ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (77) سوره: سوره طه
وَلَقَدۡ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَسۡرِ بِعِبَادِي فَٱضۡرِبۡ لَهُمۡ طَرِيقٗا فِي ٱلۡبَحۡرِ يَبَسٗا لَّا تَخَٰفُ دَرَكٗا وَلَا تَخۡشَىٰ
Биз Мусага вахий кылдык: «Менин пенделерим менен эч кимге билинбей аманчылыкта Мисирден түндөп жолго чык жана деңизди таягың менен уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү силерге жетип алат деп кооптонбо жана деңизге чөгүп кетүүдөн да коркпо!».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من سُنَّة الله انتقامه من المجرمين بما يشفي صدور المؤمنين، ويقر أعينهم، ويذهب غيظ قلوبهم.
Чектен чыккандардан өч алуу Аллахтын койгон эрежелеринен. Ал муну менен ыймандуулардын көкүрөктөрүн айыктырат, көздөрүнө кубаныч тартуулайт жана жүрөктөрүндөгү кыжырданууну кетирет.

• الطاغية شؤم على نفسه وعلى قومه؛ لأنه يضلهم عن الرشد، وما يهديهم إلى خير ولا إلى نجاة.
Залим башчы өзүнө да, элине да балээ. Анткени ал аларды туура жолдон адаштырып, аларды эч убакта жакшылыкка чакырып, жаман жолдон кутулууга багыттабайт.

• النعم تقتضي الحفظ والشكر المقرون بالمزيد، وجحودها يوجب حلول غضب الله ونزوله.
Жакшылыктар аны сактоону жана көбүрөөөк шүгүр кылууну талап кылат. Ал эми ага кесир болуу Аллахтын каары түшүүсүнө себеп болот.

• الله غفور على الدوام لمن تاب من الشرك والكفر والمعصية، وآمن به وعمل الصالحات، ثم ثبت على ذلك حتى مات عليه.
Ширк, каапырлык жана күнөөлөргө тообо кылгандарга, Ага ыйман келтиргендерге, жакшылык иштерди кылып, өлгөнгө чейин ал жолдо бекем тургандарга Аллах дайым Кечиримдүү.

• أن العجلة وإن كانت في الجملة مذمومة فهي ممدوحة في الدين.
Шашкалактык, жалпысынан алганда жаман сыпат катары саналганы менен ал динде жакшылык иштерге шашылуу мактоого арзыган сыпаттардан.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (77) سوره: سوره طه
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن