Check out the new design

ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف * - لیست ترجمه ها

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ترجمهٔ معانی سوره: انعام   آیه:
وَهُوَ ٱلَّذِي يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيۡلِ وَيَعۡلَمُ مَا جَرَحۡتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبۡعَثُكُمۡ فِيهِ لِيُقۡضَىٰٓ أَجَلٞ مُّسَمّٗىۖ ثُمَّ إِلَيۡهِ مَرۡجِعُكُمۡ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلۡقَاهِرُ فَوۡقَ عِبَادِهِۦۖ وَيُرۡسِلُ عَلَيۡكُمۡ حَفَظَةً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَكُمُ ٱلۡمَوۡتُ تَوَفَّتۡهُ رُسُلُنَا وَهُمۡ لَا يُفَرِّطُونَ
Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.[1] Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”[2] периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.
[1] Алла тааланын Аль-Кахир деген ысымынын толук мааниси «Бардык нерселерге мажбур түрдө өкүмүн өткөрүүчү», «Жеңүүчү» деген түшүнүктөрдү берет.
[2] “Хафаза”, “сактоочу”, “коргоочу”, “күзөтчү” деген маанилерди билдирет.
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ رُدُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ مَوۡلَىٰهُمُ ٱلۡحَقِّۚ أَلَا لَهُ ٱلۡحُكۡمُ وَهُوَ أَسۡرَعُ ٱلۡحَٰسِبِينَ
Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал өтө тез эсептешүүчү.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ مَن يُنَجِّيكُم مِّن ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ تَدۡعُونَهُۥ تَضَرُّعٗا وَخُفۡيَةٗ لَّئِنۡ أَنجَىٰنَا مِنۡ هَٰذِهِۦ لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” - деп айткын.
تفسیرهای عربی:
قُلِ ٱللَّهُ يُنَجِّيكُم مِّنۡهَا وَمِن كُلِّ كَرۡبٖ ثُمَّ أَنتُمۡ تُشۡرِكُونَ
Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”.[1]
[1] Башына оор кайгы түшкөндө, адам баласы, эгер ал мушрик болсо да, буттарга же башка "кудайларга" эмес, Аллах таалага гана жалбарат. Мунун мааниси таухид (жалгыз Аллахка сыйынуу) инсан табияты умтулган чындык экенинде. Бирок, көп адамдар өздөрүнүн табиятына каршы жашайт.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ هُوَ ٱلۡقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبۡعَثَ عَلَيۡكُمۡ عَذَابٗا مِّن فَوۡقِكُمۡ أَوۡ مِن تَحۡتِ أَرۡجُلِكُمۡ أَوۡ يَلۡبِسَكُمۡ شِيَعٗا وَيُذِيقَ بَعۡضَكُم بَأۡسَ بَعۡضٍۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَفۡقَهُونَ
Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”[1] (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.
[1] Жиберген элчисин укпай койгондо, Аллах таала тарыхта өткөн мушрик коомдордун үстүнөн таш жаадырып, же болбосо бутунун астындагы жер аларды жутуп жиберип, азаптаган. Аллахтын бейбаш-мушрик коомдорго жибере турган дагы бир азабы бар. Бул - алардын ар түрдүү топторго бөлүнүп алып, өз ара кырылышып, бири-бирине зулумдук кылуулары. Аллах таала Өз ырайымы менен мусулман үммөтүн асмандан таш жаадыруу, жерге жуткуруу сыяктуу азаптардан сактап турат. Бирок, топторго бөлүнүп, бири-бири менен кырды-бычак болуу, биринин жерин бири басып алуу сыяктуу азаптар менен азаптай баштаганына көп болду. Мунун баары Анын өкүмү менен жашабагандыктын кесепети.
تفسیرهای عربی:
وَكَذَّبَ بِهِۦ قَوۡمُكَ وَهُوَ ٱلۡحَقُّۚ قُل لَّسۡتُ عَلَيۡكُم بِوَكِيلٖ
Сенин (Меккедеги) коомуң аны (Куранды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Аларга: “Мен силерге кароолчу эмесмин - деп айт.[1]
[1] Пайгамбардын милдети - Аллахтын өкүмдөрүн элдерге жеткирүү. Ал ар бир адамдын артынан кароолчу болуп: “Аткардыңбы, жокпу?” деп сурамжылап жүрбөйт.
تفسیرهای عربی:
لِّكُلِّ نَبَإٖ مُّسۡتَقَرّٞۚ وَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Ар бир кабардын өз убактысы бар. Тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا رَأَيۡتَ ٱلَّذِينَ يَخُوضُونَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ يَخُوضُواْ فِي حَدِيثٍ غَيۡرِهِۦۚ وَإِمَّا يُنسِيَنَّكَ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَلَا تَقۡعُدۡ بَعۡدَ ٱلذِّكۡرَىٰ مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин залым коомдор менен отурба!
تفسیرهای عربی:
 
ترجمهٔ معانی سوره: انعام
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف - لیست ترجمه ها

مترجم: شمس‌الدین حکیموف عبدالخالق، تحت نظارت مرکز ترجمه‌ى رواد توسعه يافته است.

بستن