ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (12) سوره: سوره نساء
۞ وَلَكُمۡ نِصۡفُ مَا تَرَكَ أَزۡوَٰجُكُمۡ إِن لَّمۡ يَكُن لَّهُنَّ وَلَدٞۚ فَإِن كَانَ لَهُنَّ وَلَدٞ فَلَكُمُ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكۡنَۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصِينَ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٖۚ وَلَهُنَّ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكۡتُمۡ إِن لَّمۡ يَكُن لَّكُمۡ وَلَدٞۚ فَإِن كَانَ لَكُمۡ وَلَدٞ فَلَهُنَّ ٱلثُّمُنُ مِمَّا تَرَكۡتُمۚ مِّنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ تُوصُونَ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٖۗ وَإِن كَانَ رَجُلٞ يُورَثُ كَلَٰلَةً أَوِ ٱمۡرَأَةٞ وَلَهُۥٓ أَخٌ أَوۡ أُخۡتٞ فَلِكُلِّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا ٱلسُّدُسُۚ فَإِن كَانُوٓاْ أَكۡثَرَ مِن ذَٰلِكَ فَهُمۡ شُرَكَآءُ فِي ٱلثُّلُثِۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصَىٰ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٍ غَيۡرَ مُضَآرّٖۚ وَصِيَّةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٞ
Оо, күйөөлөр, эгер аялыңардын силерден же башкадан перзенти болбосо, андан калган мурастын тең жарымы силерге тишелүү. А эгер, алардын эркекпи, кызбы, иши кылып перзенти болсо, анда калган мүлктөн силерге төрттөн бири гана тиет. Бул үлүш качан ал аял мурасты осуят кылып жана анын карыздары төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эй, күйөөлөр, эгер силердин балаңар болбосо, силерден калган мүлктөн аялдарыңарга төрттөн бири тиешелүү болот. А эгер балаңар болсо, анда аялдарыңарга сегизден бири тиет. Бул үлүш качан силер мурасты осуят кылып жана силердин карызыңар төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эгер каза болгон эркектин же аялдын ата-энеси да, бала-чакасы да жок болсо, бирок эне тараптан бир эркек же ургаачы бир тууганы болсо, калган мүлктөн ага алтыдан бири милдеттүү түрдө берилет. Эгер ал туугандар бирден көп болсо, алардын баары калган мүлктүн үчтөн бирине шериктеш болуп бөлүп алышат. Бөлүшүүдө эркек, ургаачысы бирдей. Бул үлүшүн да алар маркумдун осятынан жана карызы төлөнгөндөн кийин бөлүп алышат. Себеби, осят кылган мурасы мал-мүлкүнүн үчтөн биринен көп болуп калып, мураскорлордун бирине залым болуп калуусу мүмкүн. Мына ушул аятта айтылган мурас бөлүштүрүү өкүмү Аллахтын силерге милдет кылган келишим-буйругу. Аллах Таала пенделерине бул дүйнөдө да,акыретте да эмне пайдалуу экенин Билүүчү, күнөөкөрлөрдү жазалоого шашылбаган Жумшак пейил.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• لا تقسم الأموال بين الورثة حتى يقضى ما على الميت من دين، ويخرج منها وصيته التي لا يجوز أن تتجاوز ثلث ماله.
Маркумдун малынын үчтөн биринен ашпаган мурасы бөлүнүп, анан анын карыздары төлөнгөндөн кийин гана мурас бөлүштүрүлөт

• التحذير من التهاون في قسمة المواريث؛ لأنها عهد الله ووصيته لعباده المؤمنين؛ فلا يجوز تركها أو التهاون فيها.
Мурас бул Аллах Таала пенделерине буйруган келишим-осуят, ага көңүл кош мамиле кылуу же такыр аткарбай коюу чоң күнөө

• من علامات الإيمان امتثال أوامر الله، وتعظيم نواهيه، والوقوف عند حدوده.
Аллахтын буйруктарын аткаруу, тыйганынан тыйылуу, чектерин сактоо - бул, ыйман күчүнүн белгиси

• من عدل الله تعالى وحكمته أن من أطاعه وعده بأعظم الثواب، ومن عصاه وتعدى حدوده توعده بأعظم العقاب.
Баш ийген адамга чоң соопту, күнөөкөр, чегинен чыккан адамга катуу азапты убада кылганы, бул Аллахтын Адилдиги жана Даанышмандыгы

 
ترجمهٔ معانی آیه: (12) سوره: سوره نساء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن