ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (42) سوره: سوره كهف
وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِۦ فَأَصۡبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيۡهِ عَلَىٰ مَآ أَنفَقَ فِيهَا وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُشۡرِكۡ بِرَبِّيٓ أَحَدٗا
Ошентип ыймандуу адам айткандай эле болду. Каапырдын багындагы мөмөлөрдү балээ каптады. Бакты тургузган жана жүзүмдүн шактары илинген устундар кулады. Акырында каапыр адам багын тургузууга кетирген күчү жана текке кеткен акчалары үчүн катуу кейип өкүнүп алаканын жайып отуруп калды. Ал: “Аттиң! Жалгыз Раббиме гана ыйман келтиргенимде кана! Сыйынуумда Ага эч кимди шерик кылбай сыйынганымда кана!” – деп айтып отурду.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• على المؤمن ألا يستكين أمام عزة الغني الكافر، وعليه نصحه وإرشاده إلى الإيمان بالله، والإقرار بوحدانيته، وشكر نعمه وأفضاله عليه.
Мусулман адам каапырдын байлыгынын алдында өзүн кор тутпаш керек. Ага наасатын айтып Аллахка ыйман келтирүүгө, Анын жалгыздыгын моюнга алууга жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылууга багыттоосу зарыл.

• ينبغي لكل من أعجبه شيء من ماله أو ولده أن يضيف النعمة إلى مُولِيها ومُسْدِيها بأن يقول: ﴿ما شاءَ اللهُ لا قُوَّةَ إلَّا بِاللهِ﴾.
Ким өзүнүн мал-мүлкүнөн же бала-чакасынан аны суктандырган нерсени көрсө, анда ал жакшылыкты берген Затка аны таандык кылып «Муну Аллах каалады, Ал гана чыныгы күч-кубат Ээси» деп айтуусу зарыл.

• إذا أراد الله بعبد خيرًا عجل له العقوبة في الدنيا.
Эгерде Аллах пендесине жакшылык кааласа, анда ага бул дүйнөдө эле жазасын эртелетип берет.

• جواز الدعاء بتلف مال من كان ماله سبب طغيانه وكفره وخسرانه.
Байлыгы аны чектен ашууга, каапырлык кылууга түрткөн адамдын мал-мүлкү жок болсун деп дуба кылуу уруксат.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (42) سوره: سوره كهف
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن