ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره فرقان   آیه:

Фуркан

از اهداف این سوره:
الانتصار للرسول صلى الله عليه وسلم وللقرآن ودفع شبه المشركين.
Элчини жана Куранды колдоо, мушриктердин күмөндөрүн кетирүү.

تَبَارَكَ ٱلَّذِي نَزَّلَ ٱلۡفُرۡقَانَ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦ لِيَكُونَ لِلۡعَٰلَمِينَ نَذِيرًا
Адамзат менен жиндерди Аллахтын азабынан коркутуп аларга пайгамбар болсун деп Өзүнүн пендеси жана элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы-тынчтыгы болсун) акыйкат менен жалганды ажыраткан Куранды түшүргөн Аллах улук жана жакшылыгы көп Зат.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖ فَقَدَّرَهُۥ تَقۡدِيرٗا
Асмандардын мүлкү жана жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын баласы жок жана мүлкүндө Анын шериги жок. Ал бүткүл нерсени жаратып, алардын жаралуусун Өз илими жана даанышмандыгы талап кылгандай ар бирин өзүнө ылайык деңгээлде өлчөп белгилеп койгон.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• دين الإسلام دين النظام والآداب، وفي الالتزام بالآداب بركة وخير.
Ислам дини – тартиптештирүүнүн жана адептердин дини. Ал эми адептерди карманууда береке менен жакшылык бар.

• منزلة رسول الله صلى الله عليه وسلم تقتضي توقيره واحترامه أكثر من غيره.
Аллахтын элчисинин бийик орду башкаларга караганда көбүрөөк сый-урмат кылууну талап кылат.

• شؤم مخالفة سُنَّة النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбардын сүннөтүнө каршы чыгуунун жамандыгы.

• إحاطة ملك الله وعلمه بكل شيء.
Аллахтын мүлкү менен илими бардык нерсени өзүнө камтыйт.

وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗ لَّا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ وَلَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ ضَرّٗا وَلَا نَفۡعٗا وَلَا يَمۡلِكُونَ مَوۡتٗا وَلَا حَيَوٰةٗ وَلَا نُشُورٗا
Мушриктер Аллахтан башка кудайларды тутуп алышты, алар болсо кичине да, чоң да нерсени жарата алышпайт, алар өздөрү жаратылгандар. Аллах аларды жоктон жаратты. Алар өздөрүн зыяндан коргой алышпайт, өздөрүнө пайда да келтире алышпайт, өлүктү тирилте, тирүүнү өлтүрө алышпайт жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилте алышпайт.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ إِفۡكٌ ٱفۡتَرَىٰهُ وَأَعَانَهُۥ عَلَيۡهِ قَوۡمٌ ءَاخَرُونَۖ فَقَدۡ جَآءُو ظُلۡمٗا وَزُورٗا
Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар: «Бул Куран анык жалган! Мухаммад аны өзү ойлоп таап, кийин аны жалган жолдо Аллахка тийиштүү кылып койду. Аны ойлоп табууга башка адамдар да жардам беришкен»,– дешти. Ал каапырлар жалган сөздү ойлоп табышты. Куран – бул Аллахтын сөзү. Мындай сөздү адамзат да, жиндер да алып келе алышпайт.
تفسیرهای عربی:
وَقَالُوٓاْ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٱكۡتَتَبَهَا فَهِيَ تُمۡلَىٰ عَلَيۡهِ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا
Куранды жалганга чыгарган ошол адамдар айтышты: «Куран – байыркылардын сөздөрү жана алардын жазган жалгандарынан. Мухаммад аны көчүрүп алган. Ал ага эртели-кеч окулуп турат».
تفسیرهای عربی:
قُلۡ أَنزَلَهُ ٱلَّذِي يَعۡلَمُ ٱلسِّرَّ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Куранды асмандардагы жана жердеги бүткүл нерсени билген Аллах түшүрдү. Силер ойлогондой ал ойлоп табылган эмес. Андан кийин аларды тообо кылууга чакырып: «Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу» – деп айтты».
تفسیرهای عربی:
وَقَالُواْ مَالِ هَٰذَا ٱلرَّسُولِ يَأۡكُلُ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشِي فِي ٱلۡأَسۡوَاقِ لَوۡلَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مَلَكٞ فَيَكُونَ مَعَهُۥ نَذِيرًا
Пайгамбарды жалганга чыгарган мушриктер айтты: «Өзүн Аллах тараптан келген пайгамбармын деп ойлоп жаткан буга эмне болду? Ал башка адамдар сыяктуу эле тамак-аш жейт, тиричилик кылыш үчүн базарларда жүрөт. Аллах аны менен кошо жүргөн, анын чынчылдыгын тастыктап, ага жардам берип жандаган периште жиберсе болбойт беле?
تفسیرهای عربی:
أَوۡ يُلۡقَىٰٓ إِلَيۡهِ كَنزٌ أَوۡ تَكُونُ لَهُۥ جَنَّةٞ يَأۡكُلُ مِنۡهَاۚ وَقَالَ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا
Же ага асмандан казына түшпөйт беле же мөмөлөрүнөн жеген анын бакчасы болбойт беле? Ошондо ал базарларда ырыскы издеп жүрбөйт эле». Залымдар айтышты: «Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбарды ээрчиген жоксуңар! Силер сыйкырланып акылын жоготкон адамды гана ээрчип жүрөсүңөр».
تفسیرهای عربی:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَٰلَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Карачы, алар сен тууралуу таң кала тургандай жалган сыпаттарды айтып жатышканын. Сыйкырчы дешти, сыйкырланган дешти, жинди дешти. Ошол себептен алар акыйкаттан адашты. Эми алар туура жолго түшө алышпайт жана сенин чынчылдыгыңды жана аманаткөйлүгүңдү жаманатты кылууга да жол таба алышпайт.
تفسیرهای عربی:
تَبَارَكَ ٱلَّذِيٓ إِن شَآءَ جَعَلَ لَكَ خَيۡرٗا مِّن ذَٰلِكَ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ وَيَجۡعَل لَّكَ قُصُورَۢا
Аллах улуу берекеттүү Зат. Ал кааласа бул дүйнөдө сага алардын сунуштаган нерселеринен да жакшыраак болгон бакчаларды кылат. Андагы хансарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Сен алардын мөмөлөрүнөн жейсиң. Ошентип эгер кааласа сен жыргап жашай турган хансарайларды жаратат.
تفسیرهای عربی:
بَلۡ كَذَّبُواْ بِٱلسَّاعَةِۖ وَأَعۡتَدۡنَا لِمَن كَذَّبَ بِٱلسَّاعَةِ سَعِيرًا
Алардан акыйкатты жана далилдерди издегендей сөздөр чыккан жок! Тескерисинче, алар кыямат күнүн жалганга чыгарышты. Биз кыямат күндү жалганга чыгаргандарга алоолонуп күйүп турган тозокту даярдап койдук.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• اتصاف الإله الحق بالخلق والنفع والإماتة والإحياء، وعجز الأصنام عن كل ذلك.
Чыныгы Кудай жаратуу, пайда келтирүү, өлтүрүү жана тирилтүү сыпатына ээ. Ал эми айкел-буттар буларды кылууга алсыз.

• إثبات صفتي المغفرة والرحمة لله.
Аллах таала кечирим жана ырайым сыпаттарына ээ экендигин тастыкталат.

• الرسالة لا تستلزم انتفاء البشرية عن الرسول.
Пайгамбарчылык – адамзаттан пайгамбар болбош керек деген нерсени талап кылбайт.

• تواضع النبي صلى الله عليه وسلم حيث يعيش كما يعيش الناس.
Пайгамбардын жөнөкөйлүгү, анткени ал башка адамдар сыяктуу жашаган.

إِذَا رَأَتۡهُم مِّن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ سَمِعُواْ لَهَا تَغَيُّظٗا وَزَفِيرٗا
Качан тозок аны көздөй алыстан айдалып кела жаткан каапырларды көргөндө, алар анын буркулдап кайнаганын жана аларга катуу каарданган коркунучтуу үнүн угушат.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَآ أُلۡقُواْ مِنۡهَا مَكَانٗا ضَيِّقٗا مُّقَرَّنِينَ دَعَوۡاْ هُنَالِكَ ثُبُورٗا
Качан ал каапырлар колдору моюндарына чынжыр менен кишенделген абалда тозоктогу тар жерге ыргытылганда, андан кутулуш үчүн өздөрүнө өлүм тилеп калышат.
تفسیرهای عربی:
لَّا تَدۡعُواْ ٱلۡيَوۡمَ ثُبُورٗا وَٰحِدٗا وَٱدۡعُواْ ثُبُورٗا كَثِيرٗا
Эй, каапырлар! Бүгүн өлүмдү бир эле жолу эмес, көп жолу чакыргыла! Бирок сураганыңарга эч качан жооп берилбейт. Силер кыйноочу азапта түбөлүк каласыңар.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ أَذَٰلِكَ خَيۡرٌ أَمۡ جَنَّةُ ٱلۡخُلۡدِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۚ كَانَتۡ لَهُمۡ جَزَآءٗ وَمَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Аларга: «Силерге сыпатталып айтылган ушул азап жакшыбы же жыргалчылыгы токтобой дайым уланган түбөлүк бейиш жакшыбы?» – деп айт. Аллах аны ыймандуу пенделеринин ичинен такыбаларына сыйлык жана кыямат күнү алардын кайтып барар жайы болот деп убада кылган.
تفسیرهای عربی:
لَّهُمۡ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ خَٰلِدِينَۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ وَعۡدٗا مَّسۡـُٔولٗا
Алар үчүн бул бейиште каалаган жыргалчылыктар болот. Бул Аллахтын убадасы. Андан такыба пенделери бул тууралуу сурашат. Аллахтын убадасы ишке ашат. Ал убадасын бузбайт.
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ وَمَا يَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَقُولُ ءَأَنتُمۡ أَضۡلَلۡتُمۡ عِبَادِي هَٰٓؤُلَآءِ أَمۡ هُمۡ ضَلُّواْ ٱلسَّبِيلَ
Ал күндө Аллах жалганчы мушриктерди жана Аны менен катар сыйынылган кудайларын жыйнайт жана сыйынуучуларын айыбын билгизүү максатта ал кудайларына айтат: «Силер пенделеримди өзүңөргө сыйынгыла деп адаштырдыңарбы же алар өздөрү эле адаштыбы?».
تفسیرهای عربی:
قَالُواْ سُبۡحَٰنَكَ مَا كَانَ يَنۢبَغِي لَنَآ أَن نَّتَّخِذَ مِن دُونِكَ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ وَلَٰكِن مَّتَّعۡتَهُمۡ وَءَابَآءَهُمۡ حَتَّىٰ نَسُواْ ٱلذِّكۡرَ وَكَانُواْ قَوۡمَۢا بُورٗا
Кудайлары айтышат: «Оо, Раббибиз! Сен Өзүңө шерик тутуудан аруусун. Сенден башкаларды башкаруучу-коргоочу тутканыбыз бизге ылайык эмес. Кантип эле Сенин пенделериңди бизге сыйынгыла деп айтмак элек?! Бирок ал мушриктерди жана алардан мурунку ата-бабаларын акырындык менен жазалоо үчүн Сен аларга дүйнө жыргалчылыктарын бергенде алар Сени эстөөнү унутуп коюшту. Кийин Сени менен катар башкаларга сыйынышты жана алар бактысыздыктары себептүү кыйраган коом болушту».
تفسیرهای عربی:
فَقَدۡ كَذَّبُوكُم بِمَا تَقُولُونَ فَمَا تَسۡتَطِيعُونَ صَرۡفٗا وَلَا نَصۡرٗاۚ وَمَن يَظۡلِم مِّنكُمۡ نُذِقۡهُ عَذَابٗا كَبِيرٗا
Эй, мушриктер! Силер Аллах менен катар сыйынган кудайларыңар силердин айткан сөздөрүңөрдү жалганга чыгарышты. Эми силер өзүңөрдү азаптан коргой албайсыңар жана алсыздыгыңар үчүн өзүңөргө жардам да бере албайсыңар. Оо, ыймандуулар! Силерден ким Аллахка ширк кылып өзүнө зулумдук келтирсе, Биз айтып өткөн адамдарды азаптагандай ага да катуу азапты таттырабыз.
تفسیرهای عربی:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّآ إِنَّهُمۡ لَيَأۡكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشُونَ فِي ٱلۡأَسۡوَاقِۗ وَجَعَلۡنَا بَعۡضَكُمۡ لِبَعۡضٖ فِتۡنَةً أَتَصۡبِرُونَۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да адамзаттан гана болгон пайгамбарларды жибергенбиз. Алар да тамак жешкен, базарларда жүрүшкөн. Бул нерседе пайгамбарлардан биринчиси эмессиң. Оо, адамдар! Биз силерди байлыкта, кедейликте, саламаттыкта жана ооруда болгон айырмачылыктар себептүү бири-бириңерге сыноо кылып койдук. Силер сыноолорго сабыр кыласыңарбы? Ошондо Аллах силерге сабырдуулугуңар үчүн соопторду берет. Сенин Раббиң сабыр кылганды жана сабыр кылбаганды, моюн сунганды жана моюн сунбаганды Көрүүчү.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الجمع بين الترهيب من عذاب الله والترغيب في ثوابه.
Аллахтын азабынан коркутуу жана Анын сообуна кызыктыруу ыкмасын бирге колдонуу керек.

• متع الدنيا مُنْسِية لذكر الله.
Дүйнө жыргалчылыктары Аллахты эстөөнү унуттурат.

• بشرية الرسل نعمة من الله للناس لسهولة التعامل معهم.
Пайгамбарлардын адамзаттан болушу – Аллахтын адамдарга кылган жакшылыгы. Анткени алар менен мамиле кылуу жеңил.

• تفاوت الناس في النعم والنقم اختبار إلهي لعباده.
Жакшылыктагы жана кыйынчылыктагы адамдардын ортосундагы айырмачылыктар – Аллахтын пенделерине кылган сыноосу.

۞ وَقَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَوۡ نَرَىٰ رَبَّنَاۗ لَقَدِ ٱسۡتَكۡبَرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ وَعَتَوۡ عُتُوّٗا كَبِيرٗا
Бизге жолугууну үмүт кылбаган жана азабыбыздан коркпогон каапырлар: «Аллах бизге периштелерди түшүрүп, алар бизге Мухаммаддын чынчылдыгын айтышса же биз Раббибизди өз көзүбүз менен көрүп, Ал бизге ал тууралуу кабар берсе болбойт беле?» — деп айтышты. Алардын жан дүйнөсүндө текеберлик күч алып, ал акыры аларды ыймандан тосту жана алар бул сөздөрү менен каапырлыктын жана аша чабуучулуктун чегинен чыгып кетишти.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ يَرَوۡنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ لَا بُشۡرَىٰ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُجۡرِمِينَ وَيَقُولُونَ حِجۡرٗا مَّحۡجُورٗا
Каапырлар өлгөндө, кабырда, кайра тирилгенде, суракка жөнөшкөндө жана тозокко киришкенде периштелерди өз көздөрү менен көрүшкөн күнү, ал жайларда алар үчүн ыймандууларга болгондой сүйүнүч кабар болбойт. Периштелер аларга: «Аллахтын сүйүнүч кабары силер үчүн таптакыр арам» – дешет.
تفسیرهای عربی:
وَقَدِمۡنَآ إِلَىٰ مَا عَمِلُواْ مِنۡ عَمَلٖ فَجَعَلۡنَٰهُ هَبَآءٗ مَّنثُورًا
Биз каапырлардын бул дүйнөдө кылышкан жакшылык иштерине бет алып келдик жана аларды каапырлыктары себептүү жок кылып, пайдасыз кылганыбыз кудум терезеден кирген күндүн шооласына чагылышып көрүнгөн сапырылган чаңдай кылып салдык.
تفسیرهای عربی:
أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ يَوۡمَئِذٍ خَيۡرٞ مُّسۡتَقَرّٗا وَأَحۡسَنُ مَقِيلٗا
Ошол күнү бейишке кирген ыймандуулар ал каапырлардан эң жакшы орундарда жана дүйнөдө түшкү эс алуу убагындагыдай эң рахаттуу жайларда болушат. Бул нерсе алардын Аллахка болгон ыйманы жана жакшылык иштери үчүн болду.
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلسَّمَآءُ بِٱلۡغَمَٰمِ وَنُزِّلَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ تَنزِيلًا
Оо, пайгамбар! Асман жарылып сейрек агыш булуттар каптаган жана көп сандагы периштелер сурак майданына түшкөн күндү эстегин.
تفسیرهای عربی:
ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡحَقُّ لِلرَّحۡمَٰنِۚ وَكَانَ يَوۡمًا عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ عَسِيرٗا
Кыямат күнүндөгү өзгөрбөс чыныгы бийлик чексиз Ырайымдууга гана таандык. Ал күн каапырлар үчүн оор, ыймандуулар үчүн жеңил болот.
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ يَعَضُّ ٱلظَّالِمُ عَلَىٰ يَدَيۡهِ يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي ٱتَّخَذۡتُ مَعَ ٱلرَّسُولِ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Эстегин, ал күнү залым адам пайгамбарды ээрчибегени үчүн катуу өкүнүчтөн эки колун тиштеп: «Аттиң ай! Пайгамбар Раббиси тараптан алып келгенге ээрчип, аны менен бирге кутулуу жолуна түшсөм болмок го!» – деп айтат.
تفسیرهای عربی:
يَٰوَيۡلَتَىٰ لَيۡتَنِي لَمۡ أَتَّخِذۡ فُلَانًا خَلِيلٗا
Катуу кайгыргандан өзүнө каршы жамандык тилеп мындай деп айтат: «Шорум куругур ай! Баланча каапырды дос тутпай койсом кана?!
تفسیرهای عربی:
لَّقَدۡ أَضَلَّنِي عَنِ ٱلذِّكۡرِ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَنِيۗ وَكَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لِلۡإِنسَٰنِ خَذُولٗا
Бул каапыр досум пайгамбар аркылуу жеткен Курандан мени адаштырды». Чындыгында шайтан адамды дайым жардамсыз таштайт. Эгер анын башына кыйынчылыктар түшсө, андан баш тартып кетет.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلرَّسُولُ يَٰرَبِّ إِنَّ قَوۡمِي ٱتَّخَذُواْ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ مَهۡجُورٗا
Ошол күнү пайгамбар өз элинин абалын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мени жиберген элим бул Куранды таштап, андан баш тартышты» – деп арызданды.
تفسیرهای عربی:
وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوّٗا مِّنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ هَادِيٗا وَنَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Сен өз элиң тараптан зыяндарга жана сенин жолуңдан тосууга туш болгонуң сыяктуу Биз сенден мурунку ар бир пайгамбарга да өз элиндеги күнөөкөрлөрдөн душмандарды кылып койдук. Туура жолго салууга Раббиң Өзү жетиштүү жана Ал душманыңа каршы сага жардам берүүгө да Өзү жетиштүү!
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَا نُزِّلَ عَلَيۡهِ ٱلۡقُرۡءَانُ جُمۡلَةٗ وَٰحِدَةٗۚ كَذَٰلِكَ لِنُثَبِّتَ بِهِۦ فُؤَادَكَۖ وَرَتَّلۡنَٰهُ تَرۡتِيلٗا
Аллахка каапырлык кылгандар: «Бул Куран пайгамбарга бөлүк-бөлүк болуп түшпөй, чогу бир эле түшсө болбойт беле?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Биз Куранды биринин артынан бирин түшүрүү менен сенин жүрөгүңдү кубатташ үчүн бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк. Ошондой эле аны жеңил түшүнүп, жеңил жатташ үчүн биринин артынан экинчисин түшүрдүк.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الكفر مانع من قبول الأعمال الصالحة.
Каапырлык – жакшылык иштердин кабыл болуусуна тоскоол болот.

• خطر قرناء السوء.
Жаман досторду күтүүнүн коркунучу.

• ضرر هجر القرآن.
Куранды окубай коюунун зыяны.

• من حِكَمِ تنزيل القرآن مُفَرّقًا طمأنة النبي صلى الله عليه وسلم وتيسير فهمه وحفظه والعمل به.
Курандын бөлүк-бөлүк болуп түшүүсүнүн сырларынан – аны түшүнүүнүн, жаттоонун жана андагы келгендерди аткаруунун жеңилдиги.

وَلَا يَأۡتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَأَحۡسَنَ تَفۡسِيرًا
Оо, пайгамбар! Мушриктер сага кандай гана мисалдарды алып келишпесин, Биз сага андан да негиздүү акыйкат жоопту жана эң түшүнүктүүсүн алып келебиз.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ يُحۡشَرُونَ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ إِلَىٰ جَهَنَّمَ أُوْلَٰٓئِكَ شَرّٞ مَّكَانٗا وَأَضَلُّ سَبِيلٗا
Кыямат күнү жүздөрү менен тозокко сүйрөлүп келингендер – мына ошолор эң жаман орундагылар, анткени алардын орду тозокто. Жана алар акыйкаттан алыс жолдогулар, анткени алардын жолу каапырлык менен адашуунун жолу.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلۡنَا مَعَهُۥٓ أَخَاهُ هَٰرُونَ وَزِيرٗا
Биз Мусага Тооратты бердик жана ага жардамчы болуш үчүн бир тууганы Харунду аны менен бирге элчи кылдык.
تفسیرهای عربی:
فَقُلۡنَا ٱذۡهَبَآ إِلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَدَمَّرۡنَٰهُمۡ تَدۡمِيرٗا
Анан ал экөөсүнө: «Биздин аят-белгилерибизди жалганга чыгарган Фараонго жана анын коомуна баргыла» – деп айттык. Алар буйругубузга баш ийишип, аларга барышты. Аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырышканда аларды жалганга чыгарышты, ошондо Биз аларды тыптыйпыл кылып кыйраттык.
تفسیرهای عربی:
وَقَوۡمَ نُوحٖ لَّمَّا كَذَّبُواْ ٱلرُّسُلَ أَغۡرَقۡنَٰهُمۡ وَجَعَلۡنَٰهُمۡ لِلنَّاسِ ءَايَةٗۖ وَأَعۡتَدۡنَا لِلظَّٰلِمِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا
Качан Нухтун эли аны жалганга чыгаруу менен пайгамбарларды жалганга чыгарганда Биз аларды деңизге чөктүрүп жок кылдык. Алардын кыйроосун Биз залымдарды кырып жок кылууга кудуреттүү экенибизге далил кылдык. Жана Биз кыяматта залымдарга кыйноочу азапты даярдап койдук.
تفسیرهای عربی:
وَعَادٗا وَثَمُودَاْ وَأَصۡحَٰبَ ٱلرَّسِّ وَقُرُونَۢا بَيۡنَ ذَٰلِكَ كَثِيرٗا
Биз Худдун коому Аадды, Салихтин коому Самудду жана кудук ээлерин жок кылдык. Жана ушул үчөөсүнүн ортолорундагы көптөгөн коомдорду жок кылдык.
تفسیرهای عربی:
وَكُلّٗا ضَرَبۡنَا لَهُ ٱلۡأَمۡثَٰلَۖ وَكُلّٗا تَبَّرۡنَا تَتۡبِيرٗا
Бул кыйроого учурагандардын баарына алардан мурунку коомдордун кантип кыйрагандарын жана анын себептерин сабак алышсын деп айтып бергенбиз. Биз баарысын каапырлыктары жана баш ийбестиктери себептүү кырып жок кылдык.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ أَتَوۡاْ عَلَى ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلَّتِيٓ أُمۡطِرَتۡ مَطَرَ ٱلسَّوۡءِۚ أَفَلَمۡ يَكُونُواْ يَرَوۡنَهَاۚ بَلۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ نُشُورٗا
Сенин элиңден болгон жалганчылар Шамга баратканда бузукулук кылгандары үчүн жаза катары таш жааган Луттун коомунун шаарына келишкен эле го! Алар бул шаарды эмне болгонун көрбөй жатышабы, сабак алышпайбы? Же көздөрү бул нерселерге сокур болуп калдыбы? Жок! Бирок алар сурак берерден алдыңкы кайра тирилүүнү күтүшкөн жок.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا رَأَوۡكَ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَٰذَا ٱلَّذِي بَعَثَ ٱللَّهُ رَسُولًا
Оо, пайгамбар! Сени шылдыңдашкан жалганчылар сага жолугуп калышса сени маскара кылып шылдыңдашып мындай деп айтышат: «Аллах бизге пайгамбар кылып жиберген адам ушулбу?
تفسیرهای عربی:
إِن كَادَ لَيُضِلُّنَا عَنۡ ءَالِهَتِنَا لَوۡلَآ أَن صَبَرۡنَا عَلَيۡهَاۚ وَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ حِينَ يَرَوۡنَ ٱلۡعَذَابَ مَنۡ أَضَلُّ سَبِيلًا
Ал бизди аз жерден кудайларыбызга сыйынуудан буруп жибере жаздады. Эгер биз аларга сыйынууда сабыр кылбаганда, ал бизди өзүнүн далилдери менен буруп жибермек. Жакында алар кабырдагы жана кыяматтагы азапты өз көздөрү менен көрүшкөн кезде алардын кимиси туура жолдон көбүрөөк адашканын билишет, ал бекен же тигилер бекен? Жакында кимиси анык адашканын билишет.
تفسیرهای عربی:
أَرَءَيۡتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَٰهَهُۥ هَوَىٰهُ أَفَأَنتَ تَكُونُ عَلَيۡهِ وَكِيلًا
Оо, пайгамбар! Өзүнүн каалоосун кудай кылып, ага моюн сунган адамды көрбөйсүңбү?! Эми сен аны ыйманга келтирген жана аны каапырлыктан сактаган көзөмөлдөөчү болосуңбу?
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الكفر بالله والتكذيب بآياته سبب إهلاك الأمم.
Аллахка каапырлык кылуу, Анын аят-белгилерин жалганга чыгаруу — коомдордун кыйроосунун себеби.

• غياب الإيمان بالبعث سبب عدم الاتعاظ.
Үлгү-насаат албагандыктын себеби — кайра тирилүүгө болгон ишенимдин жоктугунан болот.

• السخرية بأهل الحق شأن الكافرين.
Акыйкат ээлерин шылдыңдоо каапырлардын кылар иши.

• خطر اتباع الهوى.
Напси каалоолорду ээрчүү кооптуу абалга алып барат.

أَمۡ تَحۡسَبُ أَنَّ أَكۡثَرَهُمۡ يَسۡمَعُونَ أَوۡ يَعۡقِلُونَۚ إِنۡ هُمۡ إِلَّا كَٱلۡأَنۡعَٰمِ بَلۡ هُمۡ أَضَلُّ سَبِيلًا
Оо, пайгамбар! Же сен Аллахка сыйынууга жана Ага моюн сунууга чакырып жаткандардын көбү сени кабыл алып угушат же далилдерге акыл жүгүртүшөт деп ойлоп жатасыңбы? Алар угууда, акыл жүгүртүүдө жана түшүнүүдө айбандарга эле окшош. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандардан да катуу адашкан.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَرَ إِلَىٰ رَبِّكَ كَيۡفَ مَدَّ ٱلظِّلَّ وَلَوۡ شَآءَ لَجَعَلَهُۥ سَاكِنٗا ثُمَّ جَعَلۡنَا ٱلشَّمۡسَ عَلَيۡهِ دَلِيلٗا
Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жер бетинде көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койгон учурдагы жаратуучулук белгилерин көрбөйсүңбү? Эгер Ал аны жылбай турган болушун кааласа, анда сөзсүз ошондой кылып коймок. Кийин Биз күндү анын узарып кыскарышына белги кылдык.
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ قَبَضۡنَٰهُ إِلَيۡنَا قَبۡضٗا يَسِيرٗا
Кийин Биз көлөкөнү күндүн көтөрүлгөнүнө жараша акырындык менен аз-аздан кыскартып жыйнайбыз.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا وَٱلنَّوۡمَ سُبَاتٗا وَجَعَلَ ٱلنَّهَارَ نُشُورٗا
Аллах силер үчүн түндү силерди жана башка нерселерди жапкан кийим сыяктуу кылды жана силер үчүн уйкуну жумуштарыңардан эс алуу кылды. Ошондой эле Ал силер үчүн күндүздү жумуштарыңарга бара турган убак кылды.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ ٱلرِّيَٰحَ بُشۡرَۢا بَيۡنَ يَدَيۡ رَحۡمَتِهِۦۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ طَهُورٗا
Жана Ал пенделерине карата ырайым болгон жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан пенделер тазалыкка колдоно турган таза жамгыр суусун түшүрдүк.
تفسیرهای عربی:
لِّنُحۡـِۧيَ بِهِۦ بَلۡدَةٗ مَّيۡتٗا وَنُسۡقِيَهُۥ مِمَّا خَلَقۡنَآ أَنۡعَٰمٗا وَأَنَاسِيَّ كَثِيرٗا
Себеби Биз ал түшкөн суу менен чөп чыкпаган кургак жерден түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, ал жерди жашылдантып тирилтебиз. Ошондой эле ал суу менен Өзүбүз жараткан көптөгөн адамдарды жана айбанаттарды сугарабыз.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَٰهُ بَيۡنَهُمۡ لِيَذَّكَّرُواْ فَأَبَىٰٓ أَكۡثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورٗا
Биз алар сабак алсын деген максатта Куранда далилдерди түр-түрү менен келтирип баяндадык. Бирок көпчүлүк адамдар акыйкатка каапырлык кылып, аны жактырбай баш тартышты.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡ شِئۡنَا لَبَعَثۡنَا فِي كُلِّ قَرۡيَةٖ نَّذِيرٗا
Эгер Биз каалаганда ар бир шаарга Аллахтын жазасын эскерткен жана андан коркуткан пайгамбар жибермекпиз. Бирок Биз муну каалаган жокпуз. Чындыгында Биз Мухаммадды гана бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жибердик.
تفسیرهای عربی:
فَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَجَٰهِدۡهُم بِهِۦ جِهَادٗا كَبِيرٗا
Андыктан каапырлардын алдамчылык менен сага койгон талаптарына жана айткан сунуштарына моюн сунба. Сен алардан көргөн зыяндарга сабыр кылып, аларды динге чакыруудагы кыйынчылыктарга чыдоо менен сага түшкөн бул Куран аркылуу алар менен катуу күрөш.
تفسیرهای عربی:
۞ وَهُوَ ٱلَّذِي مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ هَٰذَا عَذۡبٞ فُرَاتٞ وَهَٰذَا مِلۡحٌ أُجَاجٞ وَجَعَلَ بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٗا وَحِجۡرٗا مَّحۡجُورٗا
Аллах таала эки деңиздин суусун кошуп койду, алардын тузсузуна туздуусун кошту. Жана ортолоруна аларды аралаштырбай, бирин-бири бузбай, бөлүп турган тосмо кылып койду.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ مِنَ ٱلۡمَآءِ بَشَرٗا فَجَعَلَهُۥ نَسَبٗا وَصِهۡرٗاۗ وَكَانَ رَبُّكَ قَدِيرٗا
Ал эркек менен аялдын бел суусунан адамды жаратты жана Ал адамды жараткан Зат ага тууган-урукту жана куда-сөөктү кылды. Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Анын кудуреттүүлүгүнөн – инсанды эркек менен аялдын бел суусунан жаратуусу.
تفسیرهای عربی:
وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُهُمۡ وَلَا يَضُرُّهُمۡۗ وَكَانَ ٱلۡكَافِرُ عَلَىٰ رَبِّهِۦ ظَهِيرٗا
Каапырлар Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Аларга моюн сунушса пайда бере албайт, баш ийбестик кылышса зыян бере албайт. Чындыгында каапыр адам Аллах тааланын каарын келтирген иштерде шайтанды ээрчүүчү.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• انحطاط الكافر إلى مستوى دون مستوى الحيوان بسبب كفره بالله.
Каапыр адамдын Аллахка кылган каапырлыгы аны айбандардын деңгээлинен да төмөн түшүүсүнө себеп болот.

• ظاهرة الظل آية من آيات الله الدالة على قدرته.
Көлөкө пайда болуу кубулушу – Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил болгон аят-белгилерден.

• تنويع الحجج والبراهين أسلوب تربوي ناجح.
Далилдердин түрдүү болуусу – тарбиялык мааниси бар ийгиликтүү ыкма.

• الدعوة بالقرآن من صور الجهاد في سبيل الله.
Куран менен ыйманга чакыруу – Аллах жолунда күрөшүүнүн түрлөрүнөн.

وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا مُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Оо, пайгамбар! Биз сени ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып Аллахка моюн сунгандарга сүйүнүч кабарды жеткирүүчү жана каапырлык кылып, Ага баш ийбестик кылгандарга эскертүүчү кылып жибердик.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ مَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍ إِلَّا مَن شَآءَ أَن يَتَّخِذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен кабар жеткиргеним үчүн силерден акы сурабаймын. Бирок араңардан ким Аллахтын ыраазылыгына карай садака берүү жолун тандаса, анда ошондой кылсын».
تفسیرهای عربی:
وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡحَيِّ ٱلَّذِي لَا يَمُوتُ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِهِۦۚ وَكَفَىٰ بِهِۦ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرًا
Оо, пайгамбар! Бардык иштериңде эч качан өлбөгөн, түбөлүк Тирүү калуучу Аллахка таян жана Ага мактоолорду айтып аруула. Ал Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ ٱلرَّحۡمَٰنُ فَسۡـَٔلۡ بِهِۦ خَبِيرٗا
Ал асмандарды жаратты, жерди жаратты жана алардын ортосундагы нерселерди алты күндө жаратты. Андан соң Өзүнүн улуулугуна жараша Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Ал – Ырайымдуу! Оо, пайгамбар! Сен ал тууралуу Кабардардан сура! Ал Аллах бүткүл нерсени билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱسۡجُدُواْۤ لِلرَّحۡمَٰنِ قَالُواْ وَمَا ٱلرَّحۡمَٰنُ أَنَسۡجُدُ لِمَا تَأۡمُرُنَا وَزَادَهُمۡ نُفُورٗا۩
Эгерде каапырларга: «Ырайымдууга сажда кылгыла» – деп айтылса, алар: «Биз Ырайымдууга сажда кылбайбыз. Ал Ырайымдуу деген эмне? Биз аны билбейбиз, аны моюнга да албайбыз. Биз Аны тааныбасак деле сен сажда кыл десең эле сажда кыла бермек белек?» – деп айтышат. Анын Аллахка сажда кылгыла деген буйругу аларды Аллахка ыйман келтирүүдөн алыстоолорун күчөтөт.
تفسیرهای عربی:
تَبَارَكَ ٱلَّذِي جَعَلَ فِي ٱلسَّمَآءِ بُرُوجٗا وَجَعَلَ فِيهَا سِرَٰجٗا وَقَمَرٗا مُّنِيرٗا
Асманда планеталар менен топ жылдыздардын жайгашкан орундарын жараткан, асманда нур чачкан Күндү жараткан жана күн нурун чагылтып жер бетине жарык чачкан Айды жараткан Зат улуу жана берекеттүү.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ خِلۡفَةٗ لِّمَنۡ أَرَادَ أَن يَذَّكَّرَ أَوۡ أَرَادَ شُكُورٗا
Аллах Анын аят-белгилеринен үлгү-насаат алып туура жолго түшүүнү же Анын жакшылыктарына шүгүр кылууну каалагандар үчүн күн менен түндү биринин артынан бири келип алмаша турган кылып койду.
تفسیرهای عربی:
وَعِبَادُ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلَّذِينَ يَمۡشُونَ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ هَوۡنٗا وَإِذَا خَاطَبَهُمُ ٱلۡجَٰهِلُونَ قَالُواْ سَلَٰمٗا
Ал эми Ырайымдуунун ыймандуу пенделери – алар жер бетинде салабаттуулук, кичипейилдик менен басып жүрүшөт. Эгерде аларды наадандар сөзгө тартса, аларга теңелишпейт. Тескерисинче, аларга наадандык кылбастан жакшыны гана сүйлөшөт.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمۡ سُجَّدٗا وَقِيَٰمٗا
Алар түн ичинде Раббисине маңдайы менен сажда кылгандар жана Аллах үчүн тике туруп намаз окушкандар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱصۡرِفۡ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَۖ إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا
Алар Раббисине дуба кылып айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизден тозок азабын алыстат! Чындыгында тозок азабы каапыр болуп өлгөндөрдү өзүнөн куткарбайт.
تفسیرهای عربی:
إِنَّهَا سَآءَتۡ مُسۡتَقَرّٗا وَمُقَامٗا
Чындыгында ал жакта тургандар үчүн ал эң жаман орун жана ал жакта жашагандар үчүн эң жаман жай.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَنفَقُواْ لَمۡ يُسۡرِفُواْ وَلَمۡ يَقۡتُرُواْ وَكَانَ بَيۡنَ ذَٰلِكَ قَوَامٗا
Алар мал-мүлктөрүн сарпташканда ысырапчылык чекке жеткиришпейт жана өздөрү же башкалар сыяктуу аларга камсыздоосу милдеттүү болгон адамдарга сарп кылууда да сараңдык кылышпайт. Алардын сарптоосу ысырапчылык менен сараңдыктын ортосунда адилеттүү чекте болот.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الداعي إلى الله لا يطلب الجزاء من الناس.
Аллахка чакыруучу адам адамдардан акы сурабайт.

• ثبوت صفة الاستواء لله بما يليق به سبحانه وتعالى.
Аллах таала Өзүнө ылайык келгендей бийиктөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо.

• أن الرحمن اسم من أسماء الله لا يشاركه فيه أحد قط، دال على صفة من صفاته وهي الرحمة.
Чексиз Ырайымдуу – Аллахтын ысымдарынын бири. Бул ысымда Ага эч ким шериктеш болбойт. Ал Анын сыпаттарынан болгон ырайымдуулукту билдирет.

• إعانة العبد بتعاقب الليل والنهار على تدارُكِ ما فاتَهُ من الطاعة في أحدهما.
Күн менен түндүн алмак-салмак алмашып туруусу аркылуу адамга экөөнүн биринде өткөрүп жиберген ибадаттарын кийинки убакта толуктап алуусуна жардам берүү.

• من صفات عباد الرحمن التواضع والحلم، وطاعة الله عند غفلة الناس، والخوف من الله، والتزام التوسط في الإنفاق وفي غيره من الأمور.
Ырайымдуунун пенделеринин сыпаттарынан – жөнөкөйлүк, токтоолук, адамдар бейкапар жүрүшкөндө Аллахка ибадат кылуу, Аллахтан коркуу, сарптоодо жана башка иштерде адилеттүү, ортолукту кармануу.

وَٱلَّذِينَ لَا يَدۡعُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ وَلَا يَقۡتُلُونَ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَا يَزۡنُونَۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ يَلۡقَ أَثَامٗا
Алар Аллах менен катар башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт, ал эми, Аллах адам өлтүрүүчүнү, динден баш тартканды жана үй-бүлөлүү зынакорду өлтүрүүгө уруксат берген (топтогу кишилерге жазаларын берүүдө өзү билемдик эмес, шарияттын талаптарынын чегинде аткарышат). Ошондой эле алар зына кылышпайт. Кимде-ким ушул чоң күнөөлөрдү кылса, анда ал кылган күнөөсү үчүн кыямат күнү жазага туш болот.
تفسیرهای عربی:
يُضَٰعَفۡ لَهُ ٱلۡعَذَابُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَيَخۡلُدۡ فِيهِۦ مُهَانًا
Ага (жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) кыямат күнү азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана ал кордолгон абалда түбөлүк азапта калат.
تفسیرهای عربی:
إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ عَمَلٗا صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ يُبَدِّلُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِهِمۡ حَسَنَٰتٖۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Бирок ким Аллахка тообо кылса, ыйман келтирсе жана анын тообосу чын экенин билдирген жакшылык иштерди кылса, анда Аллах ошолордун кылган жамандыктарын жакшылыктарга алмаштырат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
تفسیرهای عربی:
وَمَن تَابَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَإِنَّهُۥ يَتُوبُ إِلَى ٱللَّهِ مَتَابٗا
Жана ким Аллахка тообо кылса жана ибадаттарды аткарып, күнөөлөрдү таштап тообосунун чын экенин далилдесе, анда анын тообосу кабыл кылынат.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ لَا يَشۡهَدُونَ ٱلزُّورَ وَإِذَا مَرُّواْ بِٱللَّغۡوِ مَرُّواْ كِرَامٗا
Алар күнөө кылынган жерлер жана арам көңүл ачуу жайлары сыяктуу жалгандарга катышпайт. Эгер маңызсыз жаман сөздөргө жана иштерге кез болуп калышса, анда аларга аралашпастан өз кадырын сактап өтүп кетишет.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ لَمۡ يَخِرُّواْ عَلَيۡهَا صُمّٗا وَعُمۡيَانٗا
Аларга Аллахтын угууга жана көрүүгө мүмкүн болгон аят-белгилери эскертилсе, алар угулган аяттарга кулактарын жабышпайт жана көрүлгөн аят-белгилерди көрмөксөн болушпайт.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا هَبۡ لَنَا مِنۡ أَزۡوَٰجِنَا وَذُرِّيَّٰتِنَا قُرَّةَ أَعۡيُنٖ وَٱجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِينَ إِمَامًا
Алар Раббисине кылган дубаларында айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге такыбалыгы жана акыйкатка бекемдиги менен көзүбүздү кубанткан жубайларды жана бала-чакаларды бер жана бизди акыйкатта үлгү туткан такыбаларга башчы кыл».
تفسیرهای عربی:
أُوْلَٰٓئِكَ يُجۡزَوۡنَ ٱلۡغُرۡفَةَ بِمَا صَبَرُواْ وَيُلَقَّوۡنَ فِيهَا تَحِيَّةٗ وَسَلَٰمًا
Мына ушул сыпаттагы адамдар Аллахка баш ийүүдө сабырдуулук кылышкандары үчүн бейиштин эң жогорусу болгон Фирдаустагы бийик орундар менен сыйланышат. Аларды ал жайда периштелер саламдашып тосуп алышат жана алар бардык балээлерден аман болушат.
تفسیرهای عربی:
خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ حَسُنَتۡ مُسۡتَقَرّٗا وَمُقَامٗا
Алар ал жакта түбөлүк болушат. Алар турукташкан жай жана алар жайланышкан жер кандай сонун!
تفسیرهای عربی:
قُلۡ مَا يَعۡبَؤُاْ بِكُمۡ رَبِّي لَوۡلَا دُعَآؤُكُمۡۖ فَقَدۡ كَذَّبۡتُمۡ فَسَوۡفَ يَكُونُ لِزَامَۢا
Оо, пайгамбар! Каапырлыктан кайтпаган каапырларга айт: «Раббим силердин баш ийүүңөрдөн Ага кайткан пайдага көңүл бурбайт, эгер Анын сыйынып жана сурап дуба кылган пенделери болбогондо Ал силерге көңүл бурмак эмес. Силер Раббиси тараптан пайгамбардын алып келгенин жалганга чыгардыңар. Эми жакында жалгандын жазасы силер менен бирге болот».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من صفات عباد الرحمن: البعد عن الشرك، وتجنُّب قتل الأنفس بغير حق، والبعد عن الزنى، والبعد عن الباطل، والاعتبار بآيات الله، والدعاء.
Ырайымдуунун (Аллахтын) пенделеринин сыпаттарынан – ширктен алыс болуу, өлтүрүүгө укугу болбогон адамды өлтүрүүдөн алыс болуу, зынадан жана жалгандан алыс болуу, Аллахтын аят-белгилеринен үлгү-насаат алуу, дуба кылуу.

• التوبة النصوح تقتضي ترك المعصية وفعل الطاعة.
Чыныгы тообо кылуу күнөөлөрдү таштап, ибадаттарды аткарууну талап кылат.

• الصبر سبب في دخول الفردوس الأعلى من الجنة.
Сабыр кылуу бейиштин эң жогорусу болгон Фирдауска кирүүгө себеп болот.

• غنى الله عن إيمان الكفار.
Аллах каапырлардын ыйман келтирүүсүнө муктаж эмес.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره فرقان
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن