ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (221) سوره: سوره بقره
وَلَا تَنكِحُواْ ٱلۡمُشۡرِكَٰتِ حَتَّىٰ يُؤۡمِنَّۚ وَلَأَمَةٞ مُّؤۡمِنَةٌ خَيۡرٞ مِّن مُّشۡرِكَةٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَتۡكُمۡۗ وَلَا تُنكِحُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ حَتَّىٰ يُؤۡمِنُواْۚ وَلَعَبۡدٞ مُّؤۡمِنٌ خَيۡرٞ مِّن مُّشۡرِكٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكُمۡۗ أُوْلَٰٓئِكَ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلنَّارِۖ وَٱللَّهُ يَدۡعُوٓاْ إِلَى ٱلۡجَنَّةِ وَٱلۡمَغۡفِرَةِ بِإِذۡنِهِۦۖ وَيُبَيِّنُ ءَايَٰتِهِۦ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Оо, ыймандуулар! Аллахка ширк кылган мушрик аялдар жалгыз Аллахка ыйман келтирип, Ислам динине кирмейинче аларга үйлөнбөгүлө. Чындыгында айкелдерге сыйынган эркин аял сулуулугу жана байлыгы менен силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген күн аял жакшыраак. Ошондой эле мусулман аялдарды мушрик эркектерге турмушка бербегиле. Чындыгында эркин мушрик силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка ыйман келтирген кул жакшыраак. Ширк менен сыпатталган эркектер жана аялдар сөздөрү жана иш-аракеттери менен тозокко алып баруучу нерселерге чакырышат, ал эми Аллах Өзүнүн уруксаты жана жакшылыгы менен бейишке кирүүгө жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон жакшылык иштерге чакырат жана Өзүнүн аят-белгилерин ачык баяндайт. Балким алар көрсөткөн нерселерден сабак алып, аларды иш жүзүндө аткарышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• تحريم النكاح بين المسلمين والمشركين، وذلك لبُعد ما بين الشرك والإيمان.
Ширк менен ыймандын ортосундагы алыстыктан улам мусулмандар менен мушриктердин ортосунда нике кыюунун арамдыгы.

• دلت الآية على اشتراط الولي عند عقد النكاح؛ لأن الله تعالى خاطب الأولياء لمّا نهى عن تزويج المشركين.
Аят никеге турууда камкорчунун (валийдин) күбө болуусу шарт экенине далил. Анткени Аллах таала мушриктерге турмушка бербегиле деп камкорчуларга кайрылды.

• حث الشريعة على الطهارة الحسية من النجاسات والأقذار، والطهارة المعنوية من الشرك والمعاصي.
Шарият сырткы ыплас жана булганыч нерселерден таза болууга, ошондой эле ички күнөөлөрдөн жана ширктен таза болууга үндөйт.

• ترغيب المؤمن في أن يكون نظره في أعماله - حتى ما يتعلق بالملذات - إلى الدار الآخرة، فيقدم لنفسه ما ينفعه فيها.
Ыймандуу адамды иш-аракеттеринде, ал тургай ырахаттанууга байланышкан нерселерде да акыретке назар салууга жана ал үчүн өзүнө пайдалуу нерселерди камдоого үндөдү.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (221) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن