ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (61) سوره: سوره بقره
وَإِذۡ قُلۡتُمۡ يَٰمُوسَىٰ لَن نَّصۡبِرَ عَلَىٰ طَعَامٖ وَٰحِدٖ فَٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُخۡرِجۡ لَنَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلۡأَرۡضُ مِنۢ بَقۡلِهَا وَقِثَّآئِهَا وَفُومِهَا وَعَدَسِهَا وَبَصَلِهَاۖ قَالَ أَتَسۡتَبۡدِلُونَ ٱلَّذِي هُوَ أَدۡنَىٰ بِٱلَّذِي هُوَ خَيۡرٌۚ ٱهۡبِطُواْ مِصۡرٗا فَإِنَّ لَكُم مَّا سَأَلۡتُمۡۗ وَضُرِبَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلذِّلَّةُ وَٱلۡمَسۡكَنَةُ وَبَآءُو بِغَضَبٖ مِّنَ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَانُواْ يَكۡفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَيَقۡتُلُونَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَواْ وَّكَانُواْ يَعۡتَدُونَ
Эстегилечи, бир учурда силер Раббиңердин жакшылыгына ыраазы болбой, Аллах силерге түшүргөн манна шириндиги менен бөдөнөдөн тажаганыңарда: «Өзгөрбөгөн бир түрдүү тамакка чыдай албайбыз» деп, Мусадан бизге азык катары жерде өскөн жашылчалар, узун бадыраң, буурчак, жасмык дандары, пияз сыяктуу өсүмдүктөрдү чыгарып берүүсүн Аллахтан дуба кылып сура деп талап кылдыңар. Муса силерге эч кандай кыйынчылыксыз жана машакатсыз келген даамдуу жана берекелүү манна шириндиги менен бөдөнөнү болор-болбос нерселерге алмаштыр деген өтүнүчүңөрдү четке кагып: «Бул жердин каалаган айылына түшкүлө, анын талааларынан жана базарларынан сураганыңарды табасыңар» – деди. Алар напси каалоолоруна ээрчип, Аллах аларга тандаган нерселерден такай жүз бурушкандары себептүү аларды кордук, жакырчылык жана каатчылык басты. Жана алар Аллахтын дининен жүз буруп, Анын аят-белгилерине каапырлык кылып, зулумдук жана душмандык менен Анын пайгамбарларын өлтүрүшкөнү үчүн Аллахтын каарына калышты. Мунун баары алардын Аллахка баш ийбестик кылып, Анын чектеринен чыккандыгы себептен болду.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• كل من يتلاعب بنصوص الشرع ويحرّفها فيه شَبَهٌ من اليهود، وهو مُتوعَّد بعقوبة الله تعالى.
Шарият булактарына шылдың мамиле кылып, аны өзгөрткөндөр кандайдыр бир деңгээлде жөөттөргө окшош жана аларга Аллахтын катаал жазасы убада кылынган.

• عِظَمُ فضل الله تعالى على بني إسرائيل، وفي مقابل ذلك شدة جحودهم وعنادهم وإعراضهم عن الله وشرعه.
Аллахтын Исраил урпактарына болгон ырайымынын улуулугу. Алар болсо анын ордуна баш ийбестик, кежирлик, Аллахтан жана Анын шариятынан жүз буруу менен жооп беришти.

• أن من شؤم المعاصي وتجاوز حدود الله تعالى ما ينزل بالمرء من الذل والهوان، وتسلط الأعداء عليه.
Адамдын башына түшкөн кордук жана төмөндүк, душмандын башкаруусунда болуусу – күнөөлөрдүн кесепетинен жана Аллахтын чектеринен чыгуудан улам болот.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (61) سوره: سوره بقره
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن