ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (253) سوره: سوره بقره
۞ تِلۡكَ ٱلرُّسُلُ فَضَّلۡنَا بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۘ مِّنۡهُم مَّن كَلَّمَ ٱللَّهُۖ وَرَفَعَ بَعۡضَهُمۡ دَرَجَٰتٖۚ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلَ ٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ وَلَٰكِنِ ٱخۡتَلَفُواْ فَمِنۡهُم مَّنۡ ءَامَنَ وَمِنۡهُم مَّن كَفَرَۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلُواْ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يُرِيدُ
Биз сага айтып өткөн пайгамбарларды вахийде, жолун жолдоочуларда жана даражаларда бири-биринен артык кылдык. Алардын арасында Муса сыяктуу Аллах таала түзмө-түз сүйлөшкөндөрү бар жана алардын арасында Мухаммад сыяктуу бийик даражаларга көтөргөндөрү бар, анткени ал бүткүл адамзатка жиберилди, аны менен пайгамбарчылык токтоду жана анын үммөтү башка үммөттөрдөн артык болду. Ошондой эле Биз Мариямдын уулу Исага анын пайгамбарлыгына далил боло турган өлүктөрдү тирилтүү, сокур менен пес ооруларын айыктыруу сыяктуу ачык-айкын кереметтерди бердик жана аны Аллах тааланын буйругун аткарууга кубаттандыруу үчүн Жебреил аркылуу колдодук. Аллах кааласа, пайгамбарлардан кийин келгендер аларга ачык-айкын аяттар келгенден кийин бири-бири менен согушмак эмес, бирок алар бири-бирине каршы болуп бөлүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери Аллахка ыйман келтиришсе, кээ бирлери Ага каапырлык кылышты. Эгер Аллах алардын согушууларын каалабаса, алар согушпайт болчу. Бирок Аллах каалаганын кылат, кимди кааласа Өзүнүн ырайымы жана айкөлдүгү менен ыйманга багыттайт, кимди кааласа Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен адаштырат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أن الله تعالى قد فاضل بين رسله وأنبيائه، بعلمه وحكمته سبحانه.
Аллах таала Өзүнүн илими жана даанышмандыгы менен пайгамбарларын жана элчилерин бири-биринен артык кылды.

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على ما يليق بجلاله، وأنه قد كلم بعض رسله كموسى ومحمد عليهما الصلاة والسلام.
Аллах таала Өз улуулугуна жараша сүйлөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. Ал Муса жана Мухаммад сыяктуу кээ бир пайгамбарлары менен сүйлөшкөн.

• الإيمان والهدى والكفر والضلال كلها بمشيئة الله وتقديره، فله الحكمة البالغة، ولو شاء لهدى الخلق جميعًا.
Ыйман, туура жол, каапырлык жана адашуу, мунун баарысы Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Мунун артында чоң сыр бар. Эгер Аллах кааласа, бардык адамдарды туура жолго салып коймок.

• آية الكرسي هي أعظم آية في كتاب الله، لما تضمنته من ربوبية الله وألوهيته وبيان أوصافه .
Аят аль-Курси – Аллахтын китебиндеги эң улук аят. Анткени ал өзүнө Аллахтын жаратуучулугун, сыйынууга татыктуулун жана Анын сыпаттарынын түшүндүрмөсүн камтыган.

• اتباع الإسلام والدخول فيه يجب أن يكون عن رضًا وقَبول، فلا إكراه في دين الله تعالى.
Исламды ээрчүү жана ага кирүү ыраазылык жана макулдук менен болуусу керек. Аллах тааланын дининде мажбурлоо жок.

• الاستمساك بكتاب الله وسُنَّة رسوله أعظم وسيلة للسعادة في الدنيا، والفوز في الآخرة.
Аллахтын китебин жана Анын элчисинин сүннөтүн кармануу – бул дүйнөдөгү бактылуулуктун жана акыреттеги жеңиштин эң чоң себеби.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (253) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن