(Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.[1]
[1] Биз «көтөрүлдү» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндє: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын көтөрүлгөнү» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Термизий: 3543, Ибн Мажжа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынан бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).
Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар![1]
[1] «Керемет ысымдар» (Аль-асмаа-ул-хуснаа) дегендин себеби, Аллахтын бардык ысымдары макталган, даңазаланган маанилерди билдирет. Аллах Таала: } { وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى فَادْعُوهُ بِهَا деген аятта пенделерди дубага (Өзүнөн бир нерсе суроого) буюрганда ошол ысымдар менен гана кайрылгыла деген.
Бир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.[1]
[1] Ал үй-бүлөсү менен келе жатып, адашып калган. Күн суук болчу. Бул окуя Мусанын пайгамбарчылыгынын башталышы. Анткени, ага көрүнгөн нерсе, ал ойлогондой от эмес, Аллахтын жалындаган Нуру болчу. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Аллахтын пардасы оттон же нурдан болот» деген. Муса адаттагыдай от-нур издеп барып, ал жерден Руханий Нурду – пайгамбарчылыкты табат.
«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң![1]
[1] Бул өрөөндүн ыйыктыгынын себеби, Аллах таала дал ошол жерди сүйлөшүү үчүн тандаганында. Ыйык жерди бут кийим менен басууга мүмкүн эмес болгону себептүү Аллах таала «чокойуңду чеч» деп буюрууда. Ал эми, кээ бир тафсир аалымдары «Мунун себеби, Мусанын чокойу эшектин терисинен тигилген болчу» деп түшүндүрүшөт. Чындыкты Аллах гана билет.
(Оо, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың!
Жана колуңду колтугуңа кат – жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир керемет.[1]
[1] «Жамандыгы жок, ак» дегени – бул агаруу, пес (ала) оорулуу адамдын колунун агы сыяктуу түрү суук болбостон, андан башкача: нурлуу, жылтыраган ак болот.
[1] Себеби, кээ бир тафсирчилердин айтуусу боюнча Мусанын тили пайгамбар болгонго чейин кекеч болуп, сөздөрү анык түшүнүлбөйт экен. Башка бир аятта Мусанын мындай тилеги айтылат: «Мага бир тууганым Харунду кошуп бер. Анткени, ал менден түшүнүктүү сүйлөйт».
«Аны сандыкка салып, (Нил) дарыяга таштагын, дарыя аны жээкке чыгарат. (Кийин) аны өзүнүн жана Менин душманым (Фараон) таап алат». Жана Биздин көз алдыбызда, (коргообузда жана камкордугубузда) тарбияланышың үчүн, сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз.
Анда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.[1] Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадиян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса!
[1] Фараон бир кезде «Исраил урпактарынын бөбөк балдарын четинен кыргыла» деп буйрук берип, желдеттери үймө-үй шимшип жүргөндө, Аллах Мусанын апасынын көңүлүнө жогорудагы илхамды салат. Фараондун аялы аны жээктен таап алганда, «Өтө жылдыздуу бала экен, өзүбүз эле асырап алалычы?» - деп суранат жана ошентип Муса Аллахтын Өз көзөмөлүндө, бирок, душманынын үйүндө чоңойо баштайт. Аллах Мусага аябай сонун көрк, жүзүнө нур берген. Ошондуктан, Аллах таала «Жана сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз» деди. …Ошентип, Мусаны сарайга алып келишкенде эч бир аялдын көкүрөгүн оозуна албайт. «Дагы ким калды?» деп сурашканда, окуя ушул аяттагыдай уланат.
(Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».
Баргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исраил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден керемет алып келдик. Хидаятка (Аллахтын туура жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»
(Аллах) силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык.
Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун.[1]
[1] Фараон Мусаны таймашка чакырып, бардык элдерге көрүнө турган тегиз майдан тандоону сунуш кылды.
Фараон барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди.[1]
[1] Ал мамлекеттин бардык булуң-бурчуна чабарман жиберип, кайсыл жерде күчтүү сыйкырчы болсо, баарын жыйнап келди. Чоң, жайдак майданга мамлекеттин ар тарабынан келген эл батпай, кылкылдайт. Алар бири-бирине «чогулуп бүттүңөрбү? Эми, сыйкырчылар жеңип чыкса, бардыгыбыз аларды ээрчип калабыз ээ?» дешип, акмалап турушту. Муса учурдан пайдаланып, бардык адамдар уккандай бийик добуш менен каршылаштарына сүйлөдү. Максаты, элге да бир нерсе айтып калуу.
(Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фараон сыйкырчыларга айтты:)
Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.[1]
[1] Акыйкатта, Мусанын жерге ташталган таягы турган элдин көзүнчө чоң жыланга айланып, сыйкырчылардын ийреңдеген «жыландарын» жутуп кирди. Сыйкырчылар илимдүү кишилер болгондуктан Мусанын көргөзгөнү сыйкыр эмес эле, Аллахтын кудуретинин белгиси – моожиза экенин түшүнүштү жана ыйман келтирүүгө шашылышты.
«Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллахка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен да. Эми мен силердин кол бутуңарды каршы-терши (оң кол-сол бут) кесип, өзүңөрдү курма дарагына асып байлап коёмун. Анан кимибиздин (Аллахтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»
(Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-белгилерден жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Себеби, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың!
Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт![1]
[1] Ичин өрттөп жибере турган «заккум» дарагын жегенде, чаңкап, суусап, суу ичкиси келген убакта ириң сыяктуу, кайнап турган, оозуна жакындашканда ысыгы жүз терисин шылып жибере турган ичимдиктер мажбурлап ичирилгенде ж.б. адам чыдагыс азаптар болгондо өлгүсү келет, бирок, өлсө кана! Бейиштегилердин ырахатта жашагандарын көрүп, ошондой жашоону эңсешет, бирок, ошондой жашоого жетсе кана!
Түбүнөн дарыялар аккан, бейиштер бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (күнөөлөрдөн жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы![1]
[1] Муса далилдер менен жеңип чыкканына карабай, Фараон менен анын ойондору Исраил коомун эзип, көп «кудайларына» сыйынтууну улантышты. Муса болсо, элин Исламга (жалгыз Аллахка моюн сунууга) даават кылып, Исраил урпактарын тымызын алып чыгып кетүүнүн аракетинде болду. Исраил урпагы намаздарын жарыя окуудан корккону үчүн үйлөрүн мечит кылып алышат. Алар ээн-эркин намаз окуй турган күн келээр бекен деп эңсеп жашап жүрүштү. Убагы жетип, ошондой күн келди: Муса түндүн абалкы бөлүгүндө аларды жашыруун түрдө Мисирден сыртка чыгарып кетти. Эрте менен окуядан кабардар болгон Фараон аскерлери менен кууп, деңизге жакын жерде алардын караанын көрдү. Качкындар эмне кыларын билбей, коркуп калышты. Арт жакта Фараон, алдыда деңиз. Бирок, эмнегедир Муса катыржам. Себеби, ал Аллах Өз пайгамбарын өлүмгө салып бербешине ишенген. Ошондой болду. Аллах ага: «Таягың менен деңизге урсаң Исраил урпагынын он эки уруусу үчүн он эки жол ачылат» деп вахий жиберди. Муса буйрукту аткарганда, деңиз суусу тоо-тоо болуп түрүлүп, куп-кургак он эки жол пайда болду. Кийинки аяттар ушул окуялар жөнүндө.
Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фараондун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык.
Оо, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк жакшылыктарды камтыган Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктерди, (кармоого жеңил болгон) куштарды түшүрдүк (жана мындай дедик:)
«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор), үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү – ошол!
(Бирок) Мен, тообо кылып, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, туура жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин».[1]
[1] Бул аяттан белгилүү болгондой, бир күнөө иш жасаган адам Аллахка тообо кылгысы келсе, кабыл болушунун төрт шарты бар экен: 1) Тообо кылуу 2) Ыйманын бекемдөө 3) Жакшы иштерди жасоо 4) Туура жолго кайрадан түшүү.
«Оо, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?».[1]
[1] Муса алейхис-саламга Аллах таала Тоорат китебин берүү үчүн бир жерге убадалашат. Убадалашкан күн келгенде бир нече кишилер менен жолго чыгып, өзү бардыгынан бөлүнүп жөнөп калат. Ошондо, Аллах таала ага ушинтип кайрылат.
Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды да: «Оо, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар![1]
[1] Мусага алар: «Аллахтан башкага сыйынбайбыз. Сен келгенге чейин орун басарың Харундун сөзүнөн чыкпайбыз» деп убада беришкен.
Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.[1] Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Самирий дагы таштады (жана)
[1] Яхудилер мисирликтерден убактылуу же карызга алган алтын-зыйнаттарды алып баса беришкен.
аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Самирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул – силердин да Мусанын да кудайы. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)».
Ошого чейин аларга Харун: «Оо, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер – Чексиз Ырайымдуу! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде...
мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы?![1]
[1] Муса ушул сөздөрдү айтып, Харундун чач-сакалынан кармап жулкулдата баштады. Анткени, Аллах менен убадалашкан жерге бара жатып, Харунга: «Коомумда менин орун басарым болуп кал, (аларды) оңдо жана бузукулардын жолуна ээрчибе!» деп катуу дайындап кеткен эле.
(Анда, Самирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам.[1] Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген» - деди.
[1] Алар деңизден өтүп жатканда Самирий Аллахтын элчиси Жебирейил периште минген аттын туягынан чачыраган керемет топуракты көрүп калган болчу.
(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз!
Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар азап периштелери тарабынан кордолуп адамдар чогултула турган тарапка сүрүп алып барыла жатканда…)
Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (адамдар чогултула турган майданга) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Шуулдаган) дабыштар Чексиз Ырайымдуу (Аллахтын) урматына акырын болуп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың.
Ал күнү Чексиз Ырайымдуу[1] уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллах ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет.
[1] Аллахтын «Рахман» (Чексиз Ырайымдуу) деген ысым-сыпаты көп колдонулууда. Мына бул аятта дагы «Чексиз Ырайымдуу уруксат бергендерге» деп айтылды. Акыйкатта, Кыямат - Чын дүйнө. Аллахтын Ырайым-рахматынын токсон тогуз бөлүгү ошол жакта: Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам айткан: «Аллах жүз ырайымынын бирөөсүн гана (бул дүйнөдөгү) пенделерине (ж.б. жан-жаныбарларга) түшүрдү. Жадагалса бир жаныбар өзүнүн баласын тебелеп алуудан абайлап, бутун көтөрүүсү дагы ошол бир ырайымдын үлүшүнөн. Кыямат болгондо ошол бир ырайым токсон тогузуна кошулуп, Аллах Өз пенделерине толук Ырайымын көргөзөт».
(Оо, Мухаммад) мына ушинтип, Биз Куранды араб тилинде түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттардын түрлөрүн баяндадык. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар.
Акыйкат Падыша болгон Аллах эң Жогору! (Оо, Мухаммад,) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Куранды окуганга шашылба жана: «Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын.
Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллахтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббиcине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тообо кыла баштады)
(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.
(Аллах) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»
Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз аларга ачык-айкын болбодубу?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го!
Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек.
(Оо, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт.[1]
[1] Тасбих - «Субхааналлах» деген сөз. Мааниси «Мен Аллахты Өзүнүн Улуулугуна ылайык болбогон кемчилдиктүү сыпаттардан аруулаймын» дегенди түшүндүрөт.
Биз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун жыргал-кооздуктарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү!
Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага (намазга) сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) акыбет такыбалар үчүн!
Алар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) керемет алып келсе кана» – дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Куран) келбеди беле?!
Эгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» – дешет болчу.
Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.[1] Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.
[1] Мусулмандар эки жакшылыктын бирин – же жеңишти, же бейишти күтүшөт. Каапырларды да эки нерсе күтөт: же ушул дүйнөдө башына балээ азап келип, кыйрап калышат. Же эгер Аллах кыяматка чейин мөөнөт берген адамдардан болсо, канча көп жашаса, ошончо көп күнөө жыйнап, Акыретте өзүн күткөн тозокко барышат.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
نتایج جستجو:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".