөттөргө окшош жана аларга Аллахтын катаал жазасы убада кылынган.

• عِظَمُ فضل الله تعالى على بني إسرائيل، وفي مقابل ذلك شدة جحودهم وعنادهم وإعراضهم عن الله وشرعه.
Аллахтын Исраил урпактарына болгон ырайымынын улуулугу. Алар болсо анын ордуна баш ийбестик, кежирлик, Аллахтан жана Анын шариятынан жүз буруу менен жооп беришти.

• أن من شؤم المعاصي وتجاوز حدود الله تعالى ما ينزل بالمرء من الذل والهوان، وتسلط الأعداء عليه.
Адамдын башына түшкөн кордук жана төмөндүк, душмандын башкаруусунда болуусу – күнөөлөрдүн кесепетинен жана Аллахтын чектеринен чыгуудан улам болот.

 
Traducción de significados Versículo: (60) Capítulo: Sura Al-Baqara
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de traducciones

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Cerrar