ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره لقمان   آیه:

Лукман

از اهداف این سوره:
الأمر باتباع الحكمة التي تضمّنها القرآن، والتحذير من الإعراض عنها.
Куран өз ичине алган даанышман-сырларга (ишенип) ээрчүүгө буйруп, андан баш тартуудан тыйган.

الٓمٓ
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
تفسیرهای عربی:
تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул аяттар – даанышмандык менен сүйлөгөн китеп аяттары.
تفسیرهای عربی:
هُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّلۡمُحۡسِنِينَ
Ал Раббисинин жана Анын пенделеринин алдындагы милдеттерди аткарып жакшы иш-аракеттерди кылгандар үчүн туура жол жана ырайым.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ
Алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет жана акыреттеги кайра тирилүү, сурак берүү, сооп же жаза алуу сыяктуу нерселерге анык ишенишет.
تفسیرهای عربی:
أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар Раббиси тараптан болгон туура жолдо жана ошолор көздөгөндөрүнө жетип жана корккондорунан алыстап жеңишке жеткендер.
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشۡتَرِي لَهۡوَ ٱلۡحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Адамдардын арасында Надр ибн аль-Хариске окшогондор сабатсыздыктан улам Аллахтын дининен адамдарды алаксытыш үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү тандашат жана Аллахтын аяттарын шылдыңдап күлүшөт. Мына ушул сыпаттарга ээ адамдарга акыретте кордоочу азап бар.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا وَلَّىٰ مُسۡتَكۡبِرٗا كَأَن لَّمۡ يَسۡمَعۡهَا كَأَنَّ فِيٓ أُذُنَيۡهِ وَقۡرٗاۖ فَبَشِّرۡهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Эгерде ага Биздин аяттарыбыз окулса, аны укпагандай, кулагында дүлөйлүгү бардай аны укпастан текеберленип бурулуп кетет. Оо, пайгамбар! Ага аны күткөн кыйноочу азаптын кабарын берип кой.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلنَّعِيمِ
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта Аллах алар үчүн даярдап койгон жыргалчылыкта болушат.
تفسیرهای عربی:
خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Алар анда түбөлүк калышат. Аллах муну аларга Өзү убада кылды, мында эч кандай шек жок. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
تفسیرهای عربی:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ
Аллах таала асмандарды түркүксүз көтөрүлгөн абалда жаратты жана силерди чайпалтпасын деп Жер бетине бекем тоолорду орнотту. Ошондой эле Жер жүзүнө түрдүү жан-жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан жамгыр суусун түшүрүп, Жер бетинде ар кандай түрдөгү кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Аларды адамдар жана жаныбарлар пайдаланат.
تفسیرهای عربی:
هَٰذَا خَلۡقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Бул айтылгандар Аллахтын жараткандары. Эй, мушриктер! Кана мага көрсөткүлөчү, силер Аллахтан башка сыйынганыңар эмнелерди жаратты?! Тескерисинче заалымдар акыйкаттан анык адашууда. Анткени алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган нерселерди Раббисине шерик кылып жатышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• طاعة الله تقود إلى الفلاح في الدنيا والآخرة.
Аллахка моюн сунуу бул дүйнөдө жана акыретте ийгиликке жеткирет.

• تحريم كل ما يصد عن الصراط المستقيم من قول أو فعل.
Туура жолдон бурган бардык сөздөр жана иш-аракеттер арам болуп саналат.

• التكبر مانع من اتباع الحق.
Текеберлик акыйкатты ээрчүүдөн тосот.

• انفراد الله بالخلق، وتحدي الكفار أن تخلق آلهتهم شيئًا.
Жаратуу жалгыз Аллахка гана таандык жана каапырларга алардын кудайлары эмне жарата алат деп чакырык таштоо.

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا لُقۡمَٰنَ ٱلۡحِكۡمَةَ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِلَّهِۚ وَمَن يَشۡكُرۡ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٞ
Биз Лукманга диндеги туура түшүнүктү жана иштердин тууралыгын билүүнү бердик жана ага айттык: «Эй, Лукман! Раббиң сени Өзүнө моюн сунууга ийгилик берип кылган жакшылыгына шүгүр кыл! Кимде-ким Раббисине шүгүр кылса, чындыгында анын кылган шүгүрү өзүнө гана кайтат. Аллах анын шүгүрүнө муктаж эмес. Ал эми ким Аллахтын берген жакшылыгын четке кагып, Ага каапырлык кылса, чындыгында анын каапырлыгынын зыянын өзү тартат. Ал Аллахка эч кандай зыян бербейт. Ал жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес жана бүткүл абалда мактоого татыктуу».
تفسیرهای عربی:
وَإِذۡ قَالَ لُقۡمَٰنُ لِٱبۡنِهِۦ وَهُوَ يَعِظُهُۥ يَٰبُنَيَّ لَا تُشۡرِكۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّ ٱلشِّرۡكَ لَظُلۡمٌ عَظِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Лукман баласын жакшылыкка үндөп, жамандыктан эскертип мындай деди: «Оо, балам! Аллах менен катар башкага сыйынба! Чындыгында Аллах менен катар башка кудайларга сыйынуу – адамдын чоң зулумдугу. Анткени ал түбөлүк тозокко алып бара турган чоң күнөөнү кылды».
تفسیرهای عربی:
وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ وَهۡنًا عَلَىٰ وَهۡنٖ وَفِصَٰلُهُۥ فِي عَامَيۡنِ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيۡكَ إِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ
Биз инсанга Аллахтын алдында күнөө болбогон иште ата-энесине баш ийүүнү, аларга жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны өз курсагында кыйынчылык артынан кыйынчылык тартып көтөрдү жана аны эмчектен чыгаруу эки жыл. Биз ага айттык: «Аллах сага кылган жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кыл жана сага тарбия берген, камкордук кылган ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар, ошондо Мен ар бириңерге татыктуу сыйлыгын же жазасын берем».
تفسیرهای عربی:
وَإِن جَٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشۡرِكَ بِي مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٞ فَلَا تُطِعۡهُمَاۖ وَصَاحِبۡهُمَا فِي ٱلدُّنۡيَا مَعۡرُوفٗاۖ وَٱتَّبِعۡ سَبِيلَ مَنۡ أَنَابَ إِلَيَّۚ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Эгерде ата-энең күчкө салып сени Аллахка ширк кылдырууга болушунча аракет кылып мажбурлашса да, сен бул нерседе аларга баш ийбе! Анткени Жаратуучунун алдында күнөө болгон иште инсанга, пендеге баш ийүү жок. А, бирок дүйнөдө ал экөөсүн урматтап сыйла, мамилеңди бекемде жана жакшылык кыл! Мени жалгыз деп билген жана баш ийүү менен Мага кайткан адамдардын жолун ээрчи! Кийин кыямат күнү баарыңар Мага гана кайтасыңар. Ошондо Мен силерге бул дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын билдирем жана анын сыйлыгын же жазасын берем.
تفسیرهای عربی:
يَٰبُنَيَّ إِنَّهَآ إِن تَكُ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٖ فَتَكُن فِي صَخۡرَةٍ أَوۡ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَوۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَأۡتِ بِهَا ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ
Оо, балам! Чындыгында жакшылык же жамандык иш сары кычынын данынын салмагындай кичине болуп, эч ким көрбөгөн аска таштын ичинде болсо да, же болбосо асмандардын же Жердин кайсы жеринде болбосун, Аллах аны кыямат күнү сөзсүз алып келет жана пендеге анын сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында Аллах Баамчыл, Ага бүткүл нерселер ийне-жибине чейин белгилүү. Ал Кабардар, бүткүл нерселердин акыйкатын жана ордун билет.
تفسیرهای عربی:
يَٰبُنَيَّ أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ وَأۡمُرۡ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَٱنۡهَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَآ أَصَابَكَۖ إِنَّ ذَٰلِكَ مِنۡ عَزۡمِ ٱلۡأُمُورِ
Оо, балам! Намазды толук түрдө аткар, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар жана бул нерседе сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Чындыгында сага буйрулган бул нерселерди Аллах сенин аткарууңду буйурду жана сага бул нерседе эч кандай тандоо бербеди.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تُصَعِّرۡ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٖ
Жана текеберленип адамдардан жүзүңдү бурба! Ошондой эле жер үстүндө менменсинип керсейип баспа! Чындыгында берилген жакшылыктар менен адамдарга текеберленип, ал үчүн Аллахка шүгүр кылбай мактанып менменсинген адамдардын эч бирин Аллах жакшы көрбөйт.
تفسیرهای عربی:
وَٱقۡصِدۡ فِي مَشۡيِكَ وَٱغۡضُضۡ مِن صَوۡتِكَۚ إِنَّ أَنكَرَ ٱلۡأَصۡوَٰتِ لَصَوۡتُ ٱلۡحَمِيرِ
Шашылбастан, өтө жай да эмес салабаттуулукту көрсөтүп бир калыпта бас жана зыян бере турганчалык үнүңдү катуу чыгарба! Чындыгында үндөрдүн эң жаманы – эшектин айкырганы. Анткени анын үнү катуу чыгат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• لما فصَّل سبحانه ما يصيب الأم من جهد الحمل والوضع دلّ على مزيد برّها.
Аллах эненин кош бойлуулуктан жана төрөттөн тарткан кыйынчылыктарын баяндоо менен ага ашыкча жакшылык кылууга жол көргөздү.

• نفع الطاعة وضرر المعصية عائد على العبد.
Ибадаттын пайдасы жана күнөөнүн зыяны пенденин өзүнө кайтат.

• وجوب تعاهد الأبناء بالتربية والتعليم.
Балдарга таалим-тарбия берүүнүн милдеттүүлүгү.

• شمول الآداب في الإسلام للسلوك الفردي والجماعي.
Ислам дининдеги адептер өз ичине жеке жана коомдук жүрүм-турумдарды камтыйт.

أَلَمۡ تَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَسۡبَغَ عَلَيۡكُمۡ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةٗ وَبَاطِنَةٗۗ وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَلَا هُدٗى وَلَا كِتَٰبٖ مُّنِيرٖ
Эй, адамдар! Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге Күн, Ай, жылдыздар сыяктуу асмандардагы нерселерди пайдаланууну жеңил кылып койду. Ошондой эле силерге жан-жаныбарлар, бак-дарактар, өсүмдүктөр сыяктуу Жердеги нерселерди пайдаланууну да жеңил кылды. Жана силерге көзгө көрүнгөн сулуу келбет, келишимдүү турпат жана көзгө көрүнбөгөн акыл, илим сыяктуу Өз жакшылыктарын толук кылып берди. Мына ушундай жакшылыктарга карабастан, кээ бир адамдар эч кандай илими жок туруп, Аллахтан келген вахийге же тунук акылга же Аллах тараптан түшкөн ачык китепке таянбастан, Аллахтын жалгыз Зат экендигин кайтарып, талашып-тартышат.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ بَلۡ نَتَّبِعُ مَا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَآۚ أَوَلَوۡ كَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ يَدۡعُوهُمۡ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ
Эгер ошол Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышкандарга: «Аллах Өз элчисине түшүргөн жолго ээрчигиле!» – деп айтылса, алар: «Биз аны ээрчибейбиз, тескерисинче биз бут-кудайларыбызга сыйынган ата-бабаларыбызды ээрчийбиз» – дешет. Шайтан аларды бут-кудайларга сыйындырып адаштыруу менен кыямат күнүндөгү тозок азабына чакырып жатса дагы алар ата-бабаларын ээрчишеби?!
تفسیرهای عربی:
۞ وَمَن يُسۡلِمۡ وَجۡهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰۗ وَإِلَى ٱللَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ
Кимде-ким Аллахка чын ыкластан сыйынып, жакшылык иштерди аткарып Ага бет алса, анда ал кутулууну каалаган адам үзүлүп кетет деп коркпой турган бекем нерсени кармаптыр. Иштердин жүрүшү, акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат. Ал баарына өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
وَمَن كَفَرَ فَلَا يَحۡزُنكَ كُفۡرُهُۥٓۚ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ فَنُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, пайгамбар! Аллахка каапырлык кылгандардын каапырлыгы сени капалантпасын. Алар кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет. Ошондо Биз алардын дүйнөдө кылган жамандыктарынын кабарын угузуп, ага жазасын беребиз. Чындыгында Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү, алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
نُمَتِّعُهُمۡ قَلِيلٗا ثُمَّ نَضۡطَرُّهُمۡ إِلَىٰ عَذَابٍ غَلِيظٖ
Биз аларга дүйнө жыргалчылыктарын берип болор-болбос убакыт жыргатабыз. Кийин кыямат күнү аларды тозок азабы болгон катуу азапка салабыз.
تفسیرهای عربی:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Эгер сен мушриктерден: «Асмандарды ким жаратты, жерди ким жаратты?» – деп сурасаң: «Аларды Аллах жаратты» – дешет. Аларга айткын: «Силерге далилди ачык көргөзгөн Аллахка мактоолор болсун». Бирок алардын көпчүлүгү наадандыктары себептүү мактоого ким татыктуу экендигин билишпейт.
تفسیرهای عربی:
لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Асмандардагы жана жердеги нерселердин жаралуусу, ээлиги жана башкаруусу жалгыз Аллахка гана таандык. Чындыгында Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес, Ал бул дүйнөдө жана акыретте мактоого татыктуу.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡ أَنَّمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن شَجَرَةٍ أَقۡلَٰمٞ وَٱلۡبَحۡرُ يَمُدُّهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦ سَبۡعَةُ أَبۡحُرٖ مَّا نَفِدَتۡ كَلِمَٰتُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Эгерде жер бетиндеги дарактар кесилип, калемсап болуп учталса жана деңиз ага сыя болуп, ага дагы жети деңиз кошумча берилсе да Аллахтын сөздөрүнүн акыры жок болгону себептүү алар эч качан түгөнбөйт. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
تفسیرهای عربی:
مَّا خَلۡقُكُمۡ وَلَا بَعۡثُكُمۡ إِلَّا كَنَفۡسٖ وَٰحِدَةٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ
Эй, адамдар! Силердин жаралууңар жана кыямат күнү сурак берүү, сыйлык же жаза алуу үчүн кайра тирилүүңөр бир жанды жараткан сыяктуу, аны кайра тирилтүү оңой. Чындыгында Аллах Угуучу, бир үндү угууда ага башка үндөр тоскоолдук жаратпайт. Ал Көрүүчү, бир нерсени көрүүдө ага башка нерселер жолтоо болбойт. Ошол сыяктуу эле бир жанды жаратууда же аны кайра тирилтүүдө Аны башка жанды жаратуу же кайра тирилтүү алаксытпайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• نعم الله وسيلة لشكره والإيمان به، لا وسيلة للكفر به.
Аллахтын жакшылыктары Ага каапырлык кылууга эмес, тескерисинче Ага шүгүр кылууга жана ыйман келтирүүгө себеп болуш керек.

• خطر التقليد الأعمى، وخاصة في أمور الاعتقاد.
Сокур ээрчүнүн коркунучу, айрыкча ишенимге байланыштуу маселелерде.

• أهمية الاستسلام لله والانقياد له وإحسان العمل من أجل مرضاته.
Аллахка толук берилүүнүн, Ага баш ийүүнүн жана Анын ыраазылыгына жетиш үчүн жакшылык иштерди кылуунун маанилүүлүгү.

• عدم تناهي كلمات الله.
Аллахтын сөздөрү эч качан түгөнбөйт.

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِيٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Көрбөдүңбү, Аллах күн узак болуш үчүн түндү кыскартты жана түн узак болуш үчүн күндү кыскартты. Ошондой эле Күн менен Айдын жүрүшүн белгилеп койду. Ал экөөсү өз орбитасында белгилүү мөөнөттө айланышат. Чындыгында Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Мына ушул башкаруу жана өлчөө Аллахтын жалгыз акыйкат экенине күбө болот. Ал Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка нерселер эч кандай негизи жок жалган. Аллах гана бүткүл жаратылыштан Өз Заты, үстөмдүгү жана урматы менен Бийик. Андан бийик эч нерсе жок, Ал бардык нерседен Улук.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنۡ ءَايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Кемелер деңизде Анын мээримдүүлүгү жана жеңилдетүүсү менен сүзүп жүргөнүн көрбөдүңбү?! Эй, адамдар! Ал муну силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана мээримин билдирген керемет-белгилерин көргөзүш үчүн кылды. Чындыгында бул нерседе кыйынчылыкта сабыр кылуучулар жана жакшылыкта шүгүр кылуучулар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوۡجٞ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ فَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٖ كَفُورٖ
Качан аларды бүт тараптан тоолордой жана булуттардай толкундар ороп калганда гана алар жалгыз Аллахка чын ыкластан дуба кылып жана сыйынып жалбарышат. Качан Аллах алардын дубасына жооп берип, аларды чөгүүдөн сактап, кургактыкка чыгарса, алардын кээ бирлери ортолукту карманып, аларга милдет болгондой толук түрдө шүгүр кылышпайт, ал эми кээ бирлери Аллахтын жакшылыгын четке кагышат. Биздин керемет-белгилерибизди бардык кыянатчылар (мисалы, эгер Аллах бизди куткарса, анда сөзсүз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз деп убада кылгандар), Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылбай аларды четке каккандар гана жокко чыгарышат.
تفسیرهای عربی:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡ وَٱخۡشَوۡاْ يَوۡمٗا لَّا يَجۡزِي وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوۡلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ
Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына эч пайда келтире албаган күндүн азабынан корккула! Чындыгында Аллахтын кыямат күнүндөгү сыйлык же жаза тууралуу берген убадасы анык жана сөзсүз болот. Андыктан силерди дүйнө жашоосунун ырахаттары жана жыргалчылыктары азгырып койбосун жана шайтан силерди Аллахтын токтоолугу жана азапты кечиктирүүсү менен алдап койбосун.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡأَرۡحَامِۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسٞ مَّاذَا تَكۡسِبُ غَدٗاۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسُۢ بِأَيِّ أَرۡضٖ تَمُوتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرُۢ
Чындыгында кыяматтын качан болорун жалгыз Аллах гана билет. Ал качан кааласа жамгыр жаадырат. Жана жатындагы түйүлдүк бала же кыз экенин, бактылуу же бактысыз экенин Өзү билет. Эч бир жан эртең кандай жакшылык же жамандык кыларын билбейт. Эч бир жан кайсы жерде өлөрүн да билбейт. Мунун баарын Аллах гана билет. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү, Кабардар. Булардын эч бири Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• نقص الليل والنهار وزيادتهما وتسخير الشمس والقمر: آيات دالة على قدرة الله سبحانه، ونعمٌ تستحق الشكر.
Түн менен күндүн узарышы жана кыскарышы, Күн менен Айдын кызмат кылуусу – Аллахтын кудуреттүүлүгүн билдирген керемет-белгилерден жана шүгүр кылууну талап кылган жакшылыктардан.

• الصبر والشكر وسيلتان للاعتبار بآيات الله.
Сабырдуулук жана шүгүр кылуу – Аллахтын керемет-белгилеринен ибарат алууга себеп болот.

• الخوف من القيامة يقي من الاغترار بالدنيا، ومن الخضوع لوساوس الشياطين.
Кыяматтан коркуу дүйнөгө азгырылуудан жана шайтандын азгырыктарын ээрчүдөн сактайт.

• إحاطة علم الله بالغيب كله.
Аллах кайыптын баарын билет.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره لقمان
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن