ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (187) سوره: سوره بقره
أُحِلَّ لَكُمۡ لَيۡلَةَ ٱلصِّيَامِ ٱلرَّفَثُ إِلَىٰ نِسَآئِكُمۡۚ هُنَّ لِبَاسٞ لَّكُمۡ وَأَنتُمۡ لِبَاسٞ لَّهُنَّۗ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَخۡتَانُونَ أَنفُسَكُمۡ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡ وَعَفَا عَنكُمۡۖ فَٱلۡـَٰٔنَ بَٰشِرُوهُنَّ وَٱبۡتَغُواْ مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَكُمۡۚ وَكُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ ٱلۡخَيۡطُ ٱلۡأَبۡيَضُ مِنَ ٱلۡخَيۡطِ ٱلۡأَسۡوَدِ مِنَ ٱلۡفَجۡرِۖ ثُمَّ أَتِمُّواْ ٱلصِّيَامَ إِلَى ٱلَّيۡلِۚ وَلَا تُبَٰشِرُوهُنَّ وَأَنتُمۡ عَٰكِفُونَ فِي ٱلۡمَسَٰجِدِۗ تِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ فَلَا تَقۡرَبُوهَاۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ ءَايَٰتِهِۦ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Орозо жаңы парз болгон учурда, эгер киши түн ичинде уктап, анан таң атканга чейин кайра ойгонсо, ага аялы менен жакындашууга жана тамак жегенге тыюу салынган болчу. Кийин Аллах Таала бул өкүмдү жокко чыгарды жана таң атканга чейин мындай иштерди аткарууну ыктыярдуу кылды, эй, ыймандуулар, орозо айында түн ичинде аялыңар менен кошула бергиле, алар силерге, силер аларга көшөгө, тосмосуңар, бири-бириңден пайдалангыла, Аллах Таала таза-топук урук-урпак берүүсүн сурангыла, түнү менен ичип-жей бергиле, качан гана чыныгы таң башталып жерге жарык кире баштаганда токтоткула. Анан кечинде күн батканча орозо кармагыла. Мечитте этикафта отурсаңар аялыңар менен кошулбагыла, бул этикафты бузат. Бул өкүмдөр Аллах Тааланын арам менен адалдын ортосуна койгон чеги ага жакындабагыла. Ким Аллахтын чегине жакындаса, арамга кирип кетүү коркунучу бар, Аллах Таала аяттарын адамдар Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып сактануу үчүн ачык-айкын баян кылат
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• مشروعية الاعتكاف، وهو لزوم المسجد للعبادة؛ ولهذا يُنهى عن كل ما يعارض مقصود الاعتكاف، ومنه مباشرة المرأة.
Этикафка отуруу шариятта көрсөтүлгөн. Ал мечиттен чыкпай ибадат кылуу. Ошол себептен этикафтын максатына каршы келген бардык иштерге, анын ичинде аялы менен жыныстык мамиле кылууга тыюу салынат.

• النهي عن أكل أموال الناس بالباطل، وتحريم كل الوسائل والأساليب التي تقود لذلك، ومنها الرشوة.
Адамдардын мал-мүлкүн жалган жолдо жештен тыюу жана ага алып баруучу бардык каражаттардын жана ыкмалардын, анын ичинде паракорлуктун арамдыгы.

• تحريم الاعتداء والنهي عنه؛ لأن هذا الدين قائم على العدل والإحسان.
Зордук-зомбулук көрсөтүү арам жана ал тыйылган. Анткени бул дин адилеттүүлүккө жана жакшылык кылууга негизделген.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (187) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن