ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (219) سوره: سوره بقره
۞ يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡخَمۡرِ وَٱلۡمَيۡسِرِۖ قُلۡ فِيهِمَآ إِثۡمٞ كَبِيرٞ وَمَنَٰفِعُ لِلنَّاسِ وَإِثۡمُهُمَآ أَكۡبَرُ مِن نَّفۡعِهِمَاۗ وَيَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَا يُنفِقُونَۖ قُلِ ٱلۡعَفۡوَۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَتَفَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден адамдын акылын кетирген мас кылуучу ичимдиктер тууралуу жана аны ичүүнүн, сатуунун жана сатып алуунун өкүмү тууралуу сурашат. Ошондой эле кумар оюнунун өкүмү тууралуу сурашат (кумар оюндары – мелдештерди өткөрүү жолу аркылуу ага катышкан эки тараптан байге катары алынган акчалай каражат). Аларга жооп кылып айт: «Бул экөөсүндө акылды жана мал-мүлктү жоготуу, душмандыкка жана жек көрүүчүлүккө баруу сыяктуу адамдар үчүн диний жана дүйнөлүк жактан зыяндар бар. Ошондой эле ал экөөсүндө акча каражат табуу сыяктуу азыраак пайдалары бар. Бирок булардын зыяны жана күнөөсү пайдасынан көбүрөөк. Кайсы бир нерсенин зыяндуулугу пайдасынан көп болсо, акылы бар адам андан качат. Аллахтын бул түшүндүрмөсүндө мас кылуучу ичимдиктерди арамга чыгарууга даярдоо мааниси камтылган. Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден мал-мүлктөрүнөн ыктыярдуу жана кайрымдуулук түрдө канча бөлүгүн сарптоо керектиги тууралуу да сурашат. Аларга жооп катары: «Өзүңөрдүн муктаждыгыңардын арткан мал-мүлкүңөрдү бергиле» – деп айт. (Баштапкы учурда ушундай болгон, кийин Аллах белгилүү бир мал-мүлктөрдөн жана белгиленген өлчөмдөрдө парз зекет берүүнү шариятка киргизген). Ушундай ачык-айкын баяндоо менен Аллах силерге шарият өкүмдөрүн түшүрдүрөт. Балким ой жүгүртөрсүңөр.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الجهل بعواقب الأمور قد يجعل المرء يكره ما ينفعه ويحب ما يضره، وعلى المرء أن يسأل الله الهداية للرشاد.
Иштердин акыбетин билбестик, кээде адамдын өзүнө пайдалуу нерсени жек көрүүсүнө, зыяндуу нерсени жакшы көрүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан адам Аллахтан тууралыкка карай жол көрсөтүүнү суроосу керек.

• جاء الإسلام بتعظيم الحرمات والنهي عن الاعتداء عليها، ومن أعظمها صد الناس عن سبيل الله تعالى.
Ислам дини ыйык нерселерди улуктоону жана аларга душмандык кылуудан тыюуну алып келди. Ал эми алардын эң чоңдорунун бири – адамдарды Аллах тааланын жолунан тосуу.

• لا يزال الكفار أبدًا حربًا على الإسلام وأهله حتَّى يخرجوهم من دينهم إن استطاعوا، والله موهن كيد الكافرين.
Каапырлар мусулмандарды дининен чыгармайынча аларга жана Исламга каршы согушту дайыма уланта беришет. Аллах каапырлардын айласын курутат.

• الإيمان بالله تعالى، والهجرة إليه، والجهاد في سبيله؛ أعظم الوسائل التي ينال بها المرء رحمة الله ومغفرته.
Аллахка ыйман келтирүү, Ал үчүн көчүү жана Анын жолунда согушуу – Аллахтын ырайымына жана кечиримине жетүүнүн эң улуу жолдору.

• حرّمت الشريعة كل ما فيه ضرر غالب وإن كان فيه بعض المنافع؛ مراعاة لمصلحة العباد.
Шарият адамдардын кызыкчылыгын эске алуу менен зыяндуулугу басымдуулук кылган бардык нерселерге, анын ичинде анча-мынча пайдасы бар болсо да, аларды арамга чыгарат.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (219) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن