ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (178) سوره: سوره بقره
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡقِصَاصُ فِي ٱلۡقَتۡلَىۖ ٱلۡحُرُّ بِٱلۡحُرِّ وَٱلۡعَبۡدُ بِٱلۡعَبۡدِ وَٱلۡأُنثَىٰ بِٱلۡأُنثَىٰۚ فَمَنۡ عُفِيَ لَهُۥ مِنۡ أَخِيهِ شَيۡءٞ فَٱتِّبَاعُۢ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَأَدَآءٌ إِلَيۡهِ بِإِحۡسَٰنٖۗ ذَٰلِكَ تَخۡفِيفٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَرَحۡمَةٞۗ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Башкаларды атайылап жана душмандык кылып өлтүргөн адамдардын маселесинде киши өлтүргөн адамды кылмышына жараша жазалоо милдети силерге жүктөлдү. Эркин адам үчүн эркин адам, кул үчүн кул, ургаачы үчүн ургаачы өлтүрүлөт. Эгер өлгөн киши өлөрүнөн мурун кечирсе, же өлгөн адамдын туугандары кун төлөтүүгө (кун – киши өлтүрүүчү кечирим алгандыгы үчүн төлөп берүүчү белгилүү өлчөмдөгү акы) макул болуп кечирсе, анда кечирген тарап өлтүрүүчүнү кекетпестен жана ага зыян бербестен, жакшылык жолдо андан кунду талап кылсын. Өлтүргөн киши да кунду кечиктирбестен жана созбостон, жакшылык жолдо төлөп берсин. Бул кечирим жана кун төлөө – Раббиңердин силерге кылган жеңилдиги жана бул үммөткө болгон ырайымы. Ал эми ким өлтүргөн адамды кечирип, кун төлөткөндөн кийин ага кол салса, анда ага Аллах тараптан кыйноочу азап бар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• البِرُّ الذي يحبه الله يكون بتحقيق الإيمان والعمل الصالح، وأما التمسك بالمظاهر فقط فلا يكفي عنده تعالى.
Аллах сүйгөн жакшылык ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди аткаруу менен ишке ашат, ал эми үстүртөн гана кармануу Аллахтын алдында жетишсиз болуп эсептелет.

• من أعظم ما يحفظ الأنفس، ويمنع من التعدي والظلم؛ تطبيق مبدأ القصاص الذي شرعه الله في النفس وما دونها.
Адамдардын жанын сактаган жана душмандыктан, зулумдуктан коргогон эң улуу иштердин бири – адамдын жаны жана андан төмөнкү нерселерге карата Аллах шарият кылган өч алуу принциптерин иш жүзүндө колдонуу.

• عِظَمُ شأن الوصية، ولا سيما لمن كان عنده شيء يُوصي به، وإثمُ من غيَّر في وصية الميت وبدَّل ما فيها.
Керээздин маанилүүлүгү, айрыкча колунда керээз калтыра тургандай нерсеси бар адамдар үчүн, ошондой эле өлгөн адамдын керээзин өзгөртүү жана андагы нерселерди бурмалоонун күнөө экендиги тууралуу айтылды.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (178) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن